Пресс-релиз

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн топтомдорду өткөрүп берди

26 ноябрь 2020

Бишкек, Кыргызстан – Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги  жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн топтомдорду акысыз өткөрүп берди. 

Бул гуманитардык жардам Россия Федерациясы тарабынан ДСУ аркылуу көрсөтүлүп, жер  титирөө, күтүүсүз суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган калкка  баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн медициналык багыттагы буюмдарды жана адистештирилген  медициналык модулду камтыйт.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында үч ай бою 10, 000 адамга медициналык жардам көрсөтүүгө болот. Ошондой эле ДСУнун жаракат жана кечиктирилгис хирургия үчүн атайын шайманы өзгөчө кырдаал учурунда бир бейтапка 2 операция деп эсептегенде (100 операция) хирургиялык жардам талап кылынган 50 бейтаптын муктаждыгын канааттандыруу үчүн материалдар жана дары-дармектер менен камсыз кыла алат.

Ушул гуманитардык жүктү расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрдин орун басары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кеңешчи-элчиси жана саламаттык сактоо кызматкерлери катышты. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрдин орун басары Каратаев мырза Россия Федерациясына жана  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга даярдык көрүүнү колдогону жана чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Россия элчилигинин өкүлү орус-кыргыз мамилелеринин өнөктөштүк жана стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин баса белгиледи, анын алкагында Москва республикага дары-дармектерди, ПЧР-тесттерди, медициналык жабдууларды, жеке коргонуу каражаттарын гуманитардык жүк катары жеткирүү менен ар тараптуу жана туруктуу жардам көрсөтүп турат.

ДСУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана өзгөчө кырдаал учурунда  өлкөнүн натыйжалуу аракеттенишине көмөк көрсөтө турган эл аралык медициналык-санитардык  эрежелерди ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи.  

Жүк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 4 тоннадан жогору болуп, баасы 42 000 АКШ долларынан ашты.           

 

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар