Медайым деген кесип бар
Биз машинеден түшүп, гүлдөп жаткан алма бакты аралай Кызыл-Кыя шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна багыт алдык.
Инфекционист дарыгердин кабинетинде мультидисциплинардык командабыз орун алган. Бул кабинетке киргенде алдыбыздан ак халатчан, мээримдүү, жарык жүздүү, бирок көздөрү кайгылуу аял алдыбыздан тосуп чыкты. Бул аялды көргөндө сен ишенимдүү колго түшкөнүңдү дароо сезесиң. Бул кабинетте эч ким сени таарынтпай турганын да түшүнөсүң.
Бизди тосуп алган дарыгердин аты-жөнү Маликахон Курбанова (мындан ары Малика дейбиз). Малика Кызыл-Кыя шаарындагы ҮМБда 20 жылдан бери медайым болуп иштейт. Биз Маликадан кесиби, коронавирус пандемиясы шартындагы иши жана келечек тууралуу ойлорун угайын деп келдик.
Малика, эмне үчүн медайым болууну чечтиңиз?
Бала кезимде мен көп ооручумун. Апам экөөбүз ооруканада өтө көп убакыт өткөрдүк. Мен ийнени оорутпай сайган ак халатчан аялдарга таң калып, аларды суктануу менен караар элем. Ошондо медайым болуп, адамдарга жардам берем деп чечкем. Мектепти бүткөндөн кийин 1986-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайга тапшырдым. Ал эми 1989-жылы курулуш материалдар комбинатынын медициналык пунктуна иштегени бардым. Мына ушинтип менин эмгек жолум башталган. 2000-жылдардын башында саламаттык сактоо тармагынын баштапкы чынжырчасында реформалар башталган эле. Бул жылдары үй-бүлөлүк медицина борборлору түзүлгөн. Мен ЛОР кабинетке медайым болуп келдим. Андан кийин жугуштуу оорулар боюнча кабинетте иштей баштадым. Ошондон бери ушул күнгө чейин бул жерде иштеп келатам.
Сиздин иш тажрыйбаңыз бир топ экен. Кесибиңизде эң кыйыны эмне?
Кыйынчылыктар дайыма эле болуп келген, мындан ары да боло берет. Биздин ишибиз ушундай да (күлүп айтты). Кээде таптакыр эле иштен чыгып кетип, үйдө отуруп, короомду карап, баламды үйлөндүрүп, неберелеримди баккым келет. Бирок менин жашоомдун өзү ушул экенин түшүнөм. Эмгек өргүүсүнө чыксам деле кошуналарым, туугандарым бар, бирөөнө ийне сайыш керек, экинчисине тамчылатма коюш керек. Жумуш мени эч качан коё бербейт. Бирок чарчап, чаалыгып турган мүнөттөрдө сенин ишиң жана камкордугуң жыйынтыгын берип, адамдар сакая баштаганын көргөндө күч жана дем пайда болот.
Малика, сиз кесиптештериңиз менен коронавирус пандемиясы өлкөнүн түштүгүндө башталгандан бери иштеп жатасыңар. Коркуу сезими болдубу?
Биз үймө-үй кыдырып, текшерип чыгабыз. Курч респиратордук инфекциянын белгилери бар адамдарды дарыладык. Албетте, адам болгондон кийин коркпой коё албайсың. Мен жакындарыма вирусту жуктуруп аламбы деп коркчумун. Мунун айынан ыйлаган күндөрүм да болгон.
Сиз ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн мультидисциплинардык командада медайым болуп иштейсиз. Бул чөйрөдө кантип иштеп жатканыңызды айтып берсеңиз.
МДКга мен инфекционист дарыгердин жардамы менен келип калдым. Тилекке каршы, анын көзү өтүп кетти. Бирок биз жаңы команда жана жаңы дарыгер менен ишибизди улантып жатабыз. Бейтаптар бизге көнүп калышты, биз да аларга көндүк. Азыр аларды тобокелдикке түртпөш үчүн үч айга жетчүдөй АРВ дарыларын берип жатабыз. Мага командалык иш жагат. Биздин командада социалдык кызматкердин бар болгону да жакшы.
Сиздин кесиптин келечеги бар деп ойлойсузбу?
Келечек дайыма бар, жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Орто медициналык кызматкерлер болбосо, медицина да болбойт. Көптөр адамдарды дарылап, аларга жардам берүү үчүн ушул кесипти тандашат. Бул биздин негизги милдетибиз деп ойлойм.
Маалымат үчүн: БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасы алгачкы мультидисциплинардык командаларды 2013-жылы түзө баштаган. Долбоорду “Аракет плюс” коомдук фонду жүзөгө ашырып келүүдө. Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 10 пилоттук команда иштейт.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган учурдан тартып, ЮНЭЙДС кеңсеси МДКда иштеген медициналык кызматкерлерге 2020-жылдын апрель айынан июнга чейин кошумча акы төлөп берүүнү чечти. 3 айлык мезгилге төлөнчү айлык акынын жалпы фонду 788 миң сомду түзөт. Бул кошумча акы ВИЧ/СПИДге, башка жугуштуу ооруларга каршы туруу багытында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам берүү боюнча орусиялык программанын эсебинен төлөнүүдө.