Саламаттык сактоо форуму: Улуттук программаны ишке ашыруунун ортолук жыйынтыктары каралды
10 октябрь 2025
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо форуму өтүп, анда «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» (2019–2030-жж.) мамлекеттик программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары жана саламаттык сактоо тармагынын мындан аркы өнүгүү багыттары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов форумду саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча маанилүү диалог аянтчасы катары баалап, Саламаттык сактоо министрлигине жүргүзүлүп жаткан системалуу иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Эдиль Байсалов жакынкы беш жыл ичинде саламаттык сактоого мамлекеттик каржылоону үч эсеге көбөйтүү пландалып жатканын белгиледи. Эгерде 2025-жылкы бюджетте бул тармакка 44 млрд сом каралган болсо, 2030-жылга карата бул сумма 130 млрд сомго жетет.
«Биз мамлекеттик кепилдиктер программасын кеңейтүүнү көздөп жатабыз — бул тарыхта биринчи жолу кызматтардын тизмеси кыскарбай, тескерисинче, кеңейет дегенди билдирет. Өзгөчө көңүл аялдардын жана балдардын саламаттыгына бурулат: улуттук пренаталдык жана неонаталдык скрининг программалары ишке киргизилет, эмдөө жана оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Калктын жашоо узактыгын жогорулатуу — алдыдагы беш жылдыктагы негизги артыкчылык», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө өткөн эки күндүк Биргелешкен жылдык кароонун жыйынтыктары саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жардам бергенин белгиледи. Ал ден соолукка инвестиция — бул өлкөнүн келечегине инвестиция, ошондуктан баштапкы медициналык-санитардык жардамды коомдук саламаттык сактоо кызматтары менен интеграциялоо зарыл экенин белгиледи. Бул чаралар оорулардын жүгүн азайтып, калктын бакубатчылыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Форумга БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве, Дүйнөлүк банктын саламаттык сактоо боюнча башкы кеңешчиси Мохини Как, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайз, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар Кыргызстандын туруктуу жана инклюзивдүү саламаттык сактоо системасын куруу боюнча реформаларды колдоого даярдыгын тастыкташты.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саламаттыкты коомдук жыргалчылыктын жана экономикалык өсүштүн негизги таянычы катары бекем баса белгилеп жатканын көрүү абдан кубанычтуу. Саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо адамдардын жыргалчылыгын гана жогорулатып тим болбостон, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, туруктуулукту бекемдейт, улуттук өндүрүмдүүлүктү арттырат жана жакырчылыкты азайтат»,- деди БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве.
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайз өз кезегинде мындай деди:
«Кыргызстан калктын ден соолугун чыңдоо боюнча күчтүү лидерлигин көрсөтүп келет — баштапкы медициналык жардамды бекемдөө, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү,
жаңы коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу жана санариптик трансформацияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер муну айгинелейт. ДССУ Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз өнөктөштүгүнө сыймыктанат жана “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын ишке ашырууну колдойт, ар бир жарандын сапаттуу жана туруктуу медициналык кызматтарга жеткилигин камсыздоого көмөктөшөт».
Форумдун жыйынтыгында калктын ден соолугун жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча бир катар чараларды камтыган жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алынды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
· коомдук саламаттык боюнча профилактикалык программаларды кеңейтүү;
· саламаттык сактоодо санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү;
· медициналык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
· саламаттык сактоо тармагында каржылык ачыктыкты камсыз кылуу;
· тармакка инвестицияларды көбөйтүү.
Форум Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн колдоосу менен, Саламаттык сактоо боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңеши аркылуу уюштурулду. Иш-чара улуттук саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды макулдашуу үчүн негизги диалог аянтчасы болуп калды.