Пресс-релиз

ЕБ колдоосу менен ДССУ Саламаттык сактоо министрлиги менен чогу пандемиясынын мезгилинде баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн деңгээлинде негизги кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү колдоо катары үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкаларын тапшырды

20 июнь 2022

Бишкек, Кыргызстан – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө негизги медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүү чөйрөсүндө Европа биримдигинин финансылык колдоосу менен техникалык жардам көрсөттү. Бул иш-чаранын максаты баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо болуп саналат.

ДССУ күн сайын бейтаптардын үйүнө каттоо жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде үй-бүлөлөргө негизги кызматтарды көрсөтүү максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн  190 сумка сатып алды.

Сумкаларда кан басымды, кандагы глюкозаны, гемоглобинди жана зааранын негизги анализдерин өлчөө үчүн керектүү медициналык жабдуулар бар. Пульсоксиметрлер, термометрлер, медициналык жгут, фонарлар жана төрөт боюнча стетоскоптор клиниктерге акушердик жана педиатриялык күнүмдүк кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет. Мындан тышкары, сумкалардын ичинде кош бойлуу аялдардын түйүлдүктүн жүрөктүн кагышын аныктоо жана каттоо үчүн көчмө КТГ аппараты бар. Сумкалар бейтаптардын үйүнө каттоо үчүн, ошондой эле Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылган бейтаптарды тейлөө үчүн алып жүрүүгө абдан ыңгайлуу. Сумкалар пилоттук демилге катары Чүй облусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылды. Сумкалардан тышкары 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна аз кандуулук менен ооруган бейтаптардын канындагы гемоглобинди тез аныктоочу жана өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу Hemoque кан анализаторлору берилет.

 «Үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкалары жана Hemoque жабдыктары менен камсыз кылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кызмат көрсөтүүнүн сапатын бир кыйла жакшыртарын кубануу менен белгилейбиз. Дарыгерлер бейтаптарга барганда өздөрүн ишенимдүү жана барктуу сезишет жана бардык курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жана ар тараптуу жардам көрсөтө алышат. Бейтаптын канааттануусу жана саламаттык сактоого болгон ишеними да жакшырат”, - дейт ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова. «Бул демилге азырынча пилоттук болуп эсептелет. Эки айдын ичинде биз дарыгерлерден берилген жабдыктар жана чыгымдоочу материалдар пайдалуу болдубу деген пикирлерди жана маалыматтарды чогултабыз».

«Евробиримдиктин каржылык жардамы менен ДССУнун үзгүлтүксүз колдоосу, биринчи кезекте, бул тармакта үй-бүлөлүк дарыгерлерди колдоого жана дем берүүгө, ошондой эле үзгүлтүксүз негизги медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт, деди өз сөзүндө Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Орозбекович Касымбеков.

***

Маалымат катары: Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн деңгээлинде негизги медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнүн алкагында ДССУ 2020–2021-жылдары бүткүл өлкө боюнча астма, гипертония жана диабетти дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер менен жабдуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөткөн. Мындан тышкары, ар бир кант диабети менен ооруган бейтапка 500 тест тилкеси бар жеке глюкометр берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер пульсоксиметрлер, жеке коргонуу каражаттары жана башка медициналык чыгымдоочу материалдар менен камсыздалды. Кыргызстандын бардык аймактарында балдарга эмдөө кызматын үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн 55 көчмө эмдөө бригадалары түзүлдү. Медициналык кызматкерлерге кесиптик чарчоонун алдын алуу үчүн психологиялык жардам жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европа Регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү COVID-19:   кризиске карата аракет көрүү» (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алуу, аныктоо жана ага каршы чара көрүү максатында иштелип чыккан.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар