2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында туруктуу азык-түлүк системаларын жайылтуу программасы
Бул программа "Кыргыз Республикасынын туруктуу тутумдары: инновациялык чечимдер, жашыл экономиканы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо аркылуу" аттуу улуттук диалогдордун жыйынтыгында түзүлдү. Бишкекте 2021-жылдын 8-июлунда жогорку деңгээлдеги форум Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун, илимий жана жаштар коомчулугунун, бизнес структураларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Буга чейин беш диалог өткөрүлгөн: регионалдык Бишкек жана Ош шаарларында, академиялык - К.И. Скрябин атындагы КУАУде, көзкарандысыз - бизнес жана жаштар менен.
Өткөн диалогдордо катышуучулар талкуу сессияларына бөлүнүп, азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн жана натыйжада алардын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө таасир этүүчү климаттык шарттардын өзгөрүшүн, социалдык абалдын начарлашын белгилешти, адамдардын продукциянын коопсуздугуна таасир этүүчү көйгөйлөр (бузулган жерлерде химиялык жер семирткичтерди өстүрүү), аянттардын азайышы, туура эмес сактоонун жана ташуунун натыйжасында азык-түлүк продукцияларынын бузулушу, башкаруу тутумунун сапатсыздыгы жана лабораториялык шаймандардын жана камсыздоосунун деңгээли төмөн.
Улуттук жана көзкарандысыз диалогдор Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координаторунун кеңсеси, ошондой эле айыл чарба жаатындагы долбоорлорду каржылаган БУУ агенттиктери - IFAD, FAO, WFP тарабынан колдоого алынды. Иш-чаралар кызыкдар тараптардын көз караштарын бириктирип, "балансташкан өндүрүш - акылга сыярлык керектөө" чечимдерин издөөнүн дагы бир кадамын жасады.
Маалымдама:
Азык-түлүк системалары саммити БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн жана ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү жана 17 Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн азык-түлүк системаларын өзгөртүү максатында уюштурулду.