Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагына, психикалык саламаттык сактоого жана санариптик саламаттык сактоого көңүл бурулду

05 март 2024

ЖУМА, 2024-жылдын 1-марты

Бишкек, КЫРГЫЗСТАН – 29-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык бюросунун Өлкөлүк саламаттык сактоо стратегиялары жана системалары бөлүмүнүн директору Natasha Azzopardi-Muscat жетектеген делегациясы бир нече саламаттык сактоо уюмдарына баруу жана саламаттык сактоонун кадрдык ресурстары, психикалык ден соолук жана санариптик саламаттык сактоо маселелери боюнча негизги өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүү максатында Кыргызстанга келди. 

Күндүн программасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна баруу менен башталды. Борбор кант диабетинде жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкерлердин көндүмдөрүн жогорулатууга, ошондой эле туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жаңы медайымдык программаны пилоттук түрдө ишке ашырууда.

«Бейтаптарды өз алдынча дарылоо процессине тартуунун пайдасы далилденген. Качан бейтаптарга мониторинг жана дарылоого катышууга уруксат берилгенде, алардын абалы үчүн жоопкерчиликтүү болуп, ден соолугунун жакшы натыйжаларына алып келет", - деди доктор Azzopardi-Muscat. "Бул келечектин туруктуу саламаттыкты сактоо тутумдары үчүн өткөн жылдагы жогорку деңгээлдеги ‘Ишеним жана трансформация’ конференциясында негизги билдирүүлөрдүн бири."

Делегация ошондой эле Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары доктор Медербек Исмаилов жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары доктор Айжамал Шамбетова менен жолугушуп, 2023-жылдын ноябрында кол коюлган ДCСУнун жаңы өлкө боюнча кызматташуу стратегиясын Кыргызстанда ишке ашырууну талкуулашты. Талкууда ден соолук үчүн адам ресурстары - сактоо, ишке тартуу, башкаруу жана окутуу - психикалык ден соолук, ошондой эле саламаттыкты сактоону каржылоо жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн эң эффективдүү ыкмасы катары баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо маселелери талкууланды.

Делегациянын Санариптештирүү министринин орун басары доктор Бакыт Жангазиев жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Чыңгыз Бексултанов менен жолугушуусунун негизги темасы Кыргызстандагы санариптик саламаттык сактоо, «Санарип МЕД» санариптештирүү программасы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун санариптештирүү боюнча флагмандык демилгеси болду. Жолугушууда технологиянын саламаттык сактоодогу ролу баса белгиленди жана санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү изилденди.

«Санарип MED» программасы медициналык кызматтарда санариптик чечимдерди ишке ашырууну колдогон келечектүү инновация болуп саналат. Туура мамиле менен санариптештирүү үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана үй-бүлөлүк медайымдарга маалыматтарды башкаруу жана отчеттуулук менен байланышкан жүгүн олуттуу түрдө азайтышы керек, ошол эле учурда медициналык жардамдын сапатын жакшыртат», - деп баса белгиледи  өз сөзүндө доктор Ливиу Ведраско.

Иш сапар ДССУнун делегациясынын  БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Ms. Antje Grawe менен болгон жолугушуусу менен аяктады. ДССУ менен БУУнун коомдук саламаттык сактоонун жалпы көйгөйлөрүн, анын ичинде санариптик саламаттык сактоо жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен аракеттери талкуунун чордону болду.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан менен биргеликте «Борбор Азияда ден соолукту жана бакубатчылыкты камсыз кылуу боюнча Жол картасына» ылайык ден соолук жана бакубат жашоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантуу үчүн иш жүргүзүүдө.

«Жол картасы» өлкөлөргө таасир эткен кайчылаш маселелерге биргелешип жооп берүүгө жана саламаттык сактоо системаларында трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга мүмкүндүк берүүчү күчтүү саламаттык сактоо куралы катары кызмат кылат», - деди Д-р Azzopardi Muscat.

Бул иш сапар бардыгы үчүн жеткиликтүү, адилеттүү жана жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү илгерилетүүдө Кыргызстандын, ДССУнун жана БУУ системасынын биргелешкен аракеттеринин күбөсү болуп саналат.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар