Пресс-релиз

Кыргызстанда Гендердик Зордук Зомбулукка каршы 16-күндүк кампания башталды

25 ноябрь 2020

БИШКЕК, 2020-жылдын 25-ноябры - Бүгүн аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы башталды. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь, Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталат жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.

16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган. Дүйнө жүзүндө жана үйдө аялдар жана кыздар зордук-зомбулукка кабылышууда, бул адам укуктарын жана туруктуу өнүгүүнү жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат.

Быйыл Кыргызстанда биргелешкен акция үч багытты камтыйт: зыяндуу тажрыйбаны жана гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүү үчүн "унчукпоо" маданиятын жактоо; үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына жооп кайтарууну жогорулатуу үчүн кризистик борборлордун жана ишеним телефондорунун көрүнүшүн жогорулатуу, айрыкча COVID-19 кризиси учурунда кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктын жогорулашы; жана акыры аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү үчүн гендердик теңчилик боюнча жалпы маалымдуулукту жогорулатуу.

 “Коопсуздук, полиция жана юстиция мекемелеринде жана маданиятта өкүм сүргөн гендердик стереотиптер мыйзамдарды эффективдүү жүзөгө ашырууга олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда жана коомчулукка зордук-зомбулукту кабыл алууга жана андан уялбоого мүмкүнчүлүк берет. Гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу жана анын маанилүүлүгү жөнүндө кененирээк талкууларды жүргүзүү менен, Кыргызстандагы акция зыяндуу тажрыйбаны жана АККЗЗту күчөтүүчү коомдук нормаларды кантип четтетүү жана өзгөртүү боюнча талкууларды баштоого аракет кылат.”- БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырза. 

БУУ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү гендердик зордук-зомбулукка жол берилбей турган жана бардык аялдар менен кыздар зордук-зомбулуктун жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүнөн алыс жашай турган келечекти көздөй бирге иштешет. 16 күндүк акция Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. 2020-жылдын январь айында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте, ЕС жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык “Теңдик нуру”  Демилгесинин алкагында көп жылдык программасын баштады.

БУУнун Агенттиктери жана анын өнөктөштөрү тарабынан “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосу менен Кыргызстанда өткөрүлгөн 2020-жылдагы 16 күндүк акция гендердик зомбулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана токтотуу үчүн төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

- Жымжырттыкты бузуу: Көпчүлүк гендердик зордук- зомбулукту көрсөтүү үчүн кыргыз артисттеринин онлайн-концерти

- Маалыматтуулукту жайылтуу: Зыяндуу салттуу тажрыйбаларга жана ченемдерге каршы онлайн талкууларды жандандыруу үчүн гендердик зомбулукка байланыштуу видеотасмалардын сериясын жана университеттерде коноктордун лекцияларынын сериясын колдонуу;

- Зордук-зомбулуктун бетин ачуу: Кыргызстандагы нөлдүк толеранттуулук маданиятына байланыштуу зыяндуу социалдык тажрыйбаларды жоюу боюнча ачык асман алдындагы акция

- Аялдарды белгилөө: Улуттук Аялдар Форуму «Аялдар Бардыгы үчүн Турат» кампаниясынын алкагында, Кыргызстандагы COVID-19 кризисине жооп кайтаруудагы аялдардын укугун коргоочу уюмдардын ийгиликтүү ролун эскерет

- Колдоону кеңейтүү: аялдар менен кыздарга колдоо көрсөткөн кризистик борборлорду жана ишеним телефондорун колдоо үчүн каражат чогултуу иш-чаралары

- Эч кимди калтырбаңыз: Гендердик зордук -зомбулуктан  аман калгандар үчүн коопсуз жайлар жана ишеним телефондору жөнүндө маалымат таркатуу менен жардам сураган аялдар менен кыздардын санын көбөйтүү

- Келгиле, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригели жана социалдык тармактарда гендердик зомбулукка каршы туруу үчүн бизге кошулуп, акцияны колдойлу:

#OrangetheWorld # GenerationEquality # 16Days

Кошумча маалымат алуу жана маалымат каражаттарына кайрылуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

Айпери Алымбекова, “Теңдик нуру” Демилгесинин байланыш боюнча координатору

E: aalymbekova@unicef.org , 0777 91 91 43  

Наргиз Кошойбекова, БУУнун Аялдар агенттигинин, өлкө боюнча кеңсесинин байланыш боюнча адиси

E: nargiz.koshoibekova@unwomen.org

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар