Пресс-релиз

ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАН АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИН БИЛДИРДИ

14 декабрь 2023

БИШКЕК, КЫРГЫЗСТАН, 11 – декабрь -Женевада өткөн «Адам укуктары 75» жогорку деңгээлдеги иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү катары адам укуктарын колдоо жана коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө убада берди. БУУнун Жогорку Комиссарынын кеңсеси тарабынан демилгеленген бир жылдык өнөктүктүн алкагында дүйнө жүзү боюнча мүчө мамлекеттер бүгүн адам укуктарын көбүрөөк пайдалануу үчүн конкреттүү ишке ашыруу боюнча өз милдеттенмелерин билдиришти.

Кыргызстан төмөнкүлөргө милдеттенди:

*Билим алуу укугу боюнча - балдардын, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын сапаттуу, көп тилдүү, инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле билим берүү тармагындагы инфраструктураны жана шарттарды жакшыртууга.

*Аялдардын укуктары боюнча-сексуалдык зомбулукка байланыштуу кылмыштардын ар кандай түрлөрүнүн түшүнүктөрүнүн жана аныктамаларынын БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциясына (КЛДДЖ) ылайык келишин камсыз кылууга жана аялдарга карата зомбулуктун бардык формаларын, анын ичинде мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө.

* Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары боюнча - “Жеткиликтүү өлкө” программасын кабыл алууга, ага ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо программаларын, психикалык жана психосоциалдык жактан жабыркаган адамдарды колдоонун альтернативдүү ыкмаларын иштеп чыгууга, ошондой эле аларга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгууга; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле коомдук имараттарга жана транспортко кирүүнү камсыз кылууга, саясий, социалдык жана маданий турмушта алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө.

* Коррупция менен күрөшүү боюнча – мамлекеттик кызматкерлердин, соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин потенциалын күчөтүүгө, коррупцияга күнөөлүүлөрдү, анын ичинде шайлоо өткөрүү процессиндеги коррупция үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча иштерди активдештирүүгө.

* Балдардын укуктары боюнча-үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча планды кабыл алууга, балдарга карата дене тарбиялык жазага мыйзамдык тыюу салууга, ата-эне болуу жана балдарды зомбулуксуз тарбиялоо боюнча чараларды ишке ашырууга, БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын принциптерин жайылтууга жана түшүнүү үчүн үзгүлтүксүз билим берүү иш-чараларын жүргүзүүгө, балдарды сексуалдык зомбулукка жана сексуалдык эксплуатациялоого байланышкан кылмыштар үчүн жазаны күчөтүүгө, мигрант балдарды колдоого.

Жогорку деңгээлдеги "Адам укуктары 75" иш-чарасынан түз эфир БУУнун - UN Web TV телеканалында жеткиликтүү (орус тилине котормосу да бар).

Бул жылы дүйнө жүзү боюнча коомчулуктарда, өлкөлөрдө жана региондордо иш-чаралар өткөрүлүп, 2023-жылдын 11-12 декабрында Женевада өткөн жогорку деңгээлдеги иш-чаранын башталышы болуп калды.

Бул эки күндүн ичинде биз бардык диалогдордун, тематикалык консультациялардын, кызыкдар тараптардын сунуштарынын кульминациясына, ошондой эле биздин милдеттенме дарагыбыздын төрөлүшүнө жана өсүшүнө күбө болдук. “Адам укуктары 75” жогорку деңгээлдеги иш-чара БУУнун Адам укуктары боюнча бюросу тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмөтү менен биргеликте өткөрүлдү. Катышуучуларга мүчө мамлекеттер, жарандык коом уюмдары, шаардык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоочулар, парламенттердин, Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, эксперттер, жаштар жана искусство ишмерлери кирет.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар