Пресс-релиз

Кыргызстандын көп тараптуу жана туруктуу өнүгүүшүн колдоо максатында БУУнун атайын миссиясы Бишкекке келди

25 июнь 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 25-июнунда, Бириккен Улуттар Уюмунун «МАПС» миссиясы Кыргызстанга бир жумалык сапары менен актуалдаштыруу, тездетүү жана программалык колдоо (MAPS: Mainstreaming, Acceleration, and Policy Support) аркылуу Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) өлкөнүн муктаждыктарына жана өнүгүү приоритеттерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү үчүн келди.

25-июндан тартып 29-июнга чейин Джордж Баума мырза, Стамбул шаарында ПРООНдун аймактык борборунда туруктуу өнүгүү кластери боюнча аймактык топтун жетекчиси, башында турган МАПС миссиясы 2030-жылдын Күн тартибин натыйжалуу жана ырааттуу ишке ашыруу жөнүндө куралдар топтомун, жетектөөчү көрсөтмөлөрдү жана эксперттик билимди берүү үчүн, тиешелүү өкмөттүк ведомстволордун, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргелешкен бир катар жолугушууларды жана семинарларды өткөрөт.

Миссия Кыргызстандагы БУУнун Өлкөлүк тобу тарабынан аныкталгандай тематикалык жана тармактык эксперттерди камтыйт жана миссиянын милдеттерин чечүү үчүн керектүү деп эсептеген компетенция чөйрөсүнө жараша, көйгөйлөрдүн негизинде БУУнун региондук коалициялардын сунуштарына негизделген.

Сапар аяктагандан кийин миссия өкмөт үчүн «Жол картасын» даярдайт, ал миссия убагында өткөрүлгөн кызыкдар тараптардын баалоолорун, консультацияларын жана диалогдорун ТӨМ ишке ашыруу боюнча өлкөнүн деңгээлинде андан аркы иш-аракеттерди жетектөө үчүн конкреттүү жана практикалык куралга которуу үчүн кызмат кылат.

 «Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолун издөөдө. МАПС миссиясынын Кыргызстанга ушул убакытта келиши өтө маанилүү, себеби ал мамлекеттин структуралык трансформациясына, экономиканын жана коомдун өзгөрүүсүнө, ошондой эле чөлкөмдө мамлекеттин өз ордун табуу үчүн өкмөттүн жалпы стратегияларында камтылган өнүгүүнүн тездеткичтери боюнча жол картасын аныктаганга жардам берет. МАПС тарабынан даярдалган жол картасы жана анын кийинки колдоосу Кыргызстандын өкмөтүнө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет жана өнүктүрүү тармагында шериктештери менен стратегиаялык диалог курууга платформа болуп бере алат», - деп билдирди БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело.

2015-жылдын сентябрында БУУ тарыхый саммитинде дүйнөлүк лидерлер тарабынан кабыл алынган 2030-жылы туруктуу өнүгүү үчүн күн тартибинде берилген 17 туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) 2016-жылдын 1-январында күчүнө кирди. Кийинки он беш жыл ичинде бардык жерде колдонула турган бул жаңы максаттарды эске алуу менен, өлкөлөр эч ким артта калбай турганын кепилдеп, жакырчылыктын бардык түрлөрүн жоюуга, теңсиздик менен күрөшүүгө жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө багытталган күч-аракеттерди мобилизациялашат.

 «Глобалдык максаттар» аталышы менен белгилүү болгон ТӨМ, Миң жылдыктын өнүгүү максаттарынын ийгилигине негизделет жана жакырчылыктын бардык түрлөрүн андан ары токтотууга багытталган. Жаңы максаттар планетаны коргоо менен, гүлдөп өнүгүүгө шарт түзүү үчүн, алар бардык өлкөлөр тарабынан, калктын жакыр, бай жана ортоңку катмарларын иш-аракетке чакыргандыгы менен уникалдуу. Алар жакырчылыкты жоюу экономикалык өсүшкө шарт түзгөн стратегиялар менен катар жүрүшү керектигин тааныйт жана бир катар социалдык керектөөлөрдү, анын ичинде билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, социалдык коргоону жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле климаттын өзгөрүүлөрү менен күрөшүүнү жана курчап турган чөйрөнү коргоону камтыйт.

Жооп катары БУУ агенттиктерин өнүктүрүү тобу өзүнө «МАПС» аталышы алдында ишке ашырууну натыйжалуу жана ырааттуу колдоо үчүн жалпы ыкманы пайдалануу милдеттенмесин алган. МАПС «Актуалдаштыруу, тездетүү жана саясый колдоо» дегенди түшүндүрөт.  Актуалдаштыруу деген ГРП улуттук, субулуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү пландарына киргизүүнү жана бюджеттик каражат бөлүүнү калыптандырууну түшүндүрөт. Тездетүү ар кандай максаттарга жана милдеттерге карата максималдуу таасирге ээ боло турган чөйрөлөрдөгү максаттуу ресурстарга жана кийлигишүүлөргө негизденет. Саясый колдоо БУУ өнүктүрүү системасынын көндүмдөрү жана билимдери натыйжалуу жана өз убагында берилүүсүн камсыздоого кирет.

Caption: МАПС миссиясынын жетекчиси Джордж Баума жана БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело.

Сүрөттөрдү көрүү үчүн бул шилтемеге кириңиз.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар