Пресс-релиз

Кыргызстандагы БУУ системасы бир жолку пайдалынуучу пластмасc буюмдардан баш тартат

18 июнь 2018

2018-жылдын 14-июнунда Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк тобу Бириккен Улуттар Уюму колдоого алган жыйындарда жана иш-чараларда бир жолку пайдаланылуучу пластмассаны колдонууну токтотуу чечимин кабыл алды. Биз мындан ары мейманканалар, кызмат көрсөтүүчүлөр жана өнөктөштөр менен иштешип, бул жашыл саясатыбызды карманууга чакырабыз. Биздин бул аракетибиз кеңири пайдаланылган пластик бөтөлкөлөр жана целлофан баштыктар сыяктуу глобалдык продукттардын экологияга олуттуу зыяны тууралуу экологиялык маалымдуулукту тереңдетүүгө багытталган.

2018-жылдын 14-июнунда Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк тобу Бириккен Улуттар Уюму колдоого алган жыйындарда жана иш-чараларда бир жолку пайдаланылуучу пластмассаны колдонууну токтотуу чечимин кабыл алды. Биз мындан ары мейманканалар, кызмат көрсөтүүчүлөр жана өнөктөштөр менен иштешип, бул жашыл саясатыбызды карманууга чакырабыз. Биздин бул аракетибиз кеңири пайдаланылган пластик бөтөлкөлөр жана целлофан баштыктар сыяктуу глобалдык продукттардын экологияга олуттуу зыяны тууралуу экологиялык маалымдуулукту тереңдетүүгө багытталган.

5-июнда дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү “Пластик менен булгоону токтотуу: кайра кайталап пайдалана албай турган нерседен баш тартыңыздар” урааны менен белгиленди. БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстандагы бардык супермаркеттер жана дүкөндөр боюнча өзүнүн видео кайрылуусунда  Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуну сунуштап, биз бул жылдын акырына чейин өлкөдө бир жолку пайдалынуучу пластмасса буюмдарын колдонууну токтотушубуз керектигине чакырды.

Болжол менен 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган целлофан баштыктар азыркы убакта дүйнө жүзүндө жылына бир триллион өлчөмүндө өндүрүлүп жатат. Алар океандардын эң терең түбүнөн тартып Эверест тоосунун чокусуна чейин полярдык мөңгү чокуларында пайда болууда. Бул олуттуу экологиялык көйгөйдү жаратып жатат. Биздин дүйнө зыяндуу пластик калдыктары менен булганган. Жыл сайын океандарда 8 миллиондон ашык тонна калдык табылат. Деңиздердеги микропластиктер азыр биздин галактикадагы жылдыздардан дагы көп. Эгер бул тенденция сакталса, 2050-жылга карата биздин океандарда балыкка караганда, пластик көп болот.

2004-жылдан тарта Кыргызстандагы БУУ агенттиктери тарабынан жалпы суммасы 45 млн. АКШ доллары турган 50дөн ашык долбоор ишке ашырылды, алардын айрымдары азыркыга чейин иштеп жана өлкөнүн уникалдуу жаратылыш байлыктарын сактоо максатында инновациялык ыкмаларды киргизүүнү улантып жатат. Бирок Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө аялуу бойдон калууда. Аба ырайынын шарттарындагы жана климаттагы кескин өзгөрүүлөр, ошондой эле жаратылыш ресурстарын туруксуз башкаруу жаратылыш кырсыктарын пайда кылган жараяндарга алып келип, жергиликтүү жамааттарга кошумча басым көрсөтүү менен, социалдык-экономикалык кырдаалды начарлатып жатат. Жаратылыш кырсыктарынан болгон ар жылкы түз экономикалык жоготуулар гана ИДПнын 1,0-1,5% чегинде бааланууда.

Кыргыз Республикасы негизги туристтик ажайып жайлары болуп саналган кооз жаратылышын, тоолуу аймактарда көлдөрүн жана тоолорун пластик калдыктарынан жамааттык түрдө коргоо менен, чөлкөмдө чемпион болуу дараметине ээ. Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк тобу өкмөттөгү, жарандык коомдогу, жана эл аралык өнүктүрүү багытында иштеген өнөктөштөрүнө жаратылышыбыздын чөйрөсүнө, жапайы жаратылышыбызга жана ден соолугубузга пластик менен булгоонун оор кесепетин кыскартуу боюнча бул маанилүү ишке өз салымын кошуу үчүн, өзүнүн иш-чараларында жана конференцияларда бир жолу пайдаланылуучу пластмасса буюмдарын колдонууну токтотууга чакырат.

Башкы катчы Антониу Гутерриштин сөзүн кайталап, Кыргызстандагы БУУ өлкөлүк тобу биз баарыбыз курчап турган чөйрөнү коргоодо өз ролубузду аткарыбышыз керектигин белгилейт. Бирок азыр эмне кылуу же эмнеден баштоо керектигин түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан быйылкы жылы Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүн белгилөөдө бир гана өтүнүч көтөрүлдү: пластик таштандыларды жеңүү. Биздин идея жөнөкөй: пластикти бир жолку пайдалануудан баш тартуу. Сиздерден кайталап пайдалана албай турган пластик буюмдардан баш тартууңуздарды суранабыз.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму
БУУ ТКК
Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты Колдоо кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар