Sustainable Development Goal
9

Индустриялаштыруу, инновация жана инфраструктура

Шаарларды жана калктуу конуштарды инклюзивдүү , коопсуз жана туруктуу кылуу.

9 - Туруктуу Өнүгүү Максаты

9.1 Бардыгына жеткиликтүү жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга басым жасап, экономикалык өнүгүүнү жана адамдардын жыргалчылыгын колдоо үчүн регионалдык жана чек ара инфраструктурасын кошо алганда, сапаттуу, ишенимдүү, туруктуу жана бекем инфраструктураны иштеп чыгуу;

9.2 Кеңири жана туруктуу индустриялаштырууга көмөктөшүү жана 2030-жылга чейин өнөр жай иш менен камсыздоону жана ички дүң өнүмдөгү өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшүн улуттук шарттарга ылайык бир кыйла көбөйтүү жана начар өнүккөн өлкөлөрдө эки эсе көбөйтүү;

9.3 Чакан өнөр жай тармагынын жана башка ишканалардын, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, жеткиликтүү насыяны кошо алганда, каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана алардын өндүрүш-тиричилик чынжырлары менен базарларга интеграцияланышын күчөтүү;

9.4 2030-жылга чейин инфраструктураны модернизациялоо жана өнөр жай ишканаларын ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана таза жана экологиялык жактан таза технологияларды жана өнөр жай процесстерин кеңейтүү аркылуу туруктуу кылуу үчүн, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен кайра жабдуу;

9.5 Бардык өлкөлөрдө, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, изилдөө иштерин күчөтүү, өнөр жай тармактарынын технологиялык потенциалын көтөрүү, анын ичинде инновацияларды стимулдаштыруу менен жана 2030-жылга чейин 1 миллион адамга эсептелген Илимий-изилдөө жана иштеп чыгуу иштериндеги кызматкерлеринин санын көбөйтүү, ошондой эле Илимий-изилдөө жана иштеп чыгуу иштерине мамлекеттик жана жеке чыгымдарды көбөйтүү;

9.A Африка өлкөлөрүнө, өнүкпөгөн өлкөлөргө, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жана өнүгүп келе жаткан чакан арал мамлекеттерге каржылык, технологиялык жана техникалык колдоону жогорулатуу аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө инфраструктуранын бекем жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү;

9.B Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ата мекендик технологиялардын өнүгүүсүн, изилдөөлөрүн жана инновацияларын, анын ичинде өнөр жай тармагын диверсификациялоого жана баштапкы тармактарда кошумча наркты жогорулатууга ыңгайлуу саясий чөйрөнү түзүү жолу менен колдоо;

9.C Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүктү бир кыйла кеңейтүү жана 2020-жылга чейин өнүкпөгөн өлкөлөрдө Интернетке жалпы жана жеткиликтүү жетүү үчүн аракет кылуу.