Пресс-релиз

БУУ-БАУ Өнүгүү маселелери боюнча III диалог: Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык

09 апрель 2018

2019-жылдын 9-апрели – Саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө кырдаалдарга багытталган даярдыкты күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо коопсуздугун жакшыртууга багытталган атайын диалог өттү. Ага 60тан ашуун жогорку деңгээлдеги өкмөт өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, өнүктүрүү тармагындагы өнөктөштөр, илимий адистер, саламаттыкты сактоо боюнча серепчилер жана жарандык коомдун өкүлдөрү  катышты.

Бул диалог Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту (МБСИ) тарабынан уюштурулду. Аталган иш-чара саламаттыкка байланышкан өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу үчүн кызматташуу, биргелешкен демилгелерди талдоо жана өлкөнүн эл аралык саламаттык сактоо жөнүндө жобонун мындан ары ишке ашыруу үчүн даярдыгын жогорулатууда приоритеттерди талкуулоочу аянтча болуп берди.

Диалогдун жүрүшүндө ийкемдүү даярдыктарды пландаштыруунун маанилүүлүгү баса белгиленип, өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, маалымат алмашуу, улуттук деңгээлде секторлор аралык кызматташууну бекемдөө жана коомдук саламаттыкка байланышкан кырдаалды аныктоодо, ага баа берүүдө жана ал жөнүндө баян жасоодо өкмөттүн жана тийиштүү министирликтердин ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

«Көп учурда өзгөчө кырдаалдар күтүлбөгөн жерден орун алат. Ошондуктан биз  саламаттыкты сактоо системасын муктаждар үчүн ар тараптуу, тиешелүү өлчөмдө, өз убагында жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө даярдыгын камсыз кылышыбыз керек», - деди Каратев Мадамин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. «Өзгөчө кырдаалдар учурунда саламаттык сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгү коопту болушу мүмкүн, ошондуктан бул системаларды күчөтүү абдан маанилүү.»

«Борбор Азия университети Бириккет Улуттар Уюму менен биргеликте Кыргызстанга маанилүү багыттарда далилдерге негизделген өкмөттүк программаларды түзүү үчүн аянтчаны камсыз кылууга дайым даяр», - деп иш-чараны ачып жатып билдирди илимдер кандидаты, БАУнун ректору Сохаил Накви. «Бул сыяктуу аянтчалар изилдөөчүлөргө жумуштарынын жыйынтыктары менен бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк түзөт жана жараяндын катышуучуларына тийиштүү программа түзгөнгө жардам берет».



«Бардык кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды өзгөчөлөнткөн бир нерсе бар. Алар коомчулукка жана адам ден соолугуна, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келет. Даярдыкты жакшыртуу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин бир кыйла азайтуу мүмкүн. Ошондуктан биз өлкөнүн кырсыктардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү, чара көрүү жана калыбына келтирүү жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө багытында дараметин бекемдөө үчүн чогу иштешибиз керек. Саламаттыкка байланышкан өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү – бул бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз жана туруктуу өнүгүүгө жол ачат», - деди Озонниа Ожиело мырза, Кыргыз Республикасында БУУнун Туруктуу координатору.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар саламаттык сактоо секторунун өзгөчө кырдаалдарда даярдыгы, көп санда жапа чегүү учурларга чара көрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу даярдыгынын коомго жана өкмөткө пайдасы жөнүндө маселелер көтөрүлдү.

Катышуучулар саламаттыкты сактоо системасынын туруктуу өнүгүүсүнө жетүү үчүн, Эл аралык саламаттыкты сактоо жоболорунда камтылган, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өкмөт, тийиштүү министрликтер менен биргеликте жыйынтыктуу иш алып баруу үчүн потенциалды мындан ары да жогорулатылышы керектигин белгилешти.

Кошумча маалымат:

БУУ-БАУнун ɵнүгүү маселелери боюнча диалог алты болүктөн турат жана туруктуу ɵнүгүүнүн маанилүү суроолору боюнча ɵкмɵт, ɵнүктүрүү жаатында ɵнɵктɵштɵрдүн, жарандык коомчулуктун, жеке тармактын жана илимий чɵйрɵ ортосунда пикир алмашуу жана кеңеш берүү максатында уюштурулуп турат.

Диалогдун максаты – Кыргызстанда саясатты калыптандыруу үчүн тармактардын ырааттуулугун, интеграцияны жана ɵнɵктɵштүк мамилелерди жакшыртуу болуп саналат. Ар бир сүйлɵшүү кызыктар болгон тараптын негизги тематикалык суроолорду талкулоо, суроо-жооптордун топтому жана ачык талкулоонун негизинде аналитикалык документтердин негизи болуп жана өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш алып барууга жардамдашат.

Кошумча маалымат үчүн байланыштар:

Нуршат Абабакиров, БУУ тутумунун коммуникация маселелери боюнча координатору, БУУнун КРдеги Туруктуу Координаторунун кеңсеси nurshat.ababakirov@one.un.org жана/же 0770 979 703

Насир Пирани, Борбордук Азия Университетинин Өнүктүрүү жана Коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмдүн директору PublicAffairs@ucentralasia.org, 0312 910 822

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар