Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана КР Саламаттык сактоо министрлиги "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда симуляциялык көнүгүү өткөрүштү
18 сентябрь 2025
ЖУМА, 12-СЕНТЯБРЬ, 2025-ЖЫЛ
Бишкек, Кыргызстан – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСCУ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Пандемия фондунун колдоосу менен Ош шаарындагы “Достук” постунда эки күндүк симуляциялык көнүгүү (SimEx) өткөрдү. Аталган көнүгүү өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга, атап айтканда холера эпидемиясынын очогун аныктоого жана жоюуга даярдыгын текшерүүгө жана бекемдөөгө багытталган.
Бул симуляциялык көнүгүү инфекциялык ооруларды алып келүүнүн шектүү учурларына жооп катары колдонуудагы оперативдүү протоколдордун натыйжалуулугун баалоо үчүн иштелип чыккан. Төрт этапка бөлүнүп, көнүгүү учурунда оорулууну аныктоодон баштап, медициналык мекемедеги бардык бейтаптарга жардам көрсөтүүгө чейинки ар кандай сценарийлер туураланды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча адиси Денис Титаренко өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. "Мындай симуляциялык көнүгүүлөр жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү биздин кемчиликтерди аныктоодо жана жоюуда маанилүү ролду ойнойт,"- деди ал. "Катышуучуларга өзгөчө кырдаалдардын симуляцияланган сценарийинде практикалык тажрыйба менен камсыз кылуу менен, биз протоколдорду жакшырта алабыз жана чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө даярдыгыбызды арттыра алабыз."
"Сценарий реалдуу болду жана ведомстволор аралык кызматташууну жана шектүү учурларды аныктоо алгоритмдерин натыйжалуу практикалоого мүмкүндүк берди. Кирүү пункттарындагы машыгуулар холера оорусунун өлкөгө келиши мүмкүн болгон аракеттерге жооп кайтарууга жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү", - деп түшүндүрдү Гүлзат Кубанычбекова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык өзгөчө кооркунучтуу, карантиндик инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору.
Ушул симуляциялык көнүгүү негизги уюмдардын, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ага караштуу мекемелердин – Республикалык Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Бажы кызматынын жана башка мамлекеттик министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү активдүү катышты. Алардын кызматташтыгы саламаттыкты сактоо кызматтарын өз убагында көрсөтүүдө секторлор аралык координациянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бул симуляциялык көнүгүү 2024-2026-жылдарга Саламаттыкты сактоонун коопсуздугу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын (NAPHS) ишке ашыруунун бир бөлүгү жана 2025-жылдын апрель айында өткөрүлгөн ДССУнун окуу курсунун уландысы болуп саналат. Бул иш-чаралар бардык кызыкдар тараптардын коомдук ден соолукту коргоого жана өлкөнүн келечектеги коркунучтарга туруктуулугун бекемдөөгө берилгендигин ырастайт.
