«Ынтымак жумалыгынын» ачылышында БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын кириш сөзү.
Тынчтыкты куруу фонду тарабынан уюштурулган «Ынтымак жумалыгынын» ачылышында БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын кириш сөз
Урматтуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мырза,
Урматтуу Өкмөттүн жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү,
Урматтуу жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана тынчтыкты орнотуучулардын өкүлдөрү,
Урматтуу БУУдагы кесиптештер.
Эл аралык тынчтык күнүнө карата тынчтык орнотуучу энтузиасттар тобу тарабынан Кыргызстанда уюштурулган «Ынтымак жумалыгынын» салтанаттуу башталышын сиздер менен бирге белгилөө мен үчүн сыймык. Дүйнөлүк лидерлер Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-отурумунда "ишенимди калыбына келтирүү жана глобалдык тилектештикти жандандыруу"деген ураан менен жолугушуп жаткан учурда, тынчтыктын, кызматташтыктын жана биримдиктин баалуулуктарын эсибизге салууну көздөп, бул жерде чогулгандардын бардыгына чын дилимден салам жолдойм.
Кыргызстанда гана эмес, регионалдык жана глобалдык масштабда тынчтыкты бекемдөө жана колдоо үчүн талыкпай эмгектенип жаткан көптөгөн кадыр-барктуу адамдардын жана уюмдардын чөйрөсүндө болгонубуз биз үчүн сыймык. Сиздердин тынчтыкты көздөгөнүңүздөр жана ага болгон умтулууларыңыздар баарыбызды шыктандырат.
Биз бир жума бою ар кандай секторлордогу көптөгөн өнөктөштөр тарабынан жасалган тынчтыкты куруу үчүн жасалган аракеттери тууралуу шыктандыруучу окуяларды чыдамсыздык менен күтөбүз. «Ынтымак жумалыгы» — бул мамлекеттик өнөктөштөр болобу, жарандык коом уюмдары болобу, өнүктүрүү боюнча агенттиктер болобу же айрым жарандар болобу, аларды мындан ары байытуу жана келечекте колдонуу үчүн эң ылайыктуу ыкмалар менен тааныша ала турган форум.
«Ынтымак жумалыгы» ар кандай тектеги, көз караштагы жана тажрыйбадагы адамдарга тынчтык куруу аракеттеринде эмнелер натыйжа берген жана натыйжа бербеген нерселерден алынган сабактар тууралуу биргелешип жана сын көз караш менен ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тажрыйба алмашуу кызматташтыкты жана синергияны бекемдей турган маданиятка айланып, бул жаатта көптөгөн кызыкдар тараптардын биргелешкен таасирин күчөтөт деп үмүттөнөбүз. Бул өлкөнүн жаштары үчүн шыктандыруунун булагы катары кызмат кылат деп үмүттөнөбүз.
«Ынтымак жумалыгы» — гармониялуу коомду куруудагы диалогдун, түшүнүүнүн жана боорукердиктин маанилүүлүгүн эстеген учур. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан айтылган достук бул иште олуттуу роль ойнойт.
Бул контекстте, биз тынчтык куруудагы олуттуу жетишкендиктерди белгилөө үчүн бул жерге чогулганбыз, бирок бул өлкөдө да, кеңири масштабда да тынчтыкты курууда тоскоол болгон олуттуу маселелерди талкуулоо үчүн ылайыктуу учур жана аянтча. «Ынтымак жумалыгы» жарандык мейкиндиктин тарышы, баалуулуктарга жана окшоштуктарга негизделген талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер болобу, же аймактык жана глобалдык чыр-чатактардын, биринчи кезекте Украинадагы согуштун бул өлкөгө басып кирүүсүнүн кесепетинен келип чыккан зыяндуу кесепеттери болобу, биз туш болгон көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берет.
Бириккен Улуттар Уюмунда биз тынчтык бул жөн гана зордук — зомбулуктун жоктугу эмес экенин билебиз.Тынчтык -бул коомду көтөрүүгө жана адамдардын жашоосун жакшыртууга жөндөмдүү, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттин туруктуу катышуусун талап кылган динамикалык жана кайра түзүүчү күч.
Бул аянтча мага ушул жылдын июль айында БУУнун Башкы катчысы тарабынан башталган Тынчтыктын жаңы Күн тартиби тууралуу кыскача маалымат берүүгө сонун мүмкүнчүлүк берет. Баарыңыздарды ушул Күн тартиби менен таанышууга чакырам. Бул документтин өзөгүн чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтыкты куруу идеясы түзөт. Анда БУУга мүчө бардык мамлекеттер дүйнө үчүн болгон тобокелдиктердин күчөшүн алдын алуу боюнча стратегияларды аныктоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле ар кандай өнөктөштөр зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн кандай кадамдарды жасай аларын баса белгилейт. Ушуга байланыштуу "Ынтымак жумалыгында" сунуштала турган стратегиялардын көбү актуалдуу жана конкреттүү жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган даяр жооптор болоруна ишенем. Ушуга байланыштуу чыр-чатактардын алдын алуу жана өз ара ишенимди бекемдөө кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүдө башкы багыт болот деп ишенем.
Тынчтыкты куруу максаттарына жетүү жолунда Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандык коом менен өнөктөштүктө 2010-жылдан бери БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланган ондогон долбоорлорду ишке ашырды. Бул долбоорлор жоопкерчиликтүү башкаруу, аялдардын жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө сыяктуу ар кандай аспектилерди камтыйт жана бекем тынчтык жана туруктуулук үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
БУУ учурда жарандык иденттүүлүктүн «Кыргыз жараны» концепциясынын кеңири интерпретациясын баштапкы чекит катары колдонуп, коомдук биримдикти чыңдоого багытталган демилгелерди активдүү колдоого алууда. Бул аракеттерге мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү кирет, бул аракеттер учурда кыргыз-өзбек чек ара аймактарына багытталган. Жакынкы арада кыргыз-тажик чек арасында ушундай иш-чараларга колдоо көрсөтө алабыз деп ишенем.
БУУнун Кыргызстандагы тынчтык орнотуу иш-чараларында аялдар негизги ролду ойношот. БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган программалар аялдардын жана кыздардын катышуусун активдүү кубаттайт, мисалы зордук-зомбулук экстремизмдин алдын алууда. Аялдар өзгөрүүлөрдүн катализатору болуп, алардын катышуусу аркылуу жергиликтүү шайлоолор ар тараптуу жана адилеттүү болуп баратат. Тынчтык куруу фондунун Баткен облусуна багытталган акыркы инвестициясы аялдар жетектеген жарандык коом уюмдарынын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган, бул алардын региондогу климатка байланыштуу коопсуздук тобокелдиктерин азайтууга өз салымын кошууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Өзбекстан менен чек ара программасы жаратылыш ресурстарын башкарууга аялдарды жана жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, Ынтымак жумалыгы Кыргызстанда тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маалымат, пикир алмашуу жана өнүгүүнүн маанилүү маселелерин талкуулоо, өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана натыйжалуу чечимдерди табуу үчүн кызыктуу, мазмундуу жана конструктивдүү аянтча катары кызмат кылат деп ишенем.
"Ынтымак жумалыгынын" бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына ушул жуманын ичинде да, Кыргызстандын тынчтыгына жана өнүгүүсүнө арналган келечектеги демилгелерде да жемиштүү жана ийгиликтүү аракеттерди каалайм.
Чон рахмат!