БУУнун Кыргыз Республикасындагы түзүмдөрү

ФАО
ФАО - ачкачылыкка каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттердин башында турган БУУнун адистештирилген мекемеси. Биздин максат – азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү жана калкка жогорку сапаттагы азыктарды үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) социалдык адилеттүүлүктү жана эл аралык деңгээлде таанылган адам укуктарын жана эмгектик укуктарды өнүктүрүү менен алектенет жана жалпы жана бекем тынчтык үчүн зарыл болгон социалдык адилеттүүлүктөн турган негизги миссиясын аткарууга умтулат.
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюм гумандуу жана ырааттуу миграция мигранттарга жана коомго пайда алып келет деген принципти карманат. Миграция боюнча алдыңкы эл аралык уюм катары биз эл аралык деңгээлде шериктештерибиз менен кызматташабыз.
ГИКК
Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы бир БУУ мекемесинин мүмкүнчүлүгүнүн же мандатынын чегинен чыккан гуманитардык кризис шарттарында БУУ көрсөткөн жардамдарды координациялайт.
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын кеңсеси БУУнун адам укуктарын камсыз кылуу боюнча аракеттерин координациялайт жана Адам укуктары боюнча кеңештин катчылыгынын милдетин аткарат.
БУУнун Аялдар түзүмү
«БУУ-аялдар» - бул гендердик теңдик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери менен алектенген БУУнун түзүмү.
ЮНЭЙДС
БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы коомдук саламаттыкты сактоого келтирген коркунуч катары СПИДке каршы эл аралык чараларды координациялайт жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында аны 2030-жылга чейин толук түрдө жеңүүнү көздөйт.
БУУӨП
БУУнун Өнүктүрүү программасы 177 өлкөдө жана аймакта иш алып барат жана ишмердүүлүгүн үч негизги тармакта жүзөгө ашырат: туруктуу өнүктүрүү, демократиялык башкаруу, климат жана табигый кырсыктарга туруштук берүү.
ЮНЕСКО
ЮНЕСКО тынчтыкты чыңдоого, жакырчылыкты жоюуга, туруктуу өнүктүрүүгө жана билим берүүнү, илимди, маданиятты, коммуникацияны жана маалыматты өнүктүрүү менен маданияттар аралык мамилени чыңдоого көмөк көрсөтөт.
ЮНФПА
БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду ар бир кош бойлуулук кубаныч алып келген, ар бир бала коопсуздукта төрөлгөн, ал эми ар бир жаштын потенциалы жүзөгө ашкан дүйнөнү жаратуу боюнча БУУнун негизги агентствосу болуп саналат.
БУУ КЖКБ
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын аракети бүткүл дүйнөдө качкындарды коргоо жана алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча эл аралык аракеттерди координациялоону камтыйт.
ЮНИСЕФ
ЮНИСЕФ балдардын өмүрүн сактоо, алардын укуктарын коргоо жана эрте жаштан баштап өспүрүм куракка чейин алардын потенциалын жүзөгө ашырууга жардам берүү үчүн 190дон ашык өлкөдө жана аймакта иш алып барат.
ЮНИДО
БУУнун Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюму жакырчылыкты жоюу үчүн баарын камтыган жана туруктуу өнөр-жайды өнүктүрүүгө салым кошот.
БУУ БКБ
БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы мыйзамсыз баңгизат жана эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө дүйнөлүк лидер болуп саналат. БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жергиликтүү бөлүмдөрдүн кеңири тармагы аркылуу дүйнөнүн бардык аймактарында иштейт.
БУУ Ыктыярчылары
Биз БУУ мекемелеринин өнүктүрүү программаларында жана тынчтыкты колдоо боюнча операцияларда иштөө үчүн ыктыярчыларды мобилизациялайбыз.
ДАТП
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы – өмүрлөрдү сактаган жана аларды өзгөрткөн, өзгөчө абалдарда азык-түлүк жардамын көрсөткөн жана тамактанууну жакшыртуу жана тышкы таасирлерге туруктуулукту жогорулатуу максатында коомчулуктар менен иш алып барган алдыңкы гуманитардык уюм.
ДССУ
Биз бүткүл дүйнөдөгү элдер үчүн мыкты, саламыттыкты бекемдеген келечек курабыз.