Тапшыруунун акыркы мөөнөтү
08 ноябрь 20202020-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын Жаш Элчилери
Биринчи этап: Туруктуу өнүгүү максаттар Академиясы
Арыз тапшыруу боюнча маалымат
Туруктуу өнүгүү максаттары
2015-жылдын 25-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун 193 мүчө-өлкөсү бүткүл дүйнө жүзүнүн жакынкы жылдарга карата өнүгүүсүнүн универсалдуу жана комплекстүү планы - 2030-жылга чейинки мезгилге карата туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин кабыл алды. Бардык өлкөлөр өнүгүүнүн жалпы топтомуна ээ болууга жана бардыгы үчүн социалдык адилеттүүлүк, экономикалык гүлдөп-өсүү жана экологиялык туруктуулукка жетишүүгө макулдугун билдиришти. 2030-жылга чейинки мезгилге карата күн тартиби жакырчылык, ачарчылык, ден соолук, климаттын өзгөрүүсү, жаратылыш ресурстары, экономика, тынчтык, адилеттүүлүк, гендердик маселелер жана башка көптөгөн ар кандай көйгөйлөр менен байланышкан Туруктуу өнүгүү жаатындагы 17 максатты (ТӨМ) камтыйт. 2030-жылга карата Күн тартипти ишке ашыруу ийгиликтүү аракеттерден жана ар кандай кызыктар тараптардын, анын ичинде өкмөт, жарандык коом, жеке сектор, илимий чөйрөлөр, жаштар, аялдар жана балдар, түпкү калк жана башкалардын ортосундагы кызматташуудан көз каранды болот.
ТӨМ өзүнө 169 милдетти камтыйт, алардын ичинен үч бөлүгү жаштарга таандык. Жаштар ТӨМдү ишке ашыруу үчүн кызыктар тараптардын бүткүл дүйнө жүзү тарабынан таанылган маанилүү топторунун бири болуп саналат жана ТӨМгө жетишүү боюнча аракеттер үчүн аябагандай чоң потенциалга ээ.
2030-жылга карата Күн тартиби үч жыл мурун кабыл алынса да, Кыргызстандагы ТӨМ жөнүндөгү жалпы маалыматтуулук абдан төмөн бойдон калууда. Кыргызстандын Өкмөтү аталган Күн тартибин ишке ашыруу максатын карманып келет жана ТӨМ үчүн улуттук координациялык механизмдерди түздүп, 2020-жылы өзүнүн ТӨМгө жетүүдө жылыштар боюнча ыктыярдуу улуттук баяндамасы менен тааныштырууга милдеттенме алды. Бирок коомдун ар кандай топторунун арасында, өзгөчө өлкөнүн калкынын 28%ын түзгөн жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө карай жолдо тездетүү үчүн чоң потенциалга ээ болгон жаштар арасында маалыматтуулукту жогорулатуу үчүн көбүрөөк күч жумшоо зарыл.
Туруктуу өнүгүү максаттарынын Жаш Элчилери программасы
2019-жылы жайында Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (Агенттик) менен өнөктөштүктө жаш активисттер үчүн Кыргызстандагы жаштар арасында ТӨМдү илгерилетүү жана ТӨМдөгү жетишкендиктер үчүн жаштарды жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде катыштыруу боюнча жаңы программаны ишке киргизип жатат.
Элчилердин биринчи тобу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 34 жаш активисттер болду. 10 айлык иштин жүрүшүндө алар 173 иш-чара өткөрүп, дээрлик 13000 кишини камтып, алардын ТӨМ боюнча билимин жогорулатышты жана туруктуу өнүгүүгө ар бир адам кандайча салым кошо алаары жөнүндө идеяларды жайылтышты.
2020-жылдын октябрь айында БУУ системасы жана Агенттик жаңы катышуучуларды тартууну баштайт. Бул жолу Программа эки этапка бөлүнөт. Биринчи этап - ТӨМ Академиясы - 4 айдын ичинде 20 катышуучунун башын бириктирип, ТӨМдү терең изилдөө жана бир нече окуу иш-чаралары аркылуу ар кандай көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталат. Экинчи фазанын жүрүшүндө, 20 катышуучунун ичинен эң мыкты 5 катышуучу Жаш ТӨМ Элчилери аныкталып 6 ай аралыгында туруктуу өнүгүүнүн беш багытынын (планета, адамдар, өркүдөтүү, тынчтык, өнөктөштүк) өкүлү болуп ТӨМдү алдыга жылдырышат.
Бул Программага катышуу жаш активисттерге туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин илгерилетүү үчүн билимин кеңейтүүгө жана көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Биринчи этапта катышуучулар БУУ системасы, Агенттик жана өнөктөштөрүнүн атайын билим берүү программасы аркылуу ТӨМгө жетишүүдө жаштардын катышуусун илгерилетүү боюнча потенциалын арттыра алышат. Экинчи этапка тандалып алынган катышуучулар ТӨМдү илгерилетүү боюнча өз демилгелерин жүзөгө ашырууга, БУУ системасынан насаатчылык колдоосун алууга жана ТӨМ боюнча Кыргыз Республикасынын жаштарынын үнүн чагылдырган улуттук жана эл аралык иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Элчилер ыктыярдуу иш алып барышат жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынан жана Агенттикт уюштурган окутуудан, насаатчылыктан жана ар кандай иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн алышат. Программанын максаттары:
- 2030-жылдын Күн тартиби жана ТӨМ жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкы, айрыкча жаштар арасында маалымдуулукту жогорулатуу;
- өлкөдөгү жаш ТӨМ активисттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- Кыргыз Республикасында ТӨМ боюнча иш-чараларды координациялоо үчүн жооптуу болгон жаштардын жана улуттук кызыкдар тараптардын ортосунда пикир алмашуу үчүн аянтчаларды бекемдөө.
Программанын экинчи этабындагы ТӨМ Жаш Элчилеринин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Курдаштар арасында ТӨМдү жана бүтүндөй Күн тартибин Кыргызстан жаштарынын арасында, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде активдүү илгерлетүү. Өлкөнүн жаштарын ТӨМ боюнча төмөндөгү жолдор менен катыштыруу:
- кызыкдар тараптардын жана ар кандай топтордун арасында ТӨМ жөнүндө түшүнүктү жогорулатуу үчүн маалымат даярдоо жана жайылтуу;
- өзүнө тийиштүү ТӨМ жана Күн тартиби – 2030 боюнча презентацияларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды ар кандай мекемелерде өткөрүү;
- улуттук жана глобалдык деңгээлдерде өтүп жаткан жана ТӨМ менен байланышкан акыркы маалыматтар жөнүндө (макалалар, баяндамалар, конференциялар жана башка жаңылыктарды) маалыматты ар кандай байланыш каналдары аркылуу жайылтуу.
- ТӨМ менен байланышкан улуттук, аймактык жана эл аралык иш-чараларга жана улуттук кызыктар тараптардын, Кыргызстандагы БУУ системасынын, мамлекеттик жана бейөкмөт мекемелердин жана башка кызыктар тараптардын башка иш чараларына катышуу жана колдоо;
- ТӨМдүн жаш элчилери программасынын координациялык жолугушууларына жана иш чараларына үзгүлтүксүз катышуу;
- ТӨМдүн жаш элчиси катары ишмердүүлүктүн учурунда жыйнаган өзүнүн тажрыйбасын, мыкты тажрыйбаларын, кейстерин жана ийгиликтүү окуяларын жазуу/графикалык/видео форматтарда документтештирүү жана жалпылоо;
- ТӨМдүн жаштар элчиси катары өзүнүн демилгелерин жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоо жана колдонуу;
- БУУнун баалуулуктарын жана принциптерин кармануу жана илгерилетүү.
ТӨМ Академиясына катышуу үчүн коюлган талаптар
Минимальные квалификационные требования для участия в первом этапе Программы Молодежных Посланников:
- возраст от 18 до 28 лет;
- гражданство Кыргызской Республики;
- законченное основное общее образование (9 классов школы);
- навыки письменного и устного кыргызского и/или русского языка.
Жаш Элчилер Программасынын биринчи этабына катышуу үчүн минималдуу квалификация:
- 18 жаштан 28 жашка чейин;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
- бүтүргөн негизги жалпы билим берүү (9 жылдык мектеп);
- жазуу жана оозеки кыргыз жана / же орус тилдеринде көндүмдөр.
Жалпы талаптар:
- Жаштар менен байланышкан активизм / ыктыярчылык / адвокация / илгерилетүү жаатында кеминде 2 жылдык тажрыйба жана / же лидерлик тажрыйбасы;
- Туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндө билүү;
- Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү көйгөйлөрү жөнүндө билүүсү;
- Кыргыз Республикасында жаштардын кыйынчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;
- Мыкты баарлашуу жана эл алдында сүйлөө чеберчилиги;
- Компьютердик жана онлайн режиминде баарлашуу көндүмдөрү (мисалы, Zoom, Skype ж.б.);
- Командаларда иштөө тажрыйбасы;
- БУУнун баалуулуктарын жана принциптерин сактоо.
Тандооодо талапкерлерге төмөнкүлөр артыкчылык болуп берет:
- Социалдык тармактарда иштөө тажрыйбасы бар;
- БУУнун жаштарынын катышуусунун негизги принциптерин жана БУУнун жаштар саясатын билүү;
- Англис тилин жакшы билүү.
Биринчи жана (кийинки этапка өткөн учурда) экинчи этапта (2020-жылдын ноябрынан баштап 2021 августуна чейин) талапкерлер Программага катышуусу үчүн жетиштүү убакыт бөлүүгө даяр болушу керек (жумасына бир нече сааттан кем эмес). Талапкерлердин саясий партиялар менен расмий байланышы болбошу керек. 2019-2020-жылдардагы Программанын катышуучулары тандоого киргизилбейт.
Программанын биринчи этабына (ТӨМ Академиясы) билдирмени кандайча берүү керек?
Билдирмелер 2020-жылдын 8 ноябрына чейин төмөнкү шилтемедеги онлайн-форма аркылуу кабыл алынат:
- орус тилинде: https://forms.gle/7TkZ1kJ9vdyvJnRk8
- кыргыз тилинде: https://forms.gle/4sab6an69bB6X27cA
Анкета бир нече бөлүктөн турат:
- Жалпы маалымат
- Тажрыйба жана көндүмдөр
- Билим
- ТӨМ жөнүндө суроолор
- ТӨМ Академиясына катышуу
- (!) ТӨМ академиясына катышуу үчүн арызды толтуруу үчүн, эки суроого жазылган видео жоопторду жөнөтүшүңүз керек (орус же кыргыз тилинде):
- Эмне үчүн сиз ТӨМ Элчиси болуш керексиз?
- Кыргыз Республикасында X(?)туруктуу өнүгүү максатына кантип жетүүгө болот (17 максаттын бирин тандап, чечимдериңизди сунуштаңыз)?
Видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпашы керек. Видеону Айсулуу Газиевага (UNFPA) кийинки WhatsApp +996 773 062 770 номерине жөнөтүш керексиз, атыңызды, фамилияңызды жана туулган датаңызды жазып коюңуз. (Мисалы: Дария Ибраева_20.01.1999)
ТӨМ Академиясына катышуучулар кантип тандалат?
ТӨМ Академиясынын 20 катышуучусун тандоо 2 этап менен жүргүзүлөт:
- Ачык жарнама аркылуу берилген бардык арыздар минималдуу критерийлер боюнча текшерилет. Жарактуу материалдар (анын ичинде толтурулган онлайн формалары жана видеолору) жалпы талаптарга ылайык бааланат.
- Жалпы талаптарга эң жакын жооп берген талапкерлер БУУ системасы жана Агенттиктин өкүлдөрүнөн турган тандоо комиссиясынын онлайн маегине (интервью) чакырылат.
Талапкерлерди тандоодо гендердик тең салмактуулук, географиялык тең салмактуулук, ошондой эле аялуу топторго таандыгы, жаш курагы, тажрыйбасы, кесиптик даярдыгы боюнча ар түрдүүлүк сыяктуу критерийлер эске алынат.
Байланыш маалыматы: Бардык суроолор боюнча Тынчтыкбек Бакытовго (UNFPA) t.bakytov@gmail.com электрондук дареги же тел. +996 557 409 647 аркылуу кайрылсаңыздар болот.