Пресс-релиз

"МАПС" миссиясынын КР Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу

29 июнь 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 29-июнунда, Бишкекте МАПС (Интеграциялоо, тездетүү жана саясатты колдоо) миссиясынын Премьер-министр Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү.

Caption: Экономика министри Олег Панкратов, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыев жана БУУ системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жолугушуунун катышуучулары менен амандашып жана натыйжалуу кызматташтык жана көрсөтүлгөн жардам үчүн БУУ системасына ыраазычылыгын билдирди. Өз сөзүндө Премьер-министр Өкмөт коюлган Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүнүн үстүнөн ишти уланта турганын белгиледи.

Премьер-министр өз сөзүндө жарандык сектор, бизнес коомдоштугу менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, жасалып жаткан иштин форматын өзгөртүү жана аны ачыктыктын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде куруу ниетин билдирди.

Өкмөт электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн план ченемдүү ишти улантат. Бул жылы 45 электрондук кызмат көрсөтүү киргизилген.

«Кыргызстан процесстин башталышынан тартып туруктуу өнүгүүнүн глобалдык күн тартибин даярдоого жана талкуулоого, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын аныктоого жигердүү катышып келген. Биз Кыргызстандын улуттук приоритеттерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө даярбыз».

Андан ары, Өкмөт башчысы өлкөнүн 2040-жылга чейинки мезгилде Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” орто мөөнөттүү стратегиясынын контекстинде ТӨМ жетишүү боюнча ишти андан ары улантуу ниетин ырастады.

Эксперттердин баяндамаларын угуп, Премьер-министр жасалып жаткан иштерге канааттанганын жана миссия жасаган бардык корутундулар аларды андан ары жеткире иштеп чыгуу үчүн профилдик мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго бериле турганын билдирди.

Өзүнүн амандашуу сөзүндө Кыргызстандагы БУУ Туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолдорун издеп жатканын айтты. МАПС миссиясы өз убагында келди жана бизге ТӨМна карата жол картасын аныктоого жана иштеп чыгууга шарт түзөт. Мындан аркы колдоо Кыргызстан Өкмөтүнө ТӨМна жетүүдө натыйжалуу ишти жүргүзүүгө жана адам укуктары, гендер, экономика жана коом маселелеринде аны андан ары түзүмдүк өзгөртүүгө жардам берет.

Миссиянын эксперти Елена Данилова-Кросс Кыргызстандагы тез комплекстүү баалоонун жыйынтыктарын тааныштырды жана айрым жетишкендиктер бар экенин, бирок бардык мамлекеттик программалар үчүн мониторинг жана баалоо системасынын үстүнөн иштөө керектигин жана өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттү жолун аныктоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гульмира Каримовна эксперттердин айткан сөздөрүнө карата комментарий жасады. «Кыргызстан абдан жаш өлкө, калктын 39%ы жаштар болуп саналат. Бардык реформада мугалим каралган – педагогикалык курамга салым керек. Кыргызстанда 79 000 миң мугалим иштейт жана бул жерде олуттуу иш жасалышы керек».

Социалдык камсыздоо министри анын министрлиги социалдык колдоону өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барып жатканын айтты жана ал МАПС эксперттери бул документти иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 «Биз бардык мамлекеттик программаларды унификациялоону сунуштайбыз. Азыр өлкөдө 220дан ашык ар кандай программалар бар, биз аларды комплекстүү кылып жана 20-25 программага чейин кыскартууну каалайбыз», – деди КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

ФОТОСҮРӨТТӨРДҮ БУЛ ЖЕРДЕН табууга болот.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар