Пресс-релиз

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасындагы 2024–2030-жылдарга ден соолук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планын (NAPHS) сунуштады.

01 ноябрь 2023

Бишкек, КЫРГЫЗСТАН – Бүгүн, 2023-жылдын 1-ноябрында, КР Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү менен биргеликте 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планынын бет ачарын жасады.

Бул план 2023-жылдын июль айында Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (ЭМСЭ) алкагында негизги мүмкүнчүлүктөргө биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлгөндөн кийин улуттук жана эл аралык эксперттер, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Бул план ден соолуктун коопсуздугу жаатындагы максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жана ресурстарды, ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-чараларды сүрөттөгөн так жол картасы түрүндө болот.

Деталдардын бул деңгээли биздин мамилебиз стратегиялык гана эмес, практикалык да болушуна кепилдик берет жана өлкөдөгү мүмкүн болгон ден соолук кризисин башкарууга эң жогорку даярдыкты камсыздайт, ошондой эле донорлорду координациялоо жана ресурстарды мобилизациялоо үчүн аянтча катары кызмат кылат.

«Биз Кыргыз Республикасы үчүн сак-саламат жана коопсуз келечекке карай жолубуздун орчундуу баскычында турабыз. Бул жамааттык эмгек жана өнөктөштүк биргелешкен аракеттер саламаттык сактоо жаатындагы маанилүү жетишкендиктерге кандайча алып келе тургандыгынын мисалы болуп саналат. Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз жана биздин кызматташуубуз бардык жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун чыңдоого көмөктөшүүсүн улантат деп ишенебиз”,-деп КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско бул пландын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Бул план кызматташтыкты, ачык-айкындуулукту жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын келечегине айкын көз карашты чагылдырган биргелешкен чоң аракет. Бул биздин Кыргызстандын жарандарынын бакубаттуулугун камсыздоого жана бардыгы үчүн туруктуу саламаттык сактоо системасын камсыз кылууга берилгендигибиздин далили».

Суроолор боюнча төмөнкү адистерге кайрылыңыз:

Алмаз Жумалиев

ДССУнун Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери

Телефон: +996 550 701 712

Эл. почта: zhumalieva@who.int

 

Жылдыз Айгерчинова

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз-катчысы

Телефон: +996 556 303 086

Эл. почта: pressa.mz@gmail.com

***

РЕДАКТОРЛОР ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ:

Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы:

2019–2030-жылдарга карата Калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын, катышуучу мамлекеттин 2022-жылга карата өзүн-өзү баалоо боюнча жылдык отчетунун (SPAR), 2023-жылга биргелешкен тышкы баалоонун (JEE) жана 2022-жылы стратегиялык тобокелдиктерди баалоо куралынын (STAR) негизинде иштелип чыккан.

 

Планды ишке ашыруу жакынкы 7 жылга белгиленген: 2024-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасындагы 2024–2030-жылдарга ден соолук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планын (NAPHS)  сунуштады.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар