14 Июнь 2021 | 10:00 AM - 28 Июнь 2021 | 12:00 PM
Азык-түлүк боюнча Саммиттин алкагында жаштар үчүн дилбаян сынагы
"Инновациялык чечимдер, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсүнө даярдануу аркылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу азык-түлүк тутумдарын түзүү" темасында Республикалык дилбаяндар сынагы башталгандыгын жарыялайбыз.
Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери
FAO, IFAD, WFPБашка уюштуруучулар
Министерство сельского, водного хозяйства и развитие регионов Кыргызской РеспубликиТуруктуу өнүгүү максаттары
Жайгашкан жери
Демилге жөнүндө
"Инновациялык чечимдер, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсүнө даярдануу аркылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу азык-түлүк тутумдарын түзүү" темасында Республикалык дилбаяндар сынагы башталгандыгын жарыялайбыз.
Дилбаяндар сынагы 2019-жылы БУУнун Башкы катчысы тарабынан сунушталган Азык-түлүк тутумдары боюнча Саммиттин Улуттук жана көз карандысыз диалогдорунун бир бөлүгү болуп саналат жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) 2030-жылга чейин жетүү боюнча Он жылдык иш-аракеттер демилгесинин алкагында өткөрүлүүдө.
Сынактын катышуучулары дилбаяндар үчүн төмөнкү үч багыттын бирин негиз катары ала алышат:
1. Айыл чарба продукцияларын жеткирүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
2. Жаратылыш ресурстарына жетүү, аларды пайдалануу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору;
3. Институционалдык өнүгүү жана мыйзамдарды иштеп чыгуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору.
- А: 14-18 жаш; жана В: 19-24 жаш курак категориясындагы жаштар катыша алышат.
- Дилбаяндар орус же кыргыз тилдеринде кабыл алынат.
- 1 катышуучу 1 гана дилбаян тапшыра алат.
- Бардык дилбаяндар талапка ылайык аткарылышы керек.
Дил баяндарды текшерүү эки этапта жүргүзүлөт:
⁃ 28-30 июнь: А жана В курактык топтогу эң мыкты 20 катышуучулардын кыска тизмеси түзүлөт, ар бири 10 адамдан;
⁃ 1-3 июль: 6 жеңүүчү жарыяланат, А жана В категориялары боюнча 3төн жеңүүчү.
Байге фонду:
1-орун: смарт саат, power bank;
2-орун: зымсыз кубаттоо колонка, power bank;
3-орун: usb флеш карта 64Gb, power bank.
Бул шилтеме аркылуу катышып, ошондой эле кененирээк маалымат алсаңыз болот.
Дилбаяндарды тапшыруу мөөнөтү: 2021-жылдын 28-июнуна (саат 23:59га) чейин.
#foodsummitkg