3 Туруктуу өнүгүү максаты

Жакшы ден соолук жана бакубаттуулук

Дени сак жашоо мүнөзүн камсыздоо жана бардык курактагы ар бир адамдын бакубаттуулугу үчүн көмөктөшүү.

3

3 - Туруктуу Өнүгүү Максаты

3.1 2030-жылга чейин ымыркайлардын жана 5 жашка чейинки балдар арасында алдын алына турган өлүмдөрдү жокко чыгаруу. Бардык өлкөлөр жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн 1000 төрөлгөндөрдүн арасынан 12ден аштырбаганга жана жана 5 жашка чейинкилер арасында 1000дин ичинен 25тен аштырбаганга аракет кылуусу керек;

3.2 2030-жылга чейин көңүл бурулбай жаткан СПИД, кургак учук, безгек жана тропикалык оорулардын эпидемиясын токтотуп, гепатит, суу аркылуу жугуучу жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүнү камсыз кылуу;

3.3 2030-жылга чейин, психикалык ден-соолукту жана бакубат жашоону бекемдөө, калыбына келтирүү жана сактоо аркылуу жугуштуу эмес оорулардын мезгилсиз өлүмүнүн үчтөн бирин кыскартуу;

3.4 Баңги затка жана алкоголго көз карандылыкты ошону менен бирге, баңги затты жана алкоголдук ичимдиктерди кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууну жана дарылоону жакшыртуу;

3.5 2020-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча жол кырсыгынан каза болгондордун жана жаракат алгандардын санын эки эсе кыскартуу;

3.6 2030-жылга чейин, сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыкты сактоо кызматтарына, анын ичинде үй-бүлөнү пландоо, маалымат жана били]м берүү, ошондой эле репродуктивдик ден-соолукту коргоо боюнча маселелерди эске алуу кызматтарын улуттук стратегияга жана программаларга киргизүү;

3.7 Каржылык тобокелдиктен коргоону, бардыгына бирдей болгон сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана баарына коопсуз, натыйжалуу, сапаттуу жана арзан дары-дармектерди жана вакциналарды камтыган саламаттыкты сактоо кызматтарын камсыз кылуу;

3.8 2030-жылга чейин, зыяндуу химиялык заттардын таасиринен жана абанын, суунун жана топурактын булгануусунан жана уулануусунан болгон өлүмдөрдүн жана оорулардын санын азайтуу;

3.9 Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Тамеки менен күрөшүү боюнча Алкактык конвенциясын бардык өлкөлөрдө жүзөгө ашырууну зарылдыгына жараша күчөтүү;

3.10 Биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасирин тийгизүүчү жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы вакциналарды жана дары-дармектерди изилдөө жана иштеп чыгууну илгерилетүү, “ТРИПС келишими жана калктын саламаттыгы жөнүндө” Доха декларациясына ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеткиликтүү маанилүү дары-дармектердин жана вакциналардын болушун камсыз кылуу укугу бар экендиги тастыкталган, интеллектуалдык менчик укуктарынын соода-сатык аспектилери жөнүндө Макулдашуунун калктын саламаттыгын коргоонун ийкемдүүлүгүнө жана, айрыкча, баарына дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга байланыштуу жоболорун толук пайдалануу;

3.11 Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, айрыкча өнүкпөгөн өлкөлөрдө жана чакан арал өнүккөн мамлекеттерде саламаттыкты сактоону каржылоону жана медициналык кызматкерлерди жалдоону, жакшыртууну, окутууну жана кармап турууну бир кыйла жогорулатуу;

3.12 Бардык өлкөлөрдүн, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, эртелеп эскертүү, тобокелдиктерди азайтуу жана саламаттык сактоонун улуттук жана глобалдык тобокелдиктерин башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү.

Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.

2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.