Пресс-релиз

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуу: БУУ диалогго чакырат

17 сентябрь 2022

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы зомбулуктун күчөшүнө терең тынчсыздануу менен байкоо салууда. Ал каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул тууралуу Башкы катчынын атынан анын басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин ишемби күнкү билдирүүсүндө айтылат.

Документте “Башкы катчы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жетекчилигин ок атышууну туруктуу токтотуу үчүн диалогго чакырат, - деп айтылат. - Эки тарап тең чыңалууну басаңдатуу үчүн жер-жерлерде болгон механизмдерди толук пайдалануусу керек".

Билдирүүдө тараптардан өтүнүч болсо, Бириккен Улуттар Уюму чек арадагы пикир келишпестиктерди туруктуу чечүү үчүн жолдорду табууга көмөктөшүүгө даяр деп белгиленет.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ
Бириккен Улуттар Уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар