Пресс-релиз

Кыргызстан: БУУнун эксперттери кыйноолордун алдын алуу боюнча көз карандысыз механизм алмаштырылбашы керектигин эскертүүдө

02 июль 2025

ЖЕНЕВА / БИШКЕК (2025-жылдын 30-июну) 

БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитети (КААК) Кыргызстандын кыйноолорду алдын алуу боюнча көз карандысыз мониторинг органы — Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборду (КАУБ) коомдук консультацияларды өткөрбөстөн жана ачык-айкындуулукту камсыздабастан жоюу чечимине байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборун (КАУБ) жоюу жана анын ыйгарым укуктарын “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» жаңы конституциялык Мыйзамынын алкагында Акыйкатчы институтуна өткөрүп берүү чечимин кайрадан күчүнө киргизди. Бул борбор — өлкөдөгү кыйноолорду алдын алууга багытталган көз карандысыз механизм болуп саналат. Өткөн жумада жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитет менен консультацияларды өткөрүү ниети жөнүндө мурда берилген кепилдиктерге карабастан, парламент 25-июнунда мыйзамдын экинчи жана үчүнчү окууларын бириктирип, консультацияларды өткөрбөстөн, ал мыйзамды буга чейин болуп көрбөгөндөй тартипте кабыл алды.

«КАУБ - бул Кыргызстандагы Улуттук алдын алуу механизми (УАМ) катары жакшы жолго коюлган түзүм болуп саналат. Ал он жылдан ашуун убакыт мурун Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна (КККФП) ылайык түзүлгөн. Анын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын аткаруу, башкаруу жана мыйзам чыгаруучу бутактарынын, ошондой эле башка кызыктар тараптардын катышуусунда төрт жылдык ар тараптуу жана инклюзивдүү улуттук кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы болгон», —Кичи комитеттин Төрайымы Мария Луиза Ромеро деп билдирди.

“Бул кыйноолорду алдын алуу боюнча көз карандысыз механизмди жоюу жана УАМдин ыйгарым укуктарын Париж принциптерине дагы эле жооп бербеген Акыйкатчы институтуна өткөрүп берүү, мындан тышкары, Акыйкатчы бул мандатты кандайча аткарары тууралуу так жоболордун жоктугу – бул адам укуктарын коргоо жаатында чоң артка кадам болуп саналат », - ал деп айтты жана кошумчалады: «Эң тынчсыздандыра турганы — бул процесстин таптакыр ачык-айкынсыз шартта жүрүп жатканы. Коомдук консультациялар өткөрүлгөн жок, кызыктар тараптар менен эч кандай өз ара аракет болгон жок, ал тургай өзгөртүүлөрдүн тексти да ачык жарыяланган жок. Бул Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколунун талаптарына такыр туура келбейт».

КАУБ 2012-жылы Кыргыз Республикасы 2008-жылы Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошулуусуна байланыштуу алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн улуттук мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана ошондон бери өлкөнүн улуттук алдын алуу механизми катары иштеп келет. 

«КАУБдун маанилүүлүгүн Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитет эле эмес, анын ичинде анын кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу боюнча ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоого кошкон салымы жана бүткүл регионго тийгизген таасири жогору бааланат. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары 2025-жылдын мартында Кыргыз Республикасына барганда, «Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук Борбор Борбордук Азия аймагы үчүн үлгү болуп саналат, анткени бул эл аралык стандарттарга жооп берген жалгыз көз карандысыз улуттук адам укуктары боюнча орган», - деп өзгөчө белгилеген.

«Биз Кыргызстандын бардык бийлик органдарын бул иш-аракеттерди токтотууга жана Кыргызстандын бардык жашоочуларынын кызыкчылыгы үчүн КАУБдун ишин колдоого жана чыңдоого конструктивдүү мамилелерди иштеп чыгуу максатында Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитет менен өз ара аракеттенүүнү баштоого чакырабыз», - ал деп айтты.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитеттин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегациясы, Элина Штейнертенин (делегациянын башчысы жана улуттук алдын алуу механизмдери боюнча Төраганын орун басары) жана Ника Кварацхелиянын (Кыргызстан боюнча баяндамачы) курамында 25-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарына иш сапарын жасады.

АЯГЫ 

Кошумча маалымат жана ЖМКнын суроо-талаптары үчүн байланыштар:

Вивиан Квок, электрондук почта: vivian.kwok@un.org 

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын пресс-кызматы: ohchr-media@un.org

Маалымат үчүн:

Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитет мамлекеттердин Кыйноолорго каршы конвенцияга карата Факультативдик протоколдун жоболорун аткарышына мониторинг жүргүзөт, аны бүгүнкү күнгө карата 94 өлкө ратификациялаган. Кичи комитет дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген адам укуктары боюнча 25 мүчөдөн — көз карандысыз эксперттерден турат, алар жеке сапатта иш алып барышат жана катышуучу мамлекеттердин өкүлү болуп саналбайт.

Кичи комитет Кыйноолорго каршы конвенцияга карата Факультативдик протоколду ратификациялаган мамлекеттерге барууга укуктуу, анын жүрүшүндө адамдардын эркиндиги чектелиши мүмкүн болгон бардык жерлерге бара алат жана бул мамлекеттерге кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алууга көмөк көрсөтөт. Кичи комитет өзүнүн байкоолорун жана сунуштарын мамлекеттерге купуя баяндамалар түрүндө жөнөтөт жана өлкөлөрдү аларды жарыялоого чакырат.

Келишимдик органдар жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча кичи комитет жөнүндө биздин видеоматериалдардан көбүрөөк билиңиз.

 

БУУнун келишимдик органдарынын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө көз салыңыз!
Биз Twitterде: @UNTreatyBodies

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар