Пресс-релиз

Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды.

24 ноябрь 2023

Бишкек, 2023-жылдын 24-ноябры – Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” глобалдык кампаниясы башталды. Кампания 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктайт.

Акциянын максаты – бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, массалык маалымат каражаттарынын жана илимий чөйрөнүн күч-аракеттерин бириктирүү, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу жаатында биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү.

Ачылыш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коомдогу өзгөрүүлөргө токтолду: «Мурда зордук-зомбулук кылмыш жана табу катары эмес, көнүмүш көрүнүш болуп келгени – ушул кампаниянын туруктуулугу жана ырааттуулугу менен өзгөрдү. Гендердик зомбулукка каршы кампаниясы 16 күн менен чектелбестен, жыл бою биздин приоритетибиз болуп кала берет."

Кампаниянын темасы жыл сайын өзгөрүп, 2023-жылы: «Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү» деп аталган. Бул тема бардык деңгээлдеги гендердик зомбулукту жоюу үчүн бүтүндөй коомдун алдын алуу иш-чараларына салым кошуусу үчүн тез арада мобилизациялоо зарылдыгын баса белгилейт.

Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору: «Аялдарга карата зомбулук адам укуктарынын коркунучтуу бузулушу, коомдук саламаттыкты сактоо кризиси жана аялдардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана алар жашаган коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Тилекке каршы, бул туруктуу, кеңири жайылган көрүнүш жана ал барган сайын начарлап баратат,” - деп баса белгиледи: “Аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча 16 күндүк кампаниясы бир күндүк иш-чара эмес, ар бирибизден, ошондой эле өкмөттөн жана бүтүндөй коомдон узак күтүүнү, дил менен берилүүнү талап кылган процесс”.

Кыргызстанда 16 күндүк кампания аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча мамлекеттин улуттук жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык бардык секторлордун – мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун колдоосу менен инклюзивдүү мамиле көрүнүү жана бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүүнү талап кылат.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йозефсон кызматташуу принциптерин баса белгиледи: “Аялдардын коопсуздугу жана укуктарын кеңейтүү - Евробиримдиктин тышкы кызматташтыктын өзөгүн түзөт. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Теңдик нуру” демилгеси өлкөдө Гендердик теңчиликтин улуттук стратегиясын кабыл алууга салым кошкон жана 39 000ден ашык аялдар менен эркектерге гендердик зомбулуктан түздөн-түз жардам жана коргоо алууга көмөктөшкөн. Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-чараларды колдоого жана каржылоого умтулат”.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана коомчулукту бул кампанияга салым кошууга чакырып, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууда Кыргызстандын коомчулугунан көп күч-аракетти жана колдоону талап кылат деп белгилей кетти.

Кампаниянын алкагында жыл аягына чейин республика боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, кампаниянын жабылышы Ош шаарында өтөт. Ар бир адам гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана адвокация аркылуу бул кампаниянын өнөктөшү боло алат. Өлкөдө бардык деңгээлдеги жана бардык тармактардагы зордук-зомбулукту токтотуу үчүн ар бирибиздин иш-аракеттерибиз чоң мааниге ээ.

16 күндүк кампаниянын улуттук бет ачары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы жана БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулууда.

Толугураак маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн коммуникация боюнча адиси Гүлайым Шигайбаевага gulaiym.shigaibaeva@unwomen.org  электрондук почтасы же +996 552 201 234 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар