Адамдардын жана жаныбарлардын ден-соолугу үчүн сүт азыктарын өндүрүүдө антибиотиктерди натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү түрдө кантип колдонуу керек
19 июль 2021
Антибиотиктер - бул жаныбарлардагы жана адамдардагы жугуштуу ооруларды айыктыруучу революциялык ачылыш. Бирок, акыркы он жылдыктарда антибиотиктер күткөн функцияларды аткарбай жатканы белгилүү болду - алар оорулуу адамды же жаныбарды оорудан айыктырбайт; алар пайда кылган бактерияларды өлтүрбөйт. Антибиотиктердин эффективдүүлүгүн коргоо үчүн, зарыл болгон учурда кана колдонуу керек. Бул адамдын ден-соолугуна жана мал чарбачылыгына да тиешелүү.