ДССУнун Европа регионалдык бюросунун регионалдык директору, доктор Hans Henri P. Kluge Ак-Ордо жаңы конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барды.
17 ноябрь 2023
Бишкек, КЫРГЫЗСТАН – «Мен Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин тырышчаактыгы жана аракетчилдиги мени абдан таң калтырды, алар адамдарга жардам берип, кам көрүп, эмдөө аркылуу балдар менен чоңдорду ар кандай оорулардан коргоп жатышат. Бүгүн Бишкектин тургундары эмдөөдөн өтүп жатканын көрүп абдан кубандым. Эмдөө көптөгөн жугуштуу оорулардан коргонуунун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү жолу экенин эстен чыгарбоо керек», - деп белгиледи өз сөзүндө ДССУнун Европа регионалдык бюросунун аймактык директору, доктор Hans Henri P. Kluge КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско менен биргелешкен көчмө иш сапарынын жүрүшүндө.
Өз кезегинде Ак-Ордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери конокторго күнүмдүк иштери, ошондой эле кызамыкка каршы эмдөө боюнча иш-чаралар тууралуу айтып беришти.
Коноктор ата-энелер жана балдар менен баарлашып, жалпысынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу, тактап айтканда, эмдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашты. Сапардын жүрүшүндө Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова ДССУ менен кызматташуу тууралуу жана 2023-жылдын сентябрынан тарта бир катар аймактарда кызамык оорусуна жооп катары демилгеленген эмдөө өнөктүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири айтып берди.
«Кыргыз Республикасынын улуттук эмдөө программасынын маанилүү кадамы Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда эмделбеген балдардын жана шаардык мигранттардын эмдөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан колдоого алынган мыйзамдарга талдоо жүргүзүү ички мигранттардын балдарына улуттук календарга ылайык эмдөөлөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу менен жашаган жери боюнча эмдөөгө уруксат берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келди», - деди Бүбүжан Арыкбаева, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Сапардын аягында коноктор медицина кызматкерлерине чексиз берилгендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
БЕЙШЕМБИ, 2023-жылдын 16-НОЯБРЫ
Суроолор боюнча төмөнкү адистерге кайрылыңыз:
Алмаз Жумалиев
ДССУнун Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери
Телефон: +996 550 701 712
Эл. почта: zhumalieva@who.int
Жылдыз Айгерчинова
КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз-катчысы
Телефон: +996 556 303 086
Эл. почта: pressa.mz@gmail.com