Пресс-релиз

Кара-Баткак мөңгүсүнө биргелешкен экспедиция: көңүл борборунда — климат боюнча аракеттер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу

15 август 2025

Caption: БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мырза жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылканов мырза Кара-Баткак мөңгүсүнүн алдында, Теңир-Тоо, Кыргызстан. 2025-жылдын 15-августу.

Теңир-Тоо, 2025-жылдын 15-августу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мырза, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылканов Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Теңир-Тоо эл аралык илимий борборуна болгон биргелешкен экспедицияга катышышты.

Экспедициянын максаты — коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн көңүлүн мөңгүлөрдүн тынчсыздандырган темп менен азайышына, айрыкча Борбор Азия үчүн таза суунун маанилүү булагы болгон Кара-Баткак мөңгүсүнө буруу. Иш-чара учурунда катышуучулар кыргыз окумуштуулары жүргүзгөн көп жылдык илимий байкоолордун жыйынтыктары менен таанышып, суу ресурстарын коргоо, Кыргызстандын бай биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын күчөтүү боюнча пикир алышты.

Caption: Кара-Баткак мөңгүсү — Кыргызстандын Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Ички Теңир-Тоо тоолорунун Тескей Ала-Тоо кырка тоосунда жайгашкан. 2025-жылдын 15-августу.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мырза туруктуу өнүгүү тармагында кабыл алынган чечимдер илимий ыкмага негизделиши керек экенин баса белгилеп:
«Кыргызстан — мөңгүлөр өлкөсү. Биз бул уникалдуу ресурсту коргоого милдеттүүбүз. Мөңгүлөрдүн эриши — бул улуттук коопсуздуктун, суу ресурстарынын туруктуулугунун жана өлкөнүн келечектеги өнүгүшүнүн маселеси», — деди.

БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн кеңири, глобалдык мааниге ээ экенин белгилеп, аларды климаттык каржылоону көбөйтүү жана экосистемаларды коргоо зарылдыгы менен байланыштырып:
«Кара-Баткак мөңгүсү боюнча изилдөөлөр Кыргызстан үчүн гана эмес — дүйнө жүзү үчүн маанилүү. Бул илимий билимдер өлкөлөрдүн стратегияларын бекемдеп, климаттык кризиске каршы глобалдык күрөштү колдойт. Мөңгүлөрдү сактоо — бул жашоону сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү, таза сууну жана жамааттарды багып турган экосистемаларды коргоо дегенди билдирет. Ошондуктан климаттык каржылоо Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөргө жетип, ыңгайлашуу аракеттерин күчөтүүгө, табиятты коргоого жана миллиондогон адамдардын суу боюнча келечегин камсыздоого өбөлгө түзүшү керек», — деп билдирди.

Экспедицияга Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылканов мырза да катышып, мөңгүлөрдүн абалы жана алардын өлкөнүн суу ресурстарына тийгизчү таасири боюнча актуалдуу илимий маалыматтарды сунуштады.

1957-жылы негизделген Теңир-Тоо физико-географиялык станциясы — ондогон жылдар бою гляциологиялык, метеорологиялык жана гидрологиялык байкоолор жүргүзүлүп келген уникалдуу жогорку тоолуу илимий база. Станциянын байкоо аймагында жайгашкан Кара-Баткак мөңгүсү — бул аймактагы климаттык өзгөрүүлөрдүн негизги индикатору.

Кыргыз Республикасы мындан ары да климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык аракеттерге жигердүү катышып, улуттук илимий мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнү жана мөңгүлөрдү, экосистемаларды коргоо, ошондой эле келечек муундар үчүн суу ресурстарын туруктуу башкарууну камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУ Айлана-чөйрө
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар