Кыргыз Республикасындагы жарансыздык: Улуттук мыйзамдарга талдоо
Кымбаттуу окурман,
Адам укуктарынын жалпы декларациясы «Ар бир адам жарандуулукка укуктуу Эч ким өзүм билемдик менен жарандыгынан же жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес» деп ырастайт. Бирок дүйнө жүзү боюнча көп миллиондогон адамдар эч бир мамлекеттин жараны катары таанылбагандыктан, негизги адам укуктарынан ажыратылгандыгы ачуу чындык – алар жарандыгы жок адамдар болуп саналат. Жарандыгы жок адамдар коомдун эң аялуу катмарларынын бири болуп саналат жана туруктуу өнүгүү процессинде артта калуу коркунучуна дуушар болушат.
Жарандыкты мамлекеттер гана берип же тастыктай алат эмеспи, ошондуктан жарансыздыкты болтурбоо жана азайтуу маселесинде алардын кызматташтыгы чечүүчү мааниге ээ. Ушул жыйнактын аягында берилген эки универсалдуу келишим бул чөйрөдөгү алдыңкы тажрыйба менен эл аралык тилектештикти жөнгө салат, алар: 1954-жылы кабыл алынган «Апатриддердин макамы жөнүндө» конвенция жана 1961-жылы кабыл алынган «Жарансыздыкты азайтуу жөнүндө» конвенция. 2021-жылы 1961-жылдагы Конвенциянын кабыл алынганына 60 жыл толгондуктан, Бириккен Улуттар Уюмуна1 мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү бул Конвенциялардын жапырт колдонулушу бир муун жашаган мезгил ичинде эле жарансыздыкты жок кылууга шарт түзөөрүн түшүнүү менен эки конвенцияга тең катышууда.
Убагында Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссар, азыр БУУнун Башкы катчысы болгон Антониу Гутерриш 2014-жылы мамлекеттер менен биргелешип жарансыздыкты жоюу боюнча #IBelong 10 жылдык глобалдык кампаниясын баштаганда дал ушул максатты көздөй тургандыгын жарыялаган эле.
БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарандыгы жок адамдарды аныктоо, жарансыздыкты болтурбоо жана азайтуу боюнча берилген мандатына ылайык, дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр, парламенттер, бийлик органдары жана жарандык коом менен жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана коргоо, жарансыздык боюнча учурдагы жагдайларды чечүү жана ушул сыяктуу жаңы учурлардын пайда болушун болтурбоо максатында иш алып барат.
2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУ КЖКБ жана анын жарандык коомдогу өнөктөштөрү менен биргеликте өлкөдөгү жарансыздык көйгөйүн чечүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. 2007-жылы кабыл алынган жарандык жөнүндөгү прогрессивдүү мыйзам жарансыздыкты азайтууга бир нече мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, Кыргыз Республикасы менен байланышын далилдей ала турган жарандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн жарандык алуу жол-жоболорун ишке киргизген. Кийинки кабыл алынган түзөтүүлөр жарандыкты алуу боюнча критерийлерди кеңейтип, жарансыздыкты азайтууга кыйла көмөкчү болду.
2007 жана 2008-жылдары БУУ КЖКБ демилгелеген изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Улуттук конференцияларды өткөрүп туруу жана Жарансыздыкты болтурбоо жана азайтуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын кабыл алуу жолу менен жарансыздык көйгөйүн чечүү максатында ведомстволор аралык процессти жөнгө салды.
Ушул иш-аракеттердин натыйжасында 2009-2012-жылдар аралыгында 45000ден ашуун адам СССРдин эски паспортторун Кыргыз Республикасынын паспортторуна алмаштырууга мүмкүндүк алып, ал эми жарандыгы жок 2000ге жакын адам жарандык алуу жол-жоболорунан
өткөн.
#IBelong кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасы 2019-жылга карата БУУ КЖКБ жана анын өнөктөш уюмдарынын колдоосу менен 13700дөн ашуун жарандыгы жок адамды, анын ичинде 2000ден ашуун баланы аныктап, аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алууга, Кыргызстандын жарандыгын тастыктоого же алууга жардам көрсөткөн.
2019-жылы Кыргыз Республикасы жарансыздыктын бардык белгилүү учурларына байланышкан маселелерди чечкен дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды. «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин директору Азизбек Ашуров өкмөттүн бул натыйжага жетүүсүнө колдоо көрсөтүү ишинде маанилүү роль ойноп, буга байланыштуу 2019-жылы качкындарды коргоо жаатындагы эмгеги үчүн Нансен сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Мындай жетишкендикти улай эле 2019-жылдын октябрында #IBelong кампаниясынын орто мезгилин белгилеген Жарансыздык маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргыз Республикасы жаңыдан аныкталган учурларды чечүү жана жарансыздык учуру кайра кайталанышын болтурбоо боюнча өзүнө төрт милдеттенме алган:
• 2020-жылдын аягына чейин жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын аныктоо жөнүндө жобону кабыл алуу;
• 2020-жылдын аягына чейин туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок балдарга тийиштүү күбөлүктөрдү берүү;
• Кыргыз Республикасында төрөлгөн ар бир баланын туулгандыгын каттоону камсыздоо үчүн туулгандыгын каттоо жаатындагы улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү;
• 1954 жана 1961-жылдардагы Жарансыздык жөнүндө конвенцияларга кошулган мамлекеттердин тажрыйбаларын изилдеп-үйрөнүү.
Жарандыгы жок учурлардын кайталанышын болтурбоонун, анын ичинде ушул төрт милдетти аткаруунун аркасында болтурбоонун зарылдыгы Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдардын саны 2019-жылдын аягындагы 10 адамдан 2022-жылдын акырына карата дээрлик 200гө чейин көбөйгөн фактыга байланыштуу болуп саналат.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Грузиянын жарансыздык боюнча эки Конвенцияга кошулгандан кийинки жарансыздык маселелерин чечүү жаатындагы тажрыйбасын изилдеп-үйрөнүү максатында барып келишкен.
2023-жылдын жазында Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарды ар бир баланын, анын ичинде ата-энесинин документтери же жарандыгы жок болгон, ошондон улам буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албаган балдардын да туулгандыгын каттоону камсыздоо боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытындагы ишин улантты. Ал гана эмес, жарандыгы жок адамды аныктоо иши да 1954-жылдагы Апатриддердин макамы жөнүндө конвенцияда бекитилген аныктамага шайкеш келтирилип, жарандыктан чыккан мезгилде жарансыздыктан коргоонун атайын чаралары ишке киргизилген.
Улуттук мыйзамдарга 2023-жылы киргизилет деп күтүлүп жаткан өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасы 1954-жылдагы Конвенциянын стандарттарына ылайык жарандыгы жок адамды аныктоо жол- жоболорун ишке киргизилишин карайт. Бул өзгөртүүлөр мыйзамдарга киргизилээри менен Кыргыз Республикасы 2019-жылдын октябрында өзүнө алган төрт милдеттенменин бардыгын ийгиликтүү ишке ашырды деп гана эсептебестен, #IBelong кампаниясынын бардык максаттарына жетүү жолунда ийгиликтүү кадамдап келе жатат деп белгилесе болот.
БУУ КЖКБ мындай оң өзгөртүүлөргө колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанат. Ушул жарыяланмада көрсөтүлгөндөй (экинчи жарыяланма, 2022-жылдын апрелинде жарык көргөн биринчи салыштырма талдоонун жаңыланган басылмасы), жарансыздык боюнча
эки конвенциянын эл аралык стандарттарына толугу менен шайкеш келтирүү үчүн мыйзамдар менен практиканы жакшыртуу боюнча болгону бир нече гана чара көрүү талап кылынат.
БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын жарансыздык боюнча эки конвенцияга кошулган өлкөлөрдүн өсүп жаткан санына кошулуу аркылуу жарансыздыкты азайтуу жана болтурбоо маселелери боюнча региондогу лидерлигин колдон чыгарбашы үчүн ага колдоо көрсөтүүнү улантууга милдеттенет.
Бул маанилүү жыйнакты кыргыз, орус жана англис тилдеринде басып чыгарууга шарт түзгөн бардык кесиптештерге жана эксперттерге, котормочуларга жана корректорлорго ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Анда камтылган корутундулар жана сунуштамалар Кыргыз Республикасында жарансыздыкты азайтуу жана болтурбоо, ошондой эле жарандыгы жок адамдарды коргоо жаатындагы туруктуу прогресске өбөлгө болот деп ишенем. БУУ КЖКБ #IBelong глобалдык кампаниясынын милдеттерин аткарууну жана «Эч кимди четте калтырбоо» принцибине негизделген 2030-жылга чейинки Күн тартибинин алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүү ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Парламентине жана бийлигине колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр.
Ханс Фридрих Шоддер
БУУнун Качкындардын иштери боюнча
Жогорку Комиссарынын өкүлү
2023-жылдын май айы