Урматтуу парламенттин вице-спикери,
Исаева айым,
Мамлекеттик ишмерлер,
Элчилер, дипломатиялык коомдоштуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү,
Урматтуу лидер аялдар,
Мен сиздерге Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун жана бир нече уюмдардын атынан Аялдар эл аралык күнүн жана "Басмырлоого каршы" күнүн утурлай бул маанилүү иш-чарага чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Бүгүнкү "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" деп аталган иш-чара ушул жылдагы Аялдардын эл аралык күнүнүн темасына арналып, "Аялдарга инвестиция салыңыз, прогрессти тездетиңиз" деп айтылган сыяктуу. Бул тема жалпы прогрессти тездетүү жана гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн аялдарга стратегиялык инвестициялар жана биргелешкен альянстар зарыл экенин баса белгилейт.
Акыркы эки жарым сааттын ичинде көптөгөн катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүн угуп, бул жерде көп сандагы аял-лидерлер жана аларды колдогон эркектер менен бирге болгонубуз бизди абдан шыктандырганын айткым келет. Мындан тышкары, Кыргызстандагы аялдарга салынган инвестициялар күтүлгөн жемишин берет деген терең үмүт сезимин жаратат.
Мен парламентке аялдар топтору жана аял-лидерлер менен диалог жүргүзүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдиргим келет, анткени натыйжалуу инвестициялоо үчүн зарыл болгон негизги шарт болуп - биз инвестиция берилүүчү жак менен диалог жүргүзүү саналат.
Мигрант-аялдар, чек арага жакын райондордо жашаган аялдар, АИВ менен жашаган же ага тиешеси бар аялдар, зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар сыяктуу коомдун ар кандай топторундагы аялдар менен өз ара аракеттенип, биз баарыбыз маргиналдашкан топтордун жана кызыкчылыктары көп учурда жетишсиз деңгээлде эске алынбаган жактардын муктаждыктарын эске алуу менен, прогрессти тездетүү үчүн кандай инвестициялар зарыл экендиги жөнүндө баалуу маалыматтарды алдык.
Бүгүн бул жерде катышып жаткан, чечим кабыл алуучу адамдар, аялдар менен консультацияларда аныкталган, шашылыш инвестицияларды талап кылган жааттарды, ошондой эле аялдар тарабынан берилген көптөгөн сунуштамаларды өздөрү үчүн белгилеп алышты деп толук ишенем жана алар иш-аракеттер, консультациялар жана конкреттүү демилгелер үчүн негиз болот деп ниеттенем.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин ишке ашыруу мөөнөтү ортосуна келип калган учурда, гендердик теңчиликке жетүү жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бизге "жаңы доорго жиреп кирүү" керек, бул Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берет.
БУУнун "Гендердик экспресс-анализ 2023" отчетунда белгиленгендей, гендердик теңчиликке жетишүүгө жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган 2030-жылга карата ТӨМдүн 18 индикаторунун жана 5 подиндикаторунун эч бири боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишилген эмес. Алардын көпчүлүгү боюнча, тескерисинче, регресс байкалат. Мындай темп менен гендердик теңчиликке жетүү үчүн 300 жыл талап кылынат! Бул, өз кезегинде, бардык 17 ТӨМгө жетишүү прогрессин артка тартат.
Ошентип, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнөкөй максат болуп гана саналбайт; бул жакырчылыкты кыскартуунун, социалдык прогресстин жана экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору.
Аялдардын укуктарын илгерилетүү үчүн жетишилген прогресс жана чечиле турган маселелер жөнүндө ой жүгүртсөк, комплекстүү мамиле жасап, билим берүүгө, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн инклюзивдик өсүшкө артыкчылык берүү маанилүү.
Президент Жапаровдун өткөн жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы тарабынан чакырылган ТӨМ боюнча Саммитте жакырчылыкты кыскартуу үчүн билим берүүгө жана инклюзивдик, "жашыл" экономикалык өсүшкө инвестиция салуу боюнча өзүнө алган милдеттенмеси, бул максаттардын өз ара байланышын жана максаттуу инвестициянын зарылдыгын көрсөтүп турат.
Аялдардын жана кыздардын гүлдөп өнүгүүсү үчүн зарыл шарт - жагымдуу чөйрөнүн болушу. Буга байланыштуу мен бардык тиешелүү бийлик органдарын Эл аралык эмгек уюмунун "Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу жөнүндө" 190-конвенциясы кечээ ратификациялоосу менен куттуктагым келет. Конвенция жумуш ордунда коопсуздукту жана теңчиликти камсыз кылууга, зордук-зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алууга жана адилеттүү жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган. Кыргызстан - бул маанилүү кадамды жасаган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө жана дүйнөдөгү алгачкы 30 өлкөнүн бири. Мен аялдардын гүлдөп-өсүшүнө жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон бул умтулууну кубаттайм. Бул ошондой эле быйылкы Аялдардын эл аралык күнүнүн темасы менен шайкеш келет, жарандардын жыргалчылыгына чоң маани берген камкор мамиледеги коомчулукка өтүүгө чакырат.
Айымдар жана мырзалар,
Келерки жылы дүйнө жүзү Пекин иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгын белгилейт. Иш-аракеттер платформасы аялдарга бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берүүнүн, экономикалык ресурстарга, билимге жана колдоо кызматтарына кеңири жетүүнүн жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. 30 жылдыктын алдында БУУга мүчө бардык мамлекеттер, анын ичинде Кыргыз Республикасы, гендердик теңчиликке жетишүүдөгү прогресс жөнүндө, анын ичинде маанилүү фактор катары гендердик теңчиликти камсыз кылууга бюджеттик каражаттарды бөлүү жөнүндө сереп жасап жана отчетторду берип жатышат. Бүгүнкү диалог Улуттук консультацияга жана өлкөнүн Улуттук баяндамасына маанилүү салым болуп саналат, ага карата даярдык Кыргызстандагы аялдардын Эл аралык күнү менен контекстте башталат.
Аял-лидерлердин сунуштары ушул жана башка баяндамалардын негизин гана түзбөстөн, аялдар жана кыздар үчүн реалдуу мааниге ээ болгон мыйзамдык жана саясий демилгелерди иштеп чыгууда кылдат иликтенип, эске алынат деп ишенем.
Урматтуу катышуучулар,
Гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү коомдогу бардык кызыкдар тараптардын – укук ээлеринин, ошондой эле милдеттенмелерди алып жүрүүчүлөрдүн, парламенттин, өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын, адам укуктары боюнча улуттук институттардын, жарандык коомдун, ЖМКнын, аялдар топторунун ж. б. убактысын жана макулдашылган күч-аракетин талап кылат.
Бардык аялдардын жана кыздардын, жалпы Кыргызстан калкынын күнүмдүк турмушундагы теңчиликтин маанилүүлүгүн баса белгилөө зарыл, ал 8-март сыяктуу салтанаттуу иш-чаранын чегинен тышкары да орун алышы керек.
Бүгүнкү диалог мындай өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын көрсөттү; дал ушундай пикир алмашуу үчүн биз кызыкдар тараптар менен жолугушабыз.
Ошондуктан, мен бардык катышуучуларды бардык деңгээлдеги практикалык жана стратегиялык көйгөйлөрдү чечүүгө инструменталдык мамиле катары, укук ээси катары коомдун бардык катмарындагы аялдар менен диалогду жана кызматташууну улантууга чакырам.
Кыргызстандагы БУУ тутумунун атынан мен биздин беш жылдык кызматташтык программабызга ылайык Кыргыз Республикасында коомдун бардык катмарындагы аялдардын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өнөктөштүгүбүздү улантууну жактай турганымды билдирем.
Жыйынтыгында, БУУнун Башкы катчысы А. Гутерриштин аялдар өзүнүн дараметин толук жүзөгө ашырышына тоскоол болгон тутумдарды өзгөртүү зарылдыгын баса белгилеген сөздөрүн кайталап кетүүгө уруксат этиңиздер: "Аялдарды өзгөртүүгө аракеттерди токтотуп, алардын өз дараметине жетүүгө тоскоол болгон тутумдарды өзгөртө баштоого убакыт келди. Биздин бийлик структуралары миңдеген жылдар бою акырындык менен өнүгүп келе жатат. Биз дагы бир эволюциянын босогосунда турабыз. XXI кылым аялдардын теңдигинин доору болушу керек". Бул үчүн бүгүн ушул жерде катышып жаткандай аял-лидерлер керек. Ошондой эле, бул иш-аракеттерге эркектердин катышуусу да маанилүү, бул иште алардын ролун ашыра баалоо мүмкүн эмес.
Баарыбызды аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктайм! Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!