Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2014-2020
2015-жылдын сентябрь айында дүйнөлүк лидерлер Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхый саммитинде глобалдык иш-аракеттер планын кабыл алышкан: Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби.
Туруктуу өнүгүү максаттары - кедей, бай жана орто деңгээлде өнүккөн бардык өлкөлөрдүн аракеттерине чакырык болуп саналат. Ал планетабыздын жыргалчылыгын жакшыртууга жана коргоого багытталган. Мамлекеттер кедейчиликти жоюу боюнча иш-чаралар экономикалык өсүштү күчөтүүгө жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган аракеттер менен катар эле кабыл алынышы керектигин түшүнүшөт. Алынган милдеттенмелерге ылайык, кийинки 10 жылдын ичинде өлкөлөр кедейчиликтин бардык түрлөрүн түп-тамырынан жок кылуу, теңсиздикке каршы күрөшүү жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин күчөтүшөт жана эч ким унутулуп калбас үчүн камсыздашат. «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: Күн тартиби 2030» жыйынтыктоо документи 17 глобалдык максаттарды, 169 тиешелүү милдеттерди жана 232 көрсөткүчтөрдү камтыйт.
Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер менен катар, глобалдуу ТӨМгө жетишүүгө көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле ТӨМгө жетишүүнүн индикаторлорун көзөмөлдөп турууга өзүнө милдет алды. Ошентип, 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө Күн тартиби 2030 кабыл алынган Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетишүүгө аракет кылат.
Улутстатком Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө мониторинг жүргүзүү, ишке ашыруу жана адаптациялоо боюнча Координациялык комитеттин мүчөсү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жүрүшү боюнча Улуттук мазмунду даярдоо боюнча «Мониторинг жүргүзүү жана баалоо» жумушчу тобунун жетектөөчү органы катары, ошондой эле расмий статистиканын Фундаменталдык принциптерине ылайык өндүрүлгөн салыштырмалуу жана стандартташтырылган расмий статистиканын негизинде ТӨМ глобалдык көрсөткүчтөрүн чогултуу жөнүндө БУУнун Статистикалык Комиссиясынын 47-сессиясынын чечимине ылайык, ТӨМгө байланыштуу маалыматтарды чогултуу жана далилдөө иш-аракеттерин жетектөө жана көзөмөлдөө укугуна ээ.
2017-жылы Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдык көрсөткүчтөрүн ыңгайлаштыруу максатында, улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен ТӨМдүн максаттуу индикаторлорун инвентаризациялоо жүргүзүлгөн. 232 глобалдык индикаторлордун ичинен 140 индикатор боюнча иштеп чыгуу учурунда, милдеттерге карата улуттук аналог-көрсөткүчтөр иштелип чыккан жана ТӨМгө жетишүүгө мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган, милдеттерге карата 157 кошумча улуттук аналог-көрсөткүчтөр иштелип чыккан.
ТӨМ глобалдык көрсөткүчтөрүнүн жеткиликтүүлүгү. Статистикалык потенциалды баалоо, Кыргызстан тез арада 102 көрсөткүч боюнча, же ТӨМ глобалдык көрсөткүчтөрүнүн 50 пайызы боюнча, отчет берүүгө даяр экендигин көрсөттү. 102 жеткиликтүү жана оңой жете турган көрсөткүчтөрдүн ичинен 78 көрсөткүч (76 пайыз) УСК тарабынан жүргүзүлөт, 24 көрсөткүч (24 пайыз) министрликтер менен ведомстволор, жана 3 көрсөткүч (3 пайыз) УСК менен чогуу министрликтер менен ведомстволор тарабынан жүргүзүлүүдө.
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2014-2020 (англисче)
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2014-2020 (кыргызча)
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2014-2020 (орусча)
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2014-2020 (орусча) (толук отчет)