Пресс-релиз

ЕБ-ДССУ программасы Кыргызстанда COVID-19 илдетине каршы чараларды күчөтөт: улуттук лабораторияларды чыңдоо

03 февраль 2022

Бишкек, Кыргызстан - Пандемия башталгандан бери, 2020-жылы ишке киргизилген ЕБ-ДССУ программасынын алкагында, COVID-19 илдетин изилдөөгө катышкан улуттук эпидемиологдор, лаборатория кызматкерлери жана коомдук саламаттык сактоо адистери даярдалды. Алар ДССУнун эл аралык эксперттери өткөргөн ПЧР, СНИП-анализи, антигенди тез диагностикалоо жана COVID-19 илдетин аныктоо үчүн ИФА-тесттери боюнча кесиптик билимин жогорулатуу курстарынан өтүштү.

Фото 1

Программанын алкагында ДССУ өлкө боюнча COVID-19 илдетин тестирлөөгө катышкан саламаттык сактоо тармагынын бардык кызматкерлери үчүн комплекстүү тренингдерди иштеп чыкты. SARS-CoV-2 биоматериалдарын колдонуу менен, үлгүлөрдү чогултуу, ташуу, кайра иштетүү жана даярдоо сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүндө онлайн сабактар жана жер-жерлерде практикалык сабактар уюштурулган. Бул материалдар лаборатория кызматкерлерине COVID-19 илдетин ийгиликтүү аныктоого, мүнөздөөгө жана жуктурууну көзөмөлдөөгө жардам берет.

Мындан тышкары, ЕБ-ДССУ программасынын алкагында сапатты башкаруу системасына, биокоопсуздукка жана биологиялык коргонууга, ошондой эле калдыктарды зыянсыздандыруу тармагындагы медициналык мекемелердин потенциалына басым жасоо менен өлкө боюнча 13 улуттук медициналык мекемеге баалоо жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборуна биргелешкен иш сапардын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «COVID-19 илдетинин жайылышы Кыргызстандагы улуттук лабораторияларыбызды сыноодон өткөрдү. Лабораториялык изилдөөлөр процессинде талаптагыдай лабораториялык практика, сапатты көзөмөлдөө жана так жыйынтыктар абдан маанилүү, бул биздин COVID-19 илдетине каршы иш-аракетибиздин маанилүү бөлүгү». Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө улуттук лабораториялык потенциалды өнүктүрүү боюнча туруктуу техникалык колдоо көрсөткөндүгү жана сунуштары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«COVID-19 илдетинин жугушун натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн тестирлөө чечүүчү мааниге ээ. Баарыбыз коопсуз болмоюнча эч ким коопсуз боло албайт, Евробиримдик мындан ары да Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүүнү улантат жана COVAX глобалдык механизми аркылуу вакциналар менен камсыз кылат. Европалыктар менен кыргызстандыктар бул глобалдуу пандемияны бирге жеңип чыгышат», - деди өз сөзүндө Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси  Эдуард Ауэр.

«ДССУ өз кезегинде саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди жайылтууну ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга мындан аркы колдоо көрсөтүүнү улантат, мунун өзү өзгөчө кырдаалдар учурунда өлкөгө натыйжалуу чара көрүүгө жардам берет», - деп баса белгиледи өз сөзүндө ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.

Программа тууралуу маалымат:

Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар