БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитети Кыргызстандагы расмий сапарын жыйынтыктады

БИШКЕК (2025-жылдын 2-июлу)
Кыргызстанга жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын алкагында расмий сапар менен келген БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитети (КААК) өлкөнүн кыйноолорду алдын алуу боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүүчү органы — Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборду (КАУБ) — жоюу чечимине байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. КААК бул чечим коомчулук менен алдын ала кеңешпестен, ачык-айкындуулук болбостон кабыл алынганын, ошондой эле КАУБга тиешелүү милдеттерди жана ыйгарым укуктарды Омбудсмен институту кандайча ишке ашырары боюнча так план сунушталбаганын белгиледи.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитеттин делегациясынын курамындагы Элина Штейнерте (делегациянын башчысы жана КААКтын төрайымынын Улуттук алдын алуу механизмдери боюнча орун басары) жана Ника Кварацхелия (Кыргызстан боюнча баяндамачы) 2025-жылдын 25-27-июну аралыгында Бишкек шаарына иш сапары менен келишти.
Расмий сапардын алкагында делегация 26-июнда Кыйноолордун курмандыктарын колдоо боюнча Эл аралык күнгө карата өткөрүлгөн «Кыргыз Республикасында кыйноолордун алдын алуу системасында Улуттук борбордун орду жана ролу» темасындагы тегерек столго катышты. Бул иш-чара КАУБ тарабынан БУУнун Адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, Жогорку Кеңештин депутаттарын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жарандык коомду, эл аралык өнөктөштөрдү жана башка кызыкдар тараптарды Кыргызстандын кыйноолордун алдын алуу жаатындагы улуттук жана эл аралык милдеттенмелери боюнча ачык диалогго бириктирди.

«Кыйноолордун курмандыктарын колдоо боюнча Эл аралык күндө биз кыйноолордун улуттук деңгээлде коркунучун азайтуу боюнча алдыңкы сапта иш алып барган улуттук алдын алуу механизмдеринин ишине терең урмат көрсөтөбүз. Бүгүн биз кечээ Парламент тарабынан Кыргыз Республикасында улуттук алдын алуу механизминин функцияларын аткарып келген Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборду жоюу тууралуу кабыл алынган чечимди, олуттуу артка кадам катары, терең өкүнүү менен белгилеп жатабыз», — деди Элина Штейнерте, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 25-июнда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» жаңы Конституциялык мыйзамга байланыштуу. Бул мыйзам иш жүзүндө КАУБду жоюуну караштырат.
Мындан тышкары, Комитеттин делегациясы бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков, Тышкы иштер министринин орун басары Асейин Исаев жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Джаманбаева менен жолугушту.

Эдил Байсалов менен жолугушууда делегация Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Конституциялык мыйзам мамлекеттин улуттук алдын алуу механизминин функционалдык, каржылык жана жалпы көз карандысыздыгын камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнө доо кетирбеши керектигин белгиледи. Өз кезегинде Эдил Байсалов өлкө бул жааттагы эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу түрдө аткарып жатканын баса белгиледи.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор 2012-жылы Кыргыз Республикасынын 2008-жылы Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошулуусу менен алынган милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн улуттук мыйзамдын алкагында түзүлгөн жана ошол убактан бери өлкөнүн улуттук алдын алуу механизми катары иштеп келет.