Пресс-релиз

Адистер өндүрүштү жана техникалык базаны өнүктүрүү боюнча приоритеттерди талкуулады

24 июнь 2019

Бишкек, 24-июнь. Бүгүн өнүгүү маселелерине арналган төртүнчү диалогго алдыңкы адистер, министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып  “Кыргызстандын өндүрүш жана техникалык базасын өнүктүрүүгө” арналган темада талкуу өткөрүштү. Жарым күнгө созулган бул диалог Бишкекте 24-июнда орун алды. Диалог Бириккен Улуттар Уюмуну (БУУ) жана Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту (МБСИ) тарабынан уюштурулду. Бул диалогдордун негизги максаты – өлкөнүн өнүгүү жаатында приоритеттүү маселелери боюнча узак мөөнөттүү саясатты иштеп чыгууга көмөктөшүү.

Адистер жана эл аралык уюмдар өкүлдөрү өндүрүштү туруктуу өнүгүү үчүн приоритеттүү тармактардын бири катары белгилеп, учурдагы абалды жакшыртуу үчүн өз сунуштарын тартуулашты.   

“Дүйнө төртүнчү өндүрүштүк революциянын алдында турган учурда Кыргызстан үчүн билимдүү жаштарга жана салыштырмалуу жогорку адамдык капиталга ээ болуусу чоң мүмкүнчүлүк түзөт.” - деп билдирди проф. Сохаил Накви, БАУнун ректору. “Жогорку окуу жайлар абдан маанилүү. Алар экономиканы өнүктүрүү үчүн керектүү адам ресурстарын камсыз кылат жана алдыга карай багытты, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктаган изилдөөлөр үчүн борбор болуп бере алат.”

“Өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча маалыматыбызды болүшүү үчүн платформа түзүү жана бардык кызыктар тараптарды чогултуу биз үчүн абдан маанилүү. Биз бул платформада калыптанган сектор аралык тоскоолдуктарды жоюу үчүн түрдүү көз караштагы ой-пикирлерди бөлүшүү, мамлекеттик программалардын ырааттуулугун жана алардын айкалышкан түрдө түзүлүүсүн колдоо үчүн жыйынтыктуу талкуу жүргүзө алабыз,” деп билдирди БУУнун Туруктуу координаторанын милдетин аткаруучу Андреа Баньоли.

Диалогдун жүрүшүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө өндүрүштүн маанилүү салымына көңүл бурулуп, өндүрүштүк өнүгүүдө парламенттин ролу талкууланды, Кыргыз Республикасынын 2019-2024 жылдарга өндүрүштү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына жана аны аткаруу планына сунуштар айтылды жана технологиялык өнүгүүнүн экомоникалык саясаты менен катышуучулар танышышты.     

“Эгер биз температуранын жогорулашын, мөңгүлөрдүн эришин, биотүрдүүлүкүтүн жоголушун каалабасак, бизге тийиштүү өндүрүш технологиялары керек. Глобалдык приоритеттерди коргоп жатып Кыргызстанды эли жакырчылыкка дуушар болбош керек. БУУ тарабынан жактырылган көмүрдү таза жагуу ыкмалары бар. Биз катуу отун жагуу боюнча турумубузду аныкташыбыз керек. Эгерде катуу отунду биз колдонбосок, бизде суугат маалында электроэнергиянын жана суунун жетишсиздиги орун ала бермекчи. Калктын жашоо деңгээлин өндүрүштү өрчүтүү аркылуу гана кыйла өзгөртө алабыз,” - деди вице-премьер-министрдин кеңешчиси Абай Алымкулов сөзүндө. Ал түптөөчү документ катары “Өндүрүш жөнүндө” мыйзам долбооруна диалогду бурду. Ушул жылдын күз айында өтө турган Донорлор конференциясында билдирүү үчүн приоритеттерди так аныктоого кызыктар тараптарга жана өндүрүш боюнча мамлекеттик комитетке сунуштады.     

БУУ-БАУнун ɵнүгүү маселелери боюнча диалог алты болүктөн турат жана туруктуу ɵнүгүүнүн маанилүү суроолору боюнча ɵкмɵт, ɵнүктүрүү жаатында ɵнɵктɵштɵрдүн, жарандык коомчулуктун, жеке тармактын жана илимий чɵйрɵ ортосунда пикир алмашуу жана кеңеш берүү максатында уюштурулуп турат. Диалогдун максаты – Кыргызстанда саясатты калыптандыруу үчүн тармактардын ырааттуулугун, интеграцияны жана ɵнɵктɵштүк мамилелерди жакшыртуу болуп саналат. Ар бир сүйлɵшүү кызыктар болгон тараптын негизги тематикалык суроолорду талкулоо, суроо-жооптордун топтому жана ачык талкулоонун негизинде аналитикалык документтердин негизи болуп жана өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш алып барууга жардамдашат.

Кошумча маалымат үчүн байланыштар:

  • Нуршат Абабакиров, БУУ тутумунун коммуникация маселелери боюнча координатору, БУУнун КРдеги Туруктуу Координаторунун кеңсеси nurshat.ababakirov@one.un.org, жана/же 0770 979 703
  • Насир Пирани, Борбордук Азия Университетинин Өнүктүрүү жана Коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмдүн директору PublicAffairs@ucentralasia.org, 0312 910 822

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар