Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын 2025-жылдагы Улуттук өнүктүрүү форумунун ачылышындагы билдирүүсү
Улуу Урматтуу, Акылбек Касымалиев мырза,
Урматтуу Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү,
Урматтуу айымдар жана мырзалар, кесиптештер жана өнөктөштөр,
Мен үчүн бул Улуттук Өнүктүрүү Форумун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен бирге ачуу, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы тутумунун атынан толук курамда катышып, сөз сүйлөө — чоң урмат жана сыймык.
Эң биринчи кезекте, быйылкы Форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Президенттин Администрациясына ыраазычылык билдиргим келет. Бул Форум алгач ирет толугу менен Өкмөттүн жетекчилиги алдында өткөрүлүп жатат. Ал эми Форумдун мезгил-мезгили менен өтүп, туруктуу жылдык салтка айланышы — Кыргызстандын өнүгүү күн тартибинде туруктуу лидерлик көрсөтүп жатканын, Улуттук өнүктүрүү программасын өнөктөштөр менен ачык диалогдо илгерилетүүгө даяр экенин айгинелейт. Бул сапаттар өлкөнүн 2030-жылга чейинки амбициялуу өнүгүү максаттарына жетүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле мен Өкмөттү Улуттук өнүктүрүү программасында камтылган кеңири масштабдуу жана алдыга карай багытталган көрөгөчтүк үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул — чоң максаттарды камтыган, тайманбас жана келечектүү программа. Ал Өкмөттүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жана 2030-жылга чейинки Күн тартибине бекем умтулуусун айкын чагылдырат. Биз, Бириккен Улуттар Уюму, бул программаны өзгөчө кубаттайбыз, анткени ал адамды улуттук прогресстин борборуна коюу менен туруктуу өнүгүү адам капиталына инвестициялоого таянаарын жана ар бир жарандын өлкөнүн өсүшүнө салым кошуп, анын жыйынтыктарынан теңдей пайдалануусу керектигин терең тааныйт.
Ошондой эле Программаны жана ага карата Иш-планды иштеп чыгууда кеңири консультациялык процессти уюштуруу боюнча Өкмөттүн аракеттерин да баса белгилегим келет. Бул процесс мамлекеттик органдардын баарын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, илимий чөйрөнү, жеке секторду жана эл аралык өнөктөштөрдү камтып, өлкөнүн өнүгүү багыттарын чогуу аныктоого шарт түздү.
Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму Программаны иштеп чыгуу процессинде Министрлер Кабинетин коштоп, аналитикалык материалдарды жана дүйнөлүк тажрыйбаны сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул колдоо Туруктуу өнүгүү максаттарынын индикаторлорун жана максаттарын шайкештештирүүдөн тартып, 2025-жылдагы Кыргызстандын Улуттук ыктыярдуу сереп жыйынтыктары менен сунуштарын Иш-аракеттер планына интеграциялоого чейин болгон ишмердүүлүктү камтыды. Мындан тышкары, социалдык секторду каржылоо боюнча анализдерди даярдоо жана жакында жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардагы (УДАС) климаттык адаптация жана таасирди азайтуу чараларын Улуттук өнүктүрүү программасына киргизүүгө көмөк көрсөтүү да биздин колдоонун маанилүү бөлүгү болду.
Урматтуу катышуучулар,
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы Кыргызстан акыркы жылдары жетишкен олуттуу прогресске таянат — бул жетишкендиктер 2025-жылдагы экинчи Улуттук ыктыярдуу серепте да кеңири чагылдырылган. Сереп өлкөнүн Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча аткарган иштерине баа берип, быйыл Нью-Йорктогу Жогорку деңгээлдеги саясий форумда сунушталган.
Сереп бир катар маанилүү ийгиликтерди белгилеп өттү: жакырчылыкты азайтуу, социалдык кызматтарды бекемдөө, санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча жетишилген прогресс, ошондой эле гендердик теңдикти илгерилетүү жаатындагы жылыштар. Анын үстүнө Сереп Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болгон улуттук амбицияны — 2030-жылга чейин ТӨМ боюнча эң мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүү максатын — дагы бир жолу тастыктады. Бул максат Улуттук өнүктүрүү программасында да бекем камтылган, анда мындан тышкары 2030-жылга чейин орто жогорку кирешелүү өлкө статусуна жетүү милдети да көрсөтүлгөн.
Урматтуу кесиптештер,
Бул амбицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын өлкөнүн жети миллион жараны үчүн реалдуу натыйжаларга айландырууда бир катар өз ара байланышкан багыттарга туруктуу көңүл буруу зарыл. Уруксат этсеңиздер, алардын төртөөсүн өзгөчө белгилей кетейин.
Биринчиден, Кыргызстан үчүн жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу, ошондой эле келечектеги туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү камсыздоо үчүн инклюзивдүү жана күчтүү социалдык системалар — билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо — чечүүчү мааниге ээ. Бул системалар бардык адамдар үчүн жеткиликтүү болуп, ар бир жаранга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүшү зарыл. Баштапкы аракеттер, биринчи кезекте, жакыр катмарлардын, анын ичинде балдардын жана аялдардын социалдык коргоо менен камтылышын кеңейтүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдарда бул системалардын туруктуулугун жогорулатып, адамдарды ыкчам жана натыйжалуу коргоого багытталууга тийиш.
Экинчиден, Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги фактору катары адам капиталын өнүктүрүүгө инвестиция салуу өтө маанилүү.
Элдин жарымына жакыны 25 жашка чейинки жаштар экенин эске алганда, жаш аялдар менен жаш эркектерге өнүгүүгө катышууга зарыл болгон жөндөмдөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана үн чыгаруу укугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ. Жаштарга, гендердик теңдикке жана инклюзияга инвестициялоо — социалдык да, экономикалык да артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча күчтүү умтулуусу ООН колдогон «Алтын Казык» билим берүү реформасы аркылуу айкын көрүнүп турат. Бул программа атаандаштыкка жөндөмдүү, кесиптик жактан даярдалган кадрларды даярдоого багытталган.
Келечекте Дохада өтө турган Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммити — анда Кыргызстан адам капиталын өнүктүрүүгө арналган өзүнчө иш-чара өткөрөт — билим берүүгө жана адам потенциалын өнүктүрүүнүн башка маанилүү багыттарына инвестицияларды кеңейтүү үчүн баалуу мүмкүнчүлүк түзөт.
Жетишилген импульска таянып, Бириккен Улуттар Уюму Министрлер Кабинети жана өнөктөштөр менен биргеликте Саммиттин кийинки иш-аракеттеринин алкагында улуттук деңгээлде диалог өткөрөт. Анын максаты — адам капиталын өнүктүрүүнү 2030-жылга чейинки Программанын Иш-планына системалуу түрдө киргизүү жана бул багытта максаттуу, натыйжалуу чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу.
Үчүнчүдөн, климаттык туруктуулук — 2030-жылга чейинки адамга багытталган Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги багыттарынын бири. Себеби адамдардын жашоосун, жашоо каражаттарын жана айлана-чөйрөнү, анын ичинде өлкөнүн бай биотүрдүүлүгүн коргоо — Кыргызстандын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Жакында Кыргызстан Париж келишиминин алкагында үчүнчү муундагы Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар документин кабыл алуу менен бул тармакта маанилүү кадам жасады. УДАС 3.0 Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен тыгыз өнөктөштүктө иштелип чыгып, 2035-жылга чейин климаттык өзгөрүүлөрдү азайтуу жана ага адаптациялоо боюнча аракеттерди багыттоочу негизги рамка болуп кызмат кылат.
Бириккен Улуттар Уюму бул милдеттенмелерди ишке ашырууну мындан ары да колдойт: климаттык маалыматтарды жана кызматтарды өркүндөтүү, эрте эскертүү жана алдын алуу механизмдерин чыңдоо, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардагы демилгелер аркылуу туруктуулукту арттыруу жана жашоо каражаттарын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт. Бул айрыкча климаттык таасирлерге эң көп дуушар болгон тоолуу аймактар үчүн маанилүү. Биз ошондой эле Министрлер Кабинетинин «тоо күн тартиби» боюнча приоритеттерин толук колдойбуз.
Төртүнчүдөн, жашоого багытталган өнүгүүгө негизделген жашыл экономикага өтүү өзгөчө маанилүү, анткени бул багыт экологиялык туруктуулукту адамдардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулук менен тыгыз байланышта карайт. Министрлер Кабинети менен өнөктөштүктө Бириккен Улуттар Уюму улуттук деңгээлдеги адилеттүү өтүү жолун колдоону улантат. Бул — энергия, жылуулук жана транспорт тармактарындагы жумуш орундарына тийгизилген таасирди баалоону, аялдар жана жаштар үчүн кайра даярдоо жана практикалык окуу программаларын өнүктүрүүнү, ошондой эле чакан жана орто ишканалар менен кооперативдерди жашыл өндүрүштүк чынжырларга интеграциялоону камтыйт.
Ошол эле учурда, бул бардык багыттарда туруктуу прогресске жетишүү үчүн жана амбицияларды адамдар үчүн реалдуу натыйжаларга айландыруу үчүн бир катар кеңири шарттар зарыл. Бул шарттарга төмөнкүлөр кирет:
Биринчиден, Кыргызстандын өнүгүү жолун демографиялык процесстер аныктайт. Гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган сапаттуу билим берүүгө, жаштардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана адамдардын жакшыраак жашоо шарттарына багытталган натыйжалуу миграциялык саясатка инвестиция салуу — туруктуу экономикалык өсүш жана социалдык туруктуулук үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Экинчиден, инклюзивдүү башкаруу, өнүккөн жарандык мейкиндик жана бардык адамдар үчүн адам укуктарын камсыз кылуу — дагы бир негизги шарт. Ачык-айкын жана ишенимдүү институттар, маалыматка негизделген чечимдер, жарандардын коомдук жашоого активдүү катышуусу, ошондой эле БКМ эркиндиги саясаттын бардык жарандардын муктаждыктарына жана күтүүлөрүнө жооп берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бириккен Улуттар Уюму мамлекеттик администрацияны бекемдөө, маалыматтарды чогултуу жана талдоо системаларын жакшыртуу, ошондой эле жарандардын катышуусу менен жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк берген институттук потенциалды кеңейтүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүүнү улантат. Ошондой эле эл аралык адам укуктары боюнча милдеттенмелерди аткарууда Министрлер Кабинетине жардам беребиз — максат: Кыргыз Республикасында адам укуктары жана өнүгүүдөн алынган пайда ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу, анын жынысына, этникалык таандыктыгына, жаш курагына, динине, саясий көз карашына, ден соолугунун абалына же башка статусуна карабастан.
Үчүнчүдөн, жеке секторго негизделген өнүгүү — атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана экономикалык диверсификацияны жогорулатуунун өзөгү. Динамикалуу жеке сектор сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, инновацияларды жайылтууга жана узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулуктун пайдубалын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Ишкерликти колдоо жана ички-тышкы жеке инвестицияларга шарт түзгөн бекем бизнес чөйрө — экономикалык потенциалды ар бир адам үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө айландыруунун негизги талабы.
Акырында, өнөктөштүк — билим алмашуу жана финансылык колдоону мобилизациялоо үчүн өзгөчө мааниге ээ. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы максаттарды ишке ашыруу үчүн өлкө ичинде да, эл аралык өнөктөр менен да бекем, инклюзивдүү жана натыйжалуу өнөктөштүккө жетишүү зарыл. Мындай өнөктөштүктөр туруктуу жана алдын ала болжолдонгон каржылоону камсыз кылууга тийиш. Бул ички ресурстарды кыймылга келтирүүнү, эл аралык колдоону натыйжалуу айкалыштырууну жана инновациялык, туруктуу каржылык инструменттерди — анын ичинде «карызды өнүгүү үчүн алмашуу» өңдүү механизмдерди караштыруу мүмкүнчүлүгүн камтыйт, бул фискалдык мейкиндикти кеңейтүүгө жардам берет.
Бириккен Улуттар Уюму Министрлер Кабинети менен биргеликте мындай инструменттерди аныктоого жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө даяр,
жана мен Кыргызстандын бардык өнүгүү өнөктөштөрүн бул багыттагы Министрлер Кабинетинин демилгелерине активдүү кошулууга чакырам.
Урматтуу кесиптештер,
Кыргызстанга 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууда колдоо көрсөтүү үчүн Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн техникалык тажрыйбасын, эл аралык экспертизасын жана координациялоо мүмкүнчүлүгүн бириктирүүнү улантат. Бул колдоо глобалдык стандарттарга жана нормаларга таянат жана улуттук приоритеттерди өнөктөштүктөр, маалымат жана мүмкүнчүлүктөр аркылуу колдоого, амбицияларды эл үчүн реалдуу натыйжаларга айландырууга багытталат. Ушул контекстте биз донорлорду координациялоону — Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында — мындан ары да бекемдөөгө даярбыз. Айрыкча, мен жана АӨБдагы кесиптешим биргеликте жетектеген өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши аркылуу бардык өнөктөштөрдүн бирдиктүү улуттук көрөгөчтүк үчүн чогуу иштөөсүн камсыздоого аракет кылабыз.
Бул ошондой эле биздин жаңыртылган Биргелешкен иш-пландарды 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы жана анын Иш-аракеттер планы менен толук шайкештештирүүнү талап кылат. Муну менен катар, кийинки 2028–2032-жылдарга карата Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтык Чеңкемдик документи да ушул принциптердин негизинде иштелип чыгат.
Улуу урматтуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы, урматтуу кесиптештер,
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы инклюзивдүү, жашыл жана туруктуу Кыргызстанга болгон биздин жалпы көрөгөчтүктү камтыйт. Биз Министрлер Кабинети жана Кыргызстандын эли менен биргеликте бул көрөгөчтүктү ар бир адам үчүн чыныгы жетишкендиктерге айландырууну чыдамсыздык менен күтөбүз.
Рахмат!