Пресс-релиз

БУУнун Баш катчысынын Кыргыз Республикасындагы кырдаал боюнча билдирүүсү

06 октябрь 2020

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасындагы абалга жакындан байкоо салып турат. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин орун алган протесттерден улам бир адам каза табып, жүздөн ашуун адам жаракат алды деп кабарланууда.

Баш катчы адам өмүрү үзүлгөн учур боюнча кайгыруу билдирет жана бардык тараптарды болушунча токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырат.

Баш катчы бардык тийиштүү тараптарды диалогго катышып, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу багыты боюнча мунасага келүүгө чакырат. Бириккен Улуттар Уюму учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгуу боюнча бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде БУУнун Борбор Азиядагы превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору аркылуу, даяр турат.   

БУУнун Баш катчысынын пресс-секретары Стефан Дюжаррик

Нью-Йорк, 2020-жылдын 6-октябры

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ БАПДБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбор

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар