Пресс-релиз

Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы жарандык коомдун “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” демилгесин колдоо максатында БУУнун Башкы катчысынын “Аялдарга карата зомбулукту 2030-жылга чейин биргелешип токтотуу” кампаниясына кошулду

25 ноябрь 2021

 

IMG_7459

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы Баткен шаарында “Коркпо, токтот, жаша” урааны астында 16 күндүк аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы кампаниянын башталышын жарыялоо боюнча Баткен облусунун аялдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракетин кубаттайт. Бул аракети менен өкмөт аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюу жана аялдар менен балдардын толук жана ар тараптуу коргоону камсыз кылуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин көрсөтүүдө. Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы жарандык коомдун «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» демилгесин колдоо максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту 2030-жылга чейин биргелешип токтотуу» кампаниясына кошулду.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ СМД
Бириккен Улуттар Уюмунун саясий маселелер боюнча департаменти
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар