Пресс-релиз

Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды

21 август 2023

Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды

 

Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды

Лейлек, 2023-жылдын 21-августу – «Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөк көрсөтүшөт» долбоорунун алкагында бир катар семинарлар башталды. Бул долбоор коомдук биримдикти бекемдөөгө жана өлкөнүн улуттук приоритеттерине ылайык Баткен облусунун өнүгүүсүнө багытталган.

Лейлек жана Баткен райондорундагы аялдардын алдыңкы ролу менен долбоордун алкагында пилоттук жамааттарда жагымдуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө психосоциалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүчү социалдык инновациялык технологияларды колдонуу пландаштырылууда.

Инновациялык методология катары «GALS» гендердик сезимтал аракеттерди изилдөө жана аныктоо системасына негизделген семинарларынын сериясы өткөрүлөт. Бул система үй-бүлө жана коом ичиндеги мамилелердин динамикасын бекемдөөгө жана жакшыртууга багытталган.

«Бул семинарлардын алкагында катышуучулардын тынчтык жана коопсуздук маселелерин өздөрүнүн жеке тажрыйбасы, дүйнө таанымы жана үй-бүлөлүк баалуулуктар системасы аркылуу кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүгү болот. 3 модулдан турган бул семинардын методологиясы жеке жашоонун кызыкчылыктарын тынчтык, жакшы коңшулаштыктын жана коомчулуктун биримдигин коомдун артыкчылыктары менен байланыштырууга болот”, - деп Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн программанын координатору Гүлжан Ниязалиева белгилеп кетти.

2021-жылы Чүй жана Нарын облустарында жамаат негизинде GALS окуусунан өткөн 2500 аялдын жана 1600 эркектин арасында Гүлназ менен Рахат да бар эле. Тренингден кийин жубайлар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн укугун урматтоо негизинде уядагы ролдорду, баалуулуктар системасын жана мамилелерди жаңыдан карап чыгышты.

«Өз ара баарлашуубуз жакшырып, үйдөгү милдеттерди текши бөлүштүрүүнүн артынан биздин үй-бүлөдөгү атмосфера да бир топ жакшырды», - деп Гүлназ бөлүштү. "Азыр кыялымды орундатууга да кол тийди - мен ачкан бизнестен пайда түшүп, үй-бүлөбүздүн кирешеси бир кыйла көбөйдү."

Ролдорду жана мамилени талкуулоо менен аялдар менен эркектер үй-бүлөдө шайкеш мамиле түзүүнүн жолун табышат. Бул болсо коомчулуктагы оң өзгөрүүлөрдүн келип чыгышына өбөлгө түзөт.

Биринчи GALS семинары 21-24-августта Лейлекте башталып, экинчи жана үчүнчү модулдар 2023-жылдын сентябрь жана ноябрь айларында өтөт.

***

Долбоор тууралуу

«Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөк көрсөтүшөт» долбоору эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан Суу-Башы, Сумбула жана Лейлек айыл аймактарында 2023-жылдын августунан 2024-жылдын мартына чейин ишке ашырылат.

Кошумча маалымат үчүн БУУнун Аялдар түзүмүнүн программа координатору Гүлжан Ниязалиевага gulzhan.niiazalieva@unwomen.org электрондук дареги же +996 770 988916, +996772558009 (WhatsAp) телефондору аркылуу же болбосо коммуникация боюнча адис Гүлайым Шигайбаевага gulaiym.shigaibaeva@unwomen.org электрондук дареги же +996 552 201234 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

EOUK
Embassy of United Kingdom

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар