Пресс-релиз

Кыргызстандагы белгилүү адамдар өз күйөрмандарын ВИЧ оорулууларга боорукер болууга үндөштү

23 июль 2018

Кыргызстандын социалдык тармактарынын 1 000 000 колдонуучусу ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону жок кылуу максатын көздөгөн жаңы медиа-өнөктүккө тартылат.

Бишкек, Кыргызстан  2018-жылдын 18-июль күнү Бишкекте #БоорукерБол #БудьДобрее аттуу жаңы медиа-өнөктүктүн бет ачары өттү. Бул өнөктүк ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону болтурбоого багытталган. Жаңы өнөктүк Кыргызстандагы социалдык тармактардын 1 000 000 колдонуучусун камтыйт.

Медиа-өнөктүктү БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Программасынын (ЮНЭЙДС) колдоосу алдында ЮНЕСКОнун Билим берүүдө маалыматтык технологиялар боюнча институту демилгелеген.

Өнөктүккө Кыргызстандагы белгилүү адамдар катышты. Алар: Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова жана Эркин Рыскулбеков.

“Бул демилгеге катышып жатканыма кубанычтамын. Популярдуулугуңду колдонуп, өз күйөрмандарына, өлкөбүздүн жарандарына ВИЧ илдетин жуктуруп алган адамдар башка адамдардай эле тең укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонун жеткирсе болот”, – деп айтты ырчы, музыкант, “Голос” шоусунун 5-сезонунун финалисти Кайрат Примбердиев.

Өнөктүктүн бет ачары алдында белгилүү алып баруучу, шоумен жана продюсер Эркин Рыскулбеков ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы расмий Ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды.

“Бул мен үчүн чоң сыймык жана ошол эле маалда укмуштуудай жоопкерчилик. Мен бир нече жылдан бери ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы кеңсеси менен кызматташып келатам. Өзгөчө ВИЧ менен жашаган балдарга жана өспүрүмдөргө карата стигма жана басмырлоо өңдүү көрүнүштөрдү толугу менен жок кылуу үчүн жаңы кызматымда мурдагыдан дагы көп ишти жасагым келет”.

2018-жылдын 1-июнуна карата Кыргызстанда ВИЧ оорулуу 8 323 адам катталган, алардын 636сы өспүрүмдөр жана балдар. ВИЧ оорулууларга карата стигманын деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон кала берүүдө. Жаңы медиа-өнөктүк жарандарга ВИЧ көйгөйү тууралуу маалымат жеткирүүдөн тышкары, ВИЧ оорулуу адамдардан коркуу жана шектенүү негизсиз болгонун көрсөтүүгө багытталган.

Caption: ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева Эркин Рыскулбековго ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы расмий Ыктыярдуу элчиси сертификатын тапшырууда

Өнөктүктүн режиссеру, “Media Kitchen” компаниясынын жетекчиси Азим Азимов буларды айтты:

“2017-жылы орусиялык белгилүү ырчы Вера Брежневанын, Кыргызстандагы белгилүү адамдардын катышуусунда, ЮНЭЙДСтин финансылык колдоосу менен алдында  #СенЖалгызЭмессиң (#ТыНеОдинок) социалдык өнөктүгү үчүн бир катар тасмалар чыккан.

Бул өнөктүктүн жүрүшүндө бир кыйла парадоксалдуу көрүнүшкө күбө болдук: биринчиден, белгилүү адамдар ушундай демилгелерге жан дили менен катышат экен. Экинчиден, тасмалардын алдына жазылган ой-пикирлерде Интернеттин колдонуучулары тарабынан түшүнбөстүктөр жана кыжырдануу байкалды. Буга карабастан, тажрыйба жана убакыт көрсөткөндөй, белгилүү адамдардын популярдуулугун колдонуп, ВИЧ оорулуу балдарды кодулоо жана аларга карата стигманы азайтуу темасын туура кабыл алууга жардам берсе болот. Бул долбоорду көбүнэсе Эркин Рыскулбековдун жардамы менен ишке ашыруу мүмкүн болду, ал долбоорго баа жеткис салып кошуп,  бул акциянын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды”.

“Тасма жасалма документалистика (mockumentary) жанрында тартылган жана анда реалити-шоунун элементтери бар. Мындайды буга чейин жасай элек болчубуз жана ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигма жана басмырлоо өңдүү маанилүү жана оор теманы кимдир бирөө ушинтип кызыктуу айтып бергенин да көргөн эмеспиз деп ишенимдүү айта алам. Белгилүү адамдар тасма тартуу процессине жигердүү катышканы абдан жакты. Болгондо да алар режиссер, сценарий жазуучу, оператор катары да катышты. Алардын ар бири өзүнүн баа жеткис салымын кошту, менимче чындап мыкты жана сапаттуу продукт жасай алдык. Эми калганын көрөрмандардын сынына койдук – баарын бул тасманы көрүүгө чакырат элем. Биз ой-пикириңизди күтөбүз”.

ЮНЕСКОнун Билим берүүдө маалыматтык технологиялар боюнча институту жана ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы кеңсеси СПИД эпидемиясы менен күрөшкөндөрдүн катарында белгилүү алып баруучуларды, ырчыларды көргүсү келет.

“Мына ушундай билим берүүчү-агартуучу долбоорлорго белгилүү адамдардын кошулганы өтө маанилүү. Алардын жардамы менен кеңири аудиторияга өтө жөнөкөй, бирок ошол эле маалда фундаменталдык идеяларды чындап жеткире алабыз. Ал идеялар: өз саламаттыгына жоопкерчиликтүү мамиле, жакын адамдарга камкордук, өз ара сый-урмат, тең укуктуулук жана боорукердик. Биздин демилгелерге кошулууга даяр болгон белгилүү, таланттуу адамдардын катары жыл сайын калыңдап жатканы кубандырат. Ар бир жаңы медиа-өнөктүк көрөрмандар менен кызыктуу жана аларга түшүнүктүү болгон тилде сүйлөшүүгө жол ачат. Жакынкы келечекте стигма жана басмырлоо көрүнүштөрүн унутабыз деген үмүт шооласы жанды”, - деп билдирди ЮНЕСКОнун регионалдык кеңешчиси Тигран Епонян.

Кыргызстандагы ВИЧ-инфекциясын алдын алууга байланышкан кошумча суроолор боюнча ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаевага кайрыла аласыз. Электрондук дареги: sarybaevam@unaids.org

Сүрөттөрдү бул ШИЛТЕМЕДЕ көрсөңүз болот.

 

Мээрим Сарыбаева

Мээрим Сарыбаева

ЮНЭЙДС
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Мээрим Сарыбаева 2014-жылы БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын өлкө директору катары милдетин аткарууга киришти. БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасына келгенге чейин БУУнун Өнүктүрүү программасынын социалдык өнүктүрүү боюнча кластеринде иштеген жана ВИЧтин алдын алуу маселелерин тескеген. 2002-жылдан 2010-жылга чейин Мээрим Сарыбаева БУУнун Өнүктүрүү программасынын ВИЧ/СПИД боюнча программасында иштеген жана адам укуктары жана мыйзам чыгаруу тармагында ишмердигин координациялаган.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар