Кыргызстанда жыныстык билим берүү жана ВИЧ
Кыргызстанда ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр, жаштар, алардын ата-энелери үчүн жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук боюнча тренингдердин сериясы өттү.
“Мен 18 жаштамын жана турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп жатам. Биздин аймакта кыздар эрте эле күйөөгө чыгышат. ВИЧ статусум менен жигит таба албай каламбы деп корком, демек, мен толук үй-бүлө кура албайм да”,-дейт Кыргызстандын Ош шаарында өткөн тренингдин катышуучусу Саёра (аты өзгөртүлдү).
“Биз катышкан буга чейинки тренингдер дайыма ВИЧ статусубуз жөнүндө болчу, мен алардан абдан тажадым. Бул жерде биз адегенде ачык темаларга баарлаштык. Мен эркек балдардын ич кийиминдеги тактар жөнүндө суроо бере алдым, акыры бул эч коркунучтуу болбогонун түшүндүм”, - дейт тренингдин катышуучусу, 17 жаштагы Руслан (аты өзгөртүлдү).
“Мен дайыма кыздарым менен “ушундай” темада сүйлөшкөндөн уялчумун. Кыздар менен этек кир жана гигиена жөнүндө сүйлөшүү зарыл жана маанилүү экенин эми түшүндүм. Мен өзүм да бир кезде ушундай өспүрүм элем жана биринчи этек кирим жөнүндө апама айтуудан коркконум эсимде”, - ВИЧке чалдыккан кыздын апасы, 44 жаштагы Гүлнара (аты өзгөртүлдү).
2021-жылдын июнь айынан июль айына чейин Кыргызстанда ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр жана жаштар, алардын ата-энелери үчүн жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук боюнча тренингдердин сериясы өттү.
Жыныстык билим Кыргызстанда көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан тема бойдон кала берүүдө. Бирок өлкөдө эрте никеге туруу, бойдон алдыруу жана өспүрүмдөргө карата чуулгандуу зомбулук учурлары боюнча статистика мындай билим берүүнү андан ары илгерилетүү зарылдыгын көрсөтүп турат. 2019-жылы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 20 жашка чейинки топто 1470 бойдон алдыруу катталган, 2020-жылы 934 учур болгон. Коронавирус илдети күчөп турган чакта, көптөгөн кыздар коопсуз бойдон алдыруу кызматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондон кийин бул статистикада төмөдөө байкалды. Кыргызстандагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, 2020-жылы балдарга жана өспүрүмдөргө карата 287 зордук-зомбулуктун 151 учуру өспүрүм кыздарга туура келген, анын ичинен 63 учур жыныстык зомбулук фактысы болгон.
“ВИЧ менен жашаган өспүрүмдөр жана жаштар да зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө дуушар болушат. Мындан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук программалары менен интеграциясын күчөтүү зарылчылыгы бар. Биз өспүрүмдөргө өз статусун кабыл алуу боюнча тренингдер гана эмес, ошондой эле комплекстүү жардам да керек болгонуна ынандык. Өспүрүмдөрдө лидерлик потенциалды өнүктүрүп, аларды зомбулукту таанып билүүгө, өзүн стигмалоону жок кылууга үйрөтүү маанилүү”,-дейт ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.
Тренингдер “Аракет плюс” Коомдук фонду жана “Репродуктивдүү ден соолук альянсы (РДА)” улуттук уюму менен өнөктөштүктө, ЮНЭЙДСтин өлкөлүк кеңсеси ишке ашырып жаткан Орусиянын Техникалык жардам программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Галина Чиркина, РДАнын аткаруучу директору:
“Жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук менен ВИЧтин ортосундагы байланыш бул тармакта иштеген адистер үчүн айкын болуп турат, бирок жөнөкөй адамдар же ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөр үчүн дайыма эле андай боло бербейт. РДАда биз ар дайым ден соолук маселелерине комплекстүү мамиле жасоо, СРЗ жана ВИЧ программаларынын интеграциясы жөнүндө сүйлөшөбүз. Биз ВИЧ статусу бар жаштарды кантип дени сак жыныстык жашоо өткөрө алары, аны өзү жана өнөктөшү үчүн кантип коопсуз кыла алары, үй-бүлөнү кантип пландоо керек экендиги тууралуу жалпы түшүнүктөргө үйрөтөбүз”.
Өспүрүмдөр үчүн тренингдер менен бир убакта алардын ата-энелери үчүн да тренингдер уюштурулду. Ата-энелер өспүрүмдөрдүн да жеке чектери бар болгонун баамдап, адамдар ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары менен оор, кээде ачык темаларга сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек.
Улук Батыргалиев, РДАнын жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча тренери. Улук ата-энелер тобу менен иштешип, алган таасирлери менен бөлүштү:
“Ата-энелер биздин ишибизге ыраазы болушту, биз көптөгөн ыраазычылык сөздөрүн уктук. Тренингдин биринчи күнүндө алар бизге көнүп жатса, андан кийин толугу менен ишеним артышып, өздөрү же балдары кантип ВИЧ статусун алып калганын айтып беришти. Муну угуп отуруу абдан оор. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын келечеги үчүн тынчсызданышат. ВИЧсиз адамдар ВИЧке чалдыккан балдары менен сүйлөшкүсү келеби, жокпу – бардык ата -энелер бизге узаткан негизги суроолордун бири. Ата-энелер жамаатында өзүн стигмалоо көрүнүш туруктуу калыптанып калганы мени таң калтырды. Тандоо эркиндигин баалаган адам катары мен үчүн ата-энелер “таза адамга” илдетти жуктурбаш үчүн, алдын ала өз ара макулдашып, балдарын бири-бирине үйлөнтүп/күйөөгө беришкенин угуу таң калыштуу болду. “Таза” деген сөз ата-энелер жамаатында ВИЧ статусу жок адамдарга карата колдонулат. Менин оюмча, мындай мамиле үй-бүлөнүн ичинде укмуштай өзүн стигмалоо мамилесин жаратып, өспүрүмдөрдү андан да чоң депрессияга түртөт”.
Ата-энелер үчүн өткөн тренингдерде бойго бүтүрбөө маселелери талкууланды. Чоңдор өсүп келаткан балдарына бойго бүтүүдөн сактануу ыкмалары жөнүндө кантип айтып бере алышат, каалабаган кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргой турган презервативди кантип колдонуш керектигин кандай жол менен үйрөтө алат – мына ушул маселелер талкууланды. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн ата-энелери зомбулуктун ар кандай формалары жана түрлөрү болушу мүмкүн экенин билип калышты.
Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр алардын пикирин урматтаган, жаштардын ички сезимдерин жокко чыгарууга аракет кылбаган адамдарга кулак төшөй турганы маанилүү. Өспүрүмдөрдүн өз көз карашына укугу бар экенин баамдап, ата-энелер жана чоңдор өспүрүмдөрдүн толук ишенимине ээ боло алышат жана муну менен ВИЧке чалдыккан жаштарга өз статусун кабыл алууга жардам бере алышат.
ЮНЭЙДС ВИЧ боюнча программалар менен жыныстык билим берүүнүн ортосунда тыгыз байланышты караштырган жаңы стратегияны сунуштайт. Мындай интеграция мамилелердин теңдигин, ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр менен жаштардын жыныстык билим алууга жана репродуктивдүү ден соолукка болгон укуктарын камсыздайт.