Пресс-релиз

Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюууда коомдун мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртүү

10 апрель 2018

Кыргызстандагы аялдар жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган жаңы үч жылдык долбоор бүгүн 2018-жылдын 10-апрелинде Бишкекте старт алды.

«Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү» жаңы долбоорунун баштапкы семинары аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюу жолдорун талкуулоо үчүн ЕБ жана БУУнун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт өкулдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту.

«Азыркы учурда чек аралар, муундар, улуттар жана коомчулуктар карабастан аялдарга жана кыздарга каршы зомбулугу зор адилетсиздик бири болуп саналат. Бул көрүнүш биздин жүрөгүбүздө жана акылыбызда чоң таасир калтырат. Ошондой эле бул көрүнүш ар кандай коомдун толук өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Реалдуу өзгөрүү жасоо максатында, ЕБ Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн күчтөрдү бириктирип, «БУУ-нун Аялдар» түзүмү менен өнөктөш болгонуна ыраазы болуп турат», – дейт Шарлотт Адриэн, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

Кыргызстандагы «БУУ-нун Аялдар» түзүмүнүн Өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жылдыз Куватова билдирүүсүнө карата: «Бул долбоор түздөн-түз Аялдарга каршы басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө Конвенциясын (CEDAW), Пекин Декларациясынын  жана Иш-аракеттер платформасынын жана 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибинин  ишке ашырууну коздойт, анткени бул документтер гендердик биримдикке жетүү максатында аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукка тиешелүү көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүүгө чакырат. «БУУ-нун Аялдар» түзүмү катары, биз баардык башка катышуучуларынын жана кызыкдар болгон тараптар менен кызматташтыкта натыйжаларга жетишүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз».

800000 евродон ашык бюджети менен ЕБ тарабынан каржыланган долбоору бейөкмөт уюмдар «HelpAge International» жана «Агенты перемен» менен шериктештикте «БУУ-нун Аялдар» тарабынан ишке ашырылат. Долбоор 2018-жылдан баштап, үч жыл ичинде аткарылып, Кыргызстандагы төрт областта ишин жүргүзөт: атап айтканда Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Ош областарында.

Кошумча маалымат алуу учун, Мериза Эмилбековага, Кыргыз Республикасындагы «БУУ-нун Аялдар» түзүмүнүн коомчулук менен байланышуу боюнча адиске кайрылсаңыздар болот: тел: 0770 07 85 25. Электрондук почта: meriza.emilbekova@unwomen.org.

Негизги маалымат:

Долбоордун аталышы: Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 30 ай (2018-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-июнуна чейин)

Долбоордун демөөрчүсү: Европа Биримдиги

Ишке ашыруу боюнча агенттиги: Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү (“БУУ-нун Аялдар” түзүмү)

Ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр: ХелпЭйдж Интернэшнл”, “Агенты перемен”

Долбоордун максаты - аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуктун өзөктүү себептерин жоюу аркылуу, мажбурлап турмушка берүү практикасына өзгөчө көңүл буруу менен, максаттуу коомчулуктардагы гендердик зомбулукту кыскартуу. Мындай өзөктүү себептер өз ичине терең тамыр жайган патриархалдык мамилени, кенен тараган гендердик стереотиптерди жана зыяндуу социалдык нормаларды камтыйт. Изилдѳѳлѳр кѳрсѳткѳндѳй, жарандар мажбурлап турмушка берүү практикасына терс көз караштарын билдиришет, бирок алардын жеке тажрыйбалары жана ой-пикирлери бул расмий көз карашка карама каршы келет.

Долбоордун алкагында жаштар, улгайган адамдар, кызмат адамдар, аксакалдар сотторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана диний лидерлер арасынан 16000ге жеткендей адам үй-бүлөлүк жана коомдук денгээлде өз ара сый-урмат жана гендердик адилеттикке карата негиздерин жана ошондой эле гендердик зомбулук менен байланышкан иштеринин мыйзам негизинде талкуулоонун керегин үйрөнүшөт. Мындан тышкары, аялдарга жана кыздарга каршы зомбулук жөнүндө малымдуулукту жогорулатуу боюнча кеңири кампаниянын жүрүшүндө 200000 аялдар менен кыздар, эркектер жана балдар мажбурлап турмушка берүү тажрыйбасын эске алуу менен, алар өздөрүнүн көз карашын жана мамилесин өзгөртүүгө чакырылат.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар