Башкы катчы Антониу Гутерриш: 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү – кечиктирилгис жалпы милдет

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш

Дүйнө климат өзгөрүүсү жөнүндө тарыхый Париж келишиминин кабыл алынышынын 5 жылдыгын белгилеп жатканда, көмүртек нейтралдуулугу үчүн көптү убада кылган кыймыл түзүлүүдө. Кийинки айда үлүшүнө зыяндуу парник газдарынын жалпы чыгындыларынын 65%дан көбү жана дүйнө экономикасынын 70%дан көбү туура келген өлкөлөр үстүбүздөгү жүз жылдыктын ортосуна чейин чыгындылардын нолдук балансын камсыз кылуу боюнча милдеттерди алышат. Ошол эле учурда негизги климаттык көрсөткүчтөрдүн начарлоосу байкалууда. COVID-19 пандемиясына байланыштуу чыгындылардын көлөмү убактылуу азайганына карабастан, көмүр кычкыл газынын деңгээли рекорддук жогорку деңгээлде турат жана жогорулоону улантууда. Акыркы он жылдык адамзат тарыхында эң жылуу мезгил болду; октябрь айында арктика музунун аянты рекорддук белгиге чейин азайды, ал эми катастрофалык өрттөр, суу каптоолор, кургакчылыктар жана бороондор барган сайын ченемдүү көрүнүш катары катталууда. Биологиялык көп түрдүүлүк азаюуда, чөлдөр кеңейүүлө, океандар ысып, пластмасса таштандыларга муунууда. Эгер биз азыркы күндөн баштап жана 2030-эылга чейин жыл сайын күйүүчү май түрүн казып алууну 6%га азайтууга кам көрбөсөк, абал андан дагы начарлайт. Мунун ордуна божомолдор мындай казып алуунун жыл сайын 2%га өсүп жатканын көрсөтүп турат.

Пандемиядан кийин калыбына келүү бизге күтүлбөгөн, бирок климаттын өзгөрүүсүнө каршы туруунун, бизди курчаган жалпы чөйрөгө тиешелүү көйгөйлөрдү жөнгө салуунун, экономиканы кайрадан түзүүнүн жана келечегибиз жөнүндө кайрадан ой жүгүртүүнүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биз төмөнкү чараларды көрүүбүз зарыл.

Биринчиден, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугу үчүн чыныгы жалпы коалицияны түзүү зарыл.

Европа бирлиги бул максатка жетүүдө колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бириккен Падышалык, Япония, Корея Республикасы жана 110дон ашык өлкө дагы колдоо көрсөттү. Ушундай эле колдоону Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы дагы көрсөттү. Кытай 2060-жылга чейин колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Ар бир өлкө, шаар, финансылык уюм жана компания чыгындыларды нолдук баланска чыгаруу боюнча пландарды кабыл алуусу керек жана максатка жетүүгө алып барган туура жолго түшүү үчүн азыркы учурдан баштап иштей баштоосу зарыл. Бул 2010-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 2030-жылы жалпы чыгындылар 45 %га азаярын билдирет. Глазгодо кийинки жылдын ноябрь айында өткөрүлө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча конференциясынын алдында, Париж келишими ар бир беш жылда барган сайын чечкиндүү максат коюуну милдеттендирген өкмөттөр «улуттук деңгээлде аныкталган салым» катары билинген, күчөтүлгөн милдеттерди түзүүгө тийиш жана бул милдеттер көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө чыныгы аракет кылууну көрсөтүүсү зарыл.

Технологиялар биз тарапта. Көпчүлүк заманбап көмүр электростанцияларын эксплуатациялоо, калыбына келтирилген энергия булактарын колдонгон электростанцияларын жаңыдан курууга караганда кымбат турат. Экономикалык талдоо бул жолдун тууралыгын тастыктайт. Эл аралык эмгек уюмунун баалоосу боюнча, жумуш орундарын аргасыздан жоготууга карабастан, экологиялык жактан таза энергетикага өтүү жыйынтыгында 2030-жылга чейин 18 млн жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок энергетикага өтүү адилеттүү негизде аткарылуусу үчүн, декарбонизациянын социалдык чыгымдарын таануубуз жана жумушчуларга социалдык коргоо, адистик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу формасында колдоо көрсөтүүбүз зарыл.

Экинчиден, эл аралык финансы системасын Париж келишими жана мыкты келечекти түзүү үчүн жалпы планды түзүүдөн турган туруктуу өнүктүрүү тармагындагы максаттарга ылайыкташтыруу зарыл.

Көмүртек чыгындыларынын баасын белгилөө; күйүүчү майдын казып алынган түрлөрүнө негизделген энергетиканы субсидиялоону жана каржылоону токтотууга; кирешеге эмес, көмүртек чыгындысына салык салууга жана салык төгүү милдетин салык төлөөчүлөрдөн алып, табиятты булгоочуларга жүктөөгө; климаттын өзгөрүшүнө байланышкан финансылык тобокелдер тууралуу маалыматтарды ачык кылууга; экономикалык жана бардык салыктык-бюджеттик маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү кароого убакыт келди. Банктар кредит берүү саясаттарын чыгындылардын нолдук балансына жетүүдөн турган жалпы максатка ылайык келтирүүсү зарыл, ал эми активдердин ээлери жана активдердин башкаруучулары декарбонизация кызыкчылыгы үчүн портфелдерин кайрадан карап чыгуулары зарыл.

Үчүнчүдөн, биз климаттын өзгөрүшүнүн оор кесепеттерине дуушар болгон адамдарга жардам берүү үчүн, адаптацияны жана жашоого болгон туруктуулукту камсыз кылуу үчүн инновациялык чечимдерди табышыбыз керек. 

Азыркы күндө бул багытта жасалган аракеттер жетишсиз болууда: адаптацияга климаттын кызыкчылыгы үчүн ишмердикти каржылоонун жалпы көлөмүнүн 20% гана бөлүнөт. Бул биздин кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча аракеттерибизге тоскоолдук жаратат. Бул дагы көрөгөчсүздүк; адаптация боюнча чараларга берилген ар бир АКШ доллары артыкчылыктар катары дээрлик 4 АКШ долларын алып келиши мүмкүн. Адаптация жана жашоого болгон туруктуулукту камсыз кылуу чакан аралдардагы өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн эң маанилүү белгиге ээ. Себеби климаттын өзгөрүүсү алардын жашоосу үчүн коркунуч келтирет.

Кийинки жылы БУУнун негизги конференцияларынын жана био көп түрдүүлүккө, океандарга, транспортко, энергетикага, шаарларга жана азык-түлүк системасына тиешелүү башка аракеттердин алкагында планеталык масштабдагы өзгөчө абалдарды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү үчүн бизге бир катар мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Бизге жаратылыштын өзү эң мыкты өнөк болуп саналат: табигый чечимдер Париж келишиминин максаттарын жетүү үчүн зарыл болгон, парник газдарынын чыгындыларын үчтөн бирге азайтууну камсыз кыла алмак.  Жергиликтүү элдердин билими бизге туура багытты көрсөтүшү мүмкүн. Адамзат курчап турган чөйрөнү сактоонун жана “жашыл” экономиканы түзүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгып жатканда, чечимдерди кабыл алуу процессине көп санда аялдар дагы катышуусу зарыл.

COVID-19 пандемиясы жана климаттын өзгөрүүсү жашообуздун нугун башка жакка бурду. Биз теңсиздик жана аярлуулук мүнөздүү болгон мурунку жашоо ченемдерибизге кайрыла албай жатамбыз. Мунун ордуна биз мурункудан коопсуз жана туруктуу жолго түшүшүбүз зарыл. Бул биздин саясат үчүн татаал сыноо жана моралдык бекемдигибиздин кечиктирилгис сыноосу. Биздин азыр кабыл алган чечимдерибиз алдыңкы он жылдыктардын абалын белгилегендиктен улам, пандемиядан кийинки калыбына келтирүүнү жана климаттын кызыкчылыгы үчүн аракет жасоону бир медалдын эки тарабы катары карашыбыз керек.  

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери
БУУ
Бириккен Улуттар Уюму