Пресс-релиз

Өкмөт жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" демилгесинин программасынын жыйынтыктарын карап чыкты.

18 июль 2023

Өкмөт жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" демилгесинин программасынын жыйынтыктарын карап чыкты.

БИШКЕК, 2023-жылдын 18 июлу – 17 июлда Европадагы Биримдиги (ЕБ) - БУУнун "Теңдик нуру" демилгесинин Улуттук жетектөөчү комитетинин (УЖК) отуруму болуп өттү, анда Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жабыр тарткандарды коргоого багытталган үч жылдык өлкөлүк программанын алкагында бүгүнкү күнгө карата жетишилген жыйынтыктар каралып, үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралар макулдашылды. 

УЖК, анын теңтөрагалары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Туруктуу координатору (БУУ ТК) Антье Граве, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Элчиси, программаны ишке ашыруучу БУУ агенттиктеринин жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылы Программа аяктаган учурга чейин ар кандай деңгээлде жетишилген прогрессти кантип сактап калуу керектигин талкуулашты.

Европа биримдиги (ЕБ) жана БУУ тарабынан каржыланган Программа гендердик зомбулукту (ГЗ) натыйжалуу алдын алуу үчүн укуктук жана саясий базаны бекемдөө жана зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана колдоо механизмдерин институтташтыруу максатында улуттук жана субулуттук деңгээлдерде ишке ашырылууда. Программа 2020-жылы ишке киргизгенден кийин 2030-жылга чейин гендердик теңчиликтин Улуттук стратегиясын жана 2022-2024-жылдарга карата Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууну колдоду, зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен кыздардын укуктарын коргоону бекемдеди, зомбулуктун курмандыктары үчүн акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетти, анын ичинде акысыз юридикалык жардамдын ишеним телефонун (114) ачуу жолу менен, ошону менен эле Бишкекте жана Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 12 өзүнчө муниципалдык түзүлүштөрүндө кризистик борборлорду ачууга колдоо көрсөттү.

Өкмөткө жана башка мамлекеттик институттарга, анын ичинде Жогорку Кеңешке жана коопсуздук органдарына, БУУ агенттиктерине, ЕБге жана жарандык коом өнөктөштөрүнө тийиштүү лидерлиги жана салымы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун Туруктуу координатору жабыр тарткандарга жана адам укутарына багытталган мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи жана жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын туруктуу көңүл буруусуна үмүтүн билдирди: "Гендердик зомбулукту ийгиликтүү алдын алуу жана аялдар менен кыздарды бул жамандыктын зыяндуу таасиринен коргоо узак мөөнөттүү саясий жана финансылык инвестицияларды жана коомдун бардык сегменттерин камтыган институттардын бардык кызыкдар тараптарынын биргелешкен аракетин талап кылат. ЕБ Элчиси, урматтуу Мэрилин Йозефсон айым, «Европа биримдиги катары биз «Теңдик нуру» программалык демилгеси Кыргызстанда бардык алты тематикалык багытта прогресске жетишкенине жана анын колдоосу менен өкмөт өткөн жылдын октябрь айында 2030-жылга чейин эсептелген гендердик теңчиликтин жаңы стратегиясын кабыл алганына кубанычтабыз. Мен Кыргызстандын өкмөтүн, БУУ боюнча өнөктөштөрүбүздү жана аткаруучу жарандык коом уюмун гендердик зомбулукка каршы аракеттенүүнү тездетүү жана анын алдын алуу боюнча жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча баалуу аракеттери үчүн куттуктагым келет. ЕБтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Теңдик нуру» өнөктөштөр, Кыргыз Өкмөтү, БУУ жана жарандык коом уюмдары менен кызматташууга, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы туруу жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти мындан ары кеңейтүүнү камсыздоо үчүн жаңы демилгелер боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга даярбыз», деп белгиледи.

ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" глобалдык демилгеси жөнүндө Жалпы маалыматтар: гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ЦУР) жетүү үчүн адамдын негизги укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, ошондой эле бул жагынан гендердик зомбулуктун (ГЗ) терс таасирин эске алуу менен ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" глобалдык демилгеси ГЗнын түпкү себептерин четтетүүдө жана ГЗны жоюу жана бул адам укуктарынын бузулушунан жабыр тарткан адамдарды колдоо боюнча саясатты жана стратегияны иштеп чыгууда өлкөлөрдү колдоо үчүн ишке киргизилди.

Кыргызстан аялдар менен кыздарга, өзгөчө аялуу катмарга, анын ичинде зомбулуктун курмандыктарына же зомбулукка дуушар болгон аялдар менен кыздарга, жаш балдарды мажбурлап никеге тургузуу жана "ала-качуу" сыяктуу зыяндуу тажрыйбаларына басым жасоо менен "Теңдик нуру"демилгесин ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн бири катары тандалып алынган. Ал ГЗны жок кылууга жана зомбулуктун курмандыктарын саясий, укуктук, стратегиялык жана оперативдүү деңгээлде коргоого багытталган күч-аракеттерди бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтөт.

Үч жылдык Программа ЕБнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда (6,71 млн. АКШ доллары) жана БУУнун агенттиктери (1,1 млн. АКШ доллары) БУУнун беш агенттигинин, атап айтканда, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУѲП) , “БУУ-аялдар” Түзүмүнүн, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ), БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча фондунун (ЮНФПА) жана БУУнун баңгичилик жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКББ) түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат. 40ка жакын жарандык коом уюмдары Программаны ишке ашырууда өкмөт жана БУУ менен кызматташкан.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар