Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча ишибиз

БУУ Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарын кантип колдоп жатат

БУУ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн биргеликте иштешүүдө. Бул максаттар биз дуушар болгон глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө, анын ичинде жакырчылык, теңсиздик, климаттын өзгөрүүсү, айлана чөйрөнүн абалынын начарлоосу, өнүгүүнүн жоктугу, ошондой эле тынчтык жана ар бир адам үчүн адилеттүүлүккө байланышкан көйгөйлөргө багытталган. Максаттар бири бири менен байланышкан. Бир да адамды артта калтырбоо үчүн биргеликте аракет кылуу маанилүү.

Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет. 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.