Пресс-релиз

БУУнун Тынчтык куруу Фондунун Биргелешкен башкаруу комитети Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана жаңы долбоорлорду талкуулады

08 февраль 2023

БУУнун Тынчтык куруу фондунун (БУУ ТКФ) Биргелешкен башкаруу комитетинин жыйыны 

IMG_0473

 

Бишкек – Бүгүн БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве жана Президенттин администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тең төрагалыгы астында, БУУнун Тынчтык куруу фондунун (БУУ ТКФ) Биргелешкен башкаруу комитетинин жыйыны өттү. Өкмөт өкүлдөрүнөн, БУУ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн жана жарандык коомдон турган аталган комитет Кыргыз Республикасындагы БУУнун тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик долбоорлорун көзөмөлдөйт.

2010-жылдан бери БУУнун Тынчтык куруу фонду өлкөдөгү тынчтык демилгелерин колдоо үчүн жалпысынан 56 миллион доллар бөлгөн. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун БУУ Баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылуусунун негизинде, 2021-2026-жылдарга карата БУУ Тынчтык куруу фондунун ишинин учурдагы долбоорлору ачык-айкын башкарууга, инклюзивдик жарандык иденттүүлүккө, чек арадагы коомчулуктардын ортосундагы ишенимге жана кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Жыйында жалпы бюджети 5,1 миллион долларды түзгөн үч долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин, анын ичинде аялдар баштаган демилгелерди жана жергиликтүү деңгээлде өкмөт менен жарандык коомдун тыгыз өнөктөштүгүн илгерилетүүгө багытталган жалпы бюджети 3,9 миллион долларды түзгөн эки жаңы долбоор талкууланды.

БУУнун Туруктуу Координатору бардык деңгээлдердеги ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, катышуучуларга БУУнун Тынчтык куруу фондунун долбоорлору коомдо тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө, ошондой эле пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн платформаларды камсыз кылууга жана потенциалдарды жогорулатууга багытталгандыгын баса белгиледи. Президенттик аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тынчтыктын жана экономикалык гүлдөп өнүгүүнүн өбөлгөлөрү катары өлкөдөгү толеранттуулукту жана инклюзивдүүлүктү мындан ары да сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Биргелешкен башкаруу комитет Кыргыз Республикасында БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган демилгелердин отчеттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Бул демилгелер мындан ары да тынчтыктын жана социалдык биримдиктин аракеттерин колдоону уланта бермекчи.

***

Жыйындын сүрөттөрүн көрүш үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://flic.kr/s/aHBqjAriCU

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУ
Бириккен Улуттар Уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар