Sustainable Development Goal
16

Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар

Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыктарында социалдык тоскоолдуктардан тынчтыкка умтулган жана эркин коомду түзүүгө көмөктөшүү, бардыгы үчүн адилеттүү сотко болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана бардык деңгээлдерде натыйжалуу, отчеттуу мекемелерди түзүү.

16 - Туруктуу Өнүгүү Максаты

16.1 Зомбулуктун баардык түрүнүн жайылуусун олуттуу кыскартуу жана бул көрүнүш боюнча өлүм санынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү;

16.2 Балдарга карата мазактоону, эксплуатацияны, сатууну жана зомбулуктун, кыйноонун бардык түрлөрүн токтотуу;

16.3 Улуттук жана эл аралык деңгээлде укуктун үстөмдүгүнө көмөк көрсөтүү жана баарына бирдей адилеттүүлүктү камсыз кылуу;

16.4 2030-жылга чейин мыйзамсыз каражаттардын агымын жана курал-жарактын агымын олуттуу төмөндөтүү, уурдалган активдерди табуу жана кайтаруу боюнча ишмердикти активдештирүү жана уюшкан кылмыштуулуктун бардык түрүнө каршы күрөш жүргүзүү;

16.5 Коррупциянын жана паракорчулуктун бардык түрүнүн көлөмүн олуттуу азайтуу;

16.6 Бардык деңгээлдеги натыйжалуу, эсеп берүүчү жана ачык-айкын ишканаларды түзүү;

16.7 Коомчулуктун бардык катмарларынын катышуусу менен бардык деңгээлде репрезентативдик органдардын жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуусун камсыз кылуу;

16.8 Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жалпы жөнгө салуу органдарынын ишмердигине катышуусун кеңейтүү жана активдештирүү;

16.9 2030-жылга чейин бардык адамдарда мыйзамдуу өздүгүн тактаган күбөлүктөрдүн, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн болуусун камсыз кылуу;

16.10 Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык, коомчулуктун маалыматтарга ээ болуусун камсыз кылуу жана негизги эркиндиктерин коргоо;

16.A Зомбулуктун алдын алууда, терроризм жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бардык деңгээлдердин, көбүнчө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн потенциалын өстүрүү максатында тийиштүү улуттук мекемелерди чыңдоо, анын ичинде эл аралык кызматташтыктын натыйжасында чыңдоо;

16.B Туруктуу өнүктүрүүнүн кызыкчылыгы үчун дискриминациялык эмес мыйзамдарды жана саясатты демилгелөө жана кабыл алдыруу.