Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо үчүн Кыргызстанга медициналык буюмдарды тапшырды

01 апрель 2022

Бишкек, Кыргызстан – Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди булчуңга саюу жана парентералдык колдонуу үчүн окуу манекендерин, контактсыз термометрлерди, пульсоксиметрлерди, концентраторлорду жана компьютердик техниканы тапшырды, жардамдын жалпы суммасы 39 929 АКШ долларына барабар.

фото 3

Бул жардам Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун "үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш" кафедрасынын бардык жети аймактык филиалынын ортосунда бөлүштүрүлөт жана аймактардагы медик кесиптештерге медайымдык иш боюнча үзгүлтүксүз билим алууга жана практикалык көндүмдөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бардык медициналык буюмдар жана жабдуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет, мунун өзү медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана бейтаптарды дарылоо көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

фото 2

Медициналык жабдууларды тапшыруу аземинде С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун өкүлдөрү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында кадрдык потенциалды чыңдоого туруктуу колдоо көрсөткөндүгү жана өзгөчө салымы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна терең ыраазычылык билдиришти.

Справка: Бул жардам Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси тарабынан 2018-жылдан 2021-жылга чейин саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине техникалык колдоо көрсөтүп келген «Ден соолук үчүн иштөө» программасынын алкагында көрсөтүлдү. Колдоо көрсөтүү өлкөнүн саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтылышына карай прогрессин тездетүүгө жана бекемделген саламаттык сактоо системаларынын алкагында медициналык кызматкерлерге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана социалдык чөйрөдөгү эмгек ресурстарын кеңейтүү жана кайра түзүү аркылуу Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталган.

фото 1

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар