Sustainable Development Goal
2

Ачкачылыкты жоюу

Ачкачылыкты жеӊүү, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, тамактанууну жакшыртуу жана айыл чарбасын туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү.

2 - Туруктуу Өнүгүү Максаты

2.1 2030-жылга чейин ачарчылыкты жоюу жана баарын, айрыкча аз камсыз болгондорду жана калктын аярлуу катмарын, анын ичинде жаш балдарды жыл боюу коопсуз, пайдалуу жана жетиштүү тамак менен камсыз кылуу;

2.2 2030-жылга чейин чала тоюнун түрдүү формаларын жоюу, анын ичинде 2025-жылга чейин беш жашка чейинки балдардын өсүшүнүн токтоосуна жана арыктоосуна каршы күрөшүүгө тийиштүү максаттык көрсөткүчтөрдүн макулдашылган эл аралык деңгээлине жетүү жана өспүрүм курактагы кыздардын, кош бойлуулардын, эмизген аялдардын жана улгайган адамдардын тамактанууга болгон талаптарын канааттандыруу;

2.3 2030-жылга чейин айыл-чарбасынын өнүмдүүлүгүн жана чакан азык-түлүк өндүрүүчүлөрүнүн, көбүнчө аялдардын, жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн, фермердик үй-бүлө чарбаларынын, малчылардын жана балыкчылардын кирешесин кошулган наркты жана айыл-чарба секторунда жумуш орундарын көбөйтүү үчүн, жерге, башка өндүрүш ресурстарына жана айыл-чарба өндүрүшүнүн факторлоруна, билимге, финансылык кызматтарга, рынокторго жана мүмкүнчүлүктөргө кепилденген жана бирдей деңгээлде жетүүсүн камсыз кылуу аркылуу эки эселентүү;

2.4 2030-жылга чейин тамак-аш продукттарын өндүрүүнүн туруктуу системаларын түзүү жана айыл-чарбаны жүргүзүүнүн ыкмаларын жүзөгө ашыруу. Бул жашоого болгон туруктуулукту жана өнүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет, экосистеманын сакталышына өбөлгө түзөт. Климаттын өзгөрүүсүнө, аба-ырайынын экcтремалдык көрүнүштөрүнө, кургакчылыкка, суу каптоолорго жана башка кырсыктарга адаптация болуу жөндөмүн чыңдайт жана жердин жана топурактын сапатын акырындан жакшыртат;

2.5 2020-жылга чейин уруктардын жана өрчүтүлгөн өсүмдүктөрдүн, ошондой эле айыл-чарба жана үй-жаныбарларынын жана алардын тийиштүү жапайы түрлөрүнүн генетикалык көп түрдүүлүгүн сактоону камсыз кылуу. Анын ичинде улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлдерде уруктардын жана өсүмдүктөрдүн көп түрдүү банкаларын тийиштүү түрдө кармоо аркылуу сактоо. Генетикалык ресурстарга жана аларга байланышкан салттуу билимдерге жетүүнү кеңейтүүгө жана аларды макулдашылган эл аралык деңгээлдерде колдонуудан келип чыккан пайдаларды адилеттүү жана бирдей негизде, бирдикте колдонууга көмөк көрсөтүү;

2.6 Инвестиция кылууну жогорулатуу, анын ичинде айыл-чарба инфраструктурасына, айыл-чарба изилдөөлөрүнө жана агропропагандага эл аралык кызматташтыкты активдештирүү аркылуу жогорулатуу, технологияны өнүктүрүү жана өнүккөн өлкөлөрдүн, айрыкча азыраак өнүккөн өлкөлөрдүн айыл-чарба өндүрүшү тармагында потенциалын чыңдоо максатында өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын генетикалык банкаларын түзүү;

2.7 Өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн Доха раунду мандатына ылайык, айыл-чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногунда соода чектөөлөрдүн жана бурмалоолордун пайда болуусун жоюу жана токтотуу. Анын ичинде айыл-чарба продукциясын экспорттоодо субсидиянын бардык формаларын жана ушул сыяктуу окшош кесепеттерге ээ бардык экспорттоо чараларын бирдей жоюу аркылуу токтотуу;

2.8 Азык-түлүк товарларынын жана продукциялардын рыногунун тийиштүү түрдө иштөөсүн камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алуу жана азык-түлүккө болгон баанын туруктуулугун камсыздоо максатында рыноктук маалыматтарга, анын ичинде азык-түлүк резервдери тууралуу маалыматтарга өз учурунда жетүүгө көмөк көрсөтүү.

Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет. 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.