Пресс-релиз

16 күндүк кампания: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов: Ким аялга кол көтөрсө, мамлекет мыйзамдын толук күчү менен артынан түшөт

25 ноябрь 2021

Бүгүн, 25-ноябрда, Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Гендердик зомбулукка каршы активизмдин 16 күнү» аттуу жылда өтчүү эл аралык кампания старт алды. Быйыл жалпы республикалык кампаниянын башталышын Баткен облусунда жергиликтүү аял лидерлер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов расмий түрдө жарыялады. Быйыл кампания "Коркпо. Токтот. Жаша!" лозунг менен өтүүдө. Түз эфирде берилген кайрылуусунда Эдил Байсалов мырза аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу боюнча өкмөттүн чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.  

4N2A6972

4N2A7111

4N2A7094

Бул акция жыл сайын 16 күнгө созулуп, 25-ноябрда – Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык күнү башталып, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз кайрылуусунда төмөнкү билдирүүнү жасады:

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка чыдамсыздыгын жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу чаралары менен калктын маалымдуулугун жогорулатуу, эл агартуу, коомчулуктун көңүлүн бул көйгөйгө буруу.

2021-жылдын 10 айында үй-бүлөлүк 9,378 зомбулук фактысы катталган, бул 2020-жылдын ушул эле мезгилинде 8,989 учур катталгандан 955 учурга же 4.3%га көп.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата 8 322 убактылуу коргоо ордерлери берилген: жабыр тарткан эркектерге 278, аялдарга 7 807, жашы жете электерге 237.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери гендердик, тең укуктуулук саясатты институтташтыруунун негизин түзүүгө, гендердик теңсиздикти жоюуга, аялдардын социалдык-экономикалык, коомдук саясий жана руханий өнүгүүсүнө багытталган бир нече улуттук программалар бекитилген.

Гендердик чөйрөдө эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча тийешелүү нормативдик, укуктук база түзүлүп, негизги мыйзамдар кабыл алынган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча биздин өлкө КМШ аймагында биринчилерден болуп социалдык жана укуктук коргоо жөнүндө мыйзамын кабыл алган. Бирок үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук фактыларынын санын жылдан жылга көбөйүшү бул жаатта аткарылып жаткан иштер жетишээрлик эмес, солгун жүрүп жаткандыгын аныктайт.

Биздин өлкөдө азыркы учурда жалпы калкыбыздын 50%нан көбү бул аялзат. Дүйнө жүзүндөгү бир да өлкө өнүгө албайт, эгер анын жарым калкынын потенциалы колдонулбай, көмүскөдө калып, өз жеринде, өз үйүндө кор болушса.

Демек биз Кыргызстандын аялдарынын мүмкүнчүлүктөрүн, билимин, күчүн туура колдонуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий өнүгүүсүнө багытташыбыз шарт.

Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялдарыбыз биздин өлкөнүн өзгөчө күчү, деми болуп саналат. Алар өздөрү жашап жаткан аймактардын агрардык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатышат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук жеке маселе эмес экенин таанышыбыз керек. Буга укук коргоо органдарына кайрылуулардын саны боюнча жогорудагы маалыматтар, соттордун жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин маалыматтары, Улуттук статистикалык комитеттин изилдөөлөрү далил.

Биздин милдет - ар бир жаранга үй-бүлөдөгү, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка жол берилбестигин жеткирүү.

Биздин мыйзамдык базаны заманбап кылуу менен, айылда же шаарда болобу, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга эффективдүү системалуу механизмди киргизүү аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу үчүн азыркы мезгил өзгөчө учур болуп саналат. Ар бир жаран аялдын укугу кол тийгис экенин, аялга ким кол көтөрсө, бүт мамлекет мыйзамдын бардык күчү менен артынан түшөөрүн билип жүрүү керек. 

Бул багытта биздин саясатыбызды натыйжалуу ишке ашыруу, өлкөбүздө зордук-зомбулукту жоюу бардык мамлекеттик органдардын жакшы координацияланган ишинен, жана ошондой эле биздин бардык жарандарыбыздан, үй-бүлөдө, шаарда, айылда, ар бир көчөдө болобу, көз каранды экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Буга баарыбыз активдүү катышуубуз керек.

Мамлекет бул маселеге иш жүзүндө көңүлүн бурат. Азыркы министрлер кабинети кризистик борборлорду каржылоону үч эсеге көбөйтүү чечимин жарыялады. Буга чейин бул максатка жети миллион сом бөлүнгөн болсо, эми биз муну үч эсеге көбөйтүүнү чечтик, ошондой эле өлкө боюнча кеңири коомдук өнөктүккө кошумча беш миллион сом бөлүүнү чечтик”, - деп билдирди өз кайрылуусунда Эдил Байсалов.

Ал ошондой эле эл аралык өнөктөштөргө, БУУнун агенттиктерине жана «Теңдик нуру» (Spotlight Initiative) программасына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, аялдарга карата зомбулук маселеси коомчулуктун жана өкмөттүн, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийликтеринин, өз алдынча башкаруу органдарынын иши экенин жана бул иш-аракеттер өкмөттүн бардык деңгээлдеринде каралат деп айтты.

Иш-чарадан фото сүрөттөр.  

4N2A7070

 

4N2A7006

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар