Пресс-релиз

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча эксперттинин Кыргызстанга болгон иш сапары

20 сентябрь 2024

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 23 сентябрынан 3 октябырына чейин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 23 сентябрынан 3 октябырына чейин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

Хаграсс өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого жана колдоого багытталган мыйзамдарды, саясатты жана демилгелерди талдайт. Бул иш сапар жергиликтүү бийликтин чакыруусу жана демилгеси боюнча өтүүдө.

Эксперт мамлекеттик органдары, улуттук укук коргоо мекемелери, майыптыгы бар адамдардын адамдар жана алардын өкүлү болгон уюмдар, жарандык коом, БУУнун агенттиктери жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуу үчүн Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жана башка региондорго барат.

Ошондой эле, эксперт айым ден соолугунан майыптыгы бар адамдар, анын ичинде балдар үчүн атайын мекемелерге жана майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн мекемелерге барат. 

Атайын баяндамачы 3-октябрда, бейшемби күнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30 да  Бишкектеги Чүй проспектиси №160a дареги боюнча  жайгашкан БУУнун үйүндө, маалымат жыйынын өткөрөт. Кирүү мүмкүнчүлүгү журналистер менен гана чектелет.

Эксперт өзүнүн отчетун 2025-жылдын март айында адам укуктары боюнча Кеңешке сунуштайт.

***

Хеба Хаграсс (Египет) - БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы, 2023-жылдын октябрь айында адам укуктары боюнча Кеңеш тарабынан дайындалган. Билими боюнча социолог, укук коргоочу, майыптык боюнча эл аралык консультант жана Египетте, Араб аймагында жана дүйнө жүзү боюнча кеңири тажрыйбасы бар майыптыгы бар адамдардын  укуктарын изилдеп келет. Ал майыптыгы бар адамдардын  укуктары жөнүндө Конвенциянын долбоорун түзүүгө катышып майып аялдардын өкүлү болгон. Египетте Хаграсс айым 2015-2020-жылдары парламенттин мүчөсү катары мыйзам чыгаруу реформалары учурунда майыптыгы бар адамдардын укуктары үчүн күрөшүп, майыптыгы бар адамдар боюнча Улуттук кеңештин башкы катчысы катары кызмат өткөн. Ал Араб майыптыгы бар адамдардын уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ал жерде 1998-2008-жылдары, анын ичинде аялдар комитетинин төрагасы катары жигердүү иш алып барган.

Атайын баяндамачылар атайын процедуралар деп аталган Адам укуктары боюнча кеңештин бир бөлүгү болуп саналат. БУУнун Адам укуктары системасындагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы болгон атайын процедуралар - бул өлкөлөрдөгү конкреттүү кырдаалдар же дүйнөнүн бардык бурчтарындагы тематикалык маселелер менен алектенген фактыларды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча Кеңештин көз карандысыз механизмдеринин жалпы аталышы. Атайын процедуралардын эксперттери ыктыярдуу негизде иштешет; алар БУУнун кызматкерлери эмес жана өз иши үчүн айлык алышпайт. Алар кандайдыр бир өкмөттөн же Уюмдан көзкарандысыз жана жеке адам катары иш алып барышат. 

БУУнун Адам укуктары боюнча өлкө барагы: Кыргызстан

Медиа суроолор жана көбүрөөк маалымат алуу үчүн Барбара Замрска менен barbora.zamrska@un.orghrc-sr-disability@un.org  же Айпери Алымбекова менен байланышыңыз aiperi.alymbekova@un.org (Бишкек). 

БУУнун башка көз карандысыз эксперттери тууралуу медиа суроолор боюнча Дариша Индрагупта (dharisha.indraguptha@un.org) же Жон Ньюленд (john.newland@un.org) менен байланышсаңыздар болот. 

БУУнун Адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттери тууралуу жаңылыктар менен Твиттерден @UN_SPExperts кабардар болуңуз.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар