Пресс-релиз

Кыргызстан гендердик сезимтал көрсөткүчтөрдү улуттук стратегияларга жана пландарга кошуусун улантууда

08 март 2024

Кыргызстанда гендердик статистиканы өндүрүүнү, талдоону жана жайылтууну жакшыртуу үчүн стратегиялык пландоо боюнча семинар.

5-марттан 7-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн “БУУнун-аялдар” Түзүмүнүн Регионалдык кеңсеси менен бирге Кыргызстанда гендердик статистиканы өндүрүүнү, талдоону жана жайылтууну жакшыртуу үчүн стратегиялык пландоо боюнча семинар өткөрдү. Семинарга гендердик статистиканы жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамына кирген бейөкмөт секторунун жана мамлекеттик органдарынын 30дан ашык өкүлү катышты. 

Азыркы учурда Кыргызстандын статистикасынын улуттук системасы БУУнун Гендердик көрсөткүчтөрүнүн минималдуу топтомуна кирген 51 индикатордун ичинен 38ин ишке ашырат. 2021-жылы КР УСК  “БУУнун-аялдар” Түзүмүнүн жана XXI кылымда өнүгүү максатында статистика чөйрөсүндөгү өнөктөштүктүн (ПАРИС21) колдоосу менен улуттук статистика системасынын гендердик баалоосун өткөргөн. Баалоонун жыйынтыктары 2022-2026-жылдар мезгилинде КР расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөнөттү программасын иштеп чыгууда колдонулган. 2022-жылы сентябрда Кыргызстандын Министрлер кабинети узак мөөнөттү 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегиясын жана 2022-2024-жылдарга иш-аракеттердин улуттук планын  бекиткен, мында  улуттук гендердик статистиканы стандартташтыруу жана көрсөткүчтөрдү эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүү боюнча конкреттүү иш-чаралар каралган (13-максат). Бул стратегиялык документтер Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча отчеттуулукту жакшыртуу үчүн гендердик сезимтал статистикалык системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн аныкташты. 

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Сот статистикасын талдоо секторунун референти Марат Калчабаев: “Кыргызстан гендердик статистиканы өркүндөтүү максатында бардык мамлекеттик органдар үчүн багыт катары кызмат кыла турган эл аралык сунуштамаларга ылайык гендердик статистика чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарга муктаж” деп белгиледи. 

Үч күндүк семинар гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү прогресске мониторинг жүргүзүү үчүн келечектеги Улуттук жол картасынын жана Улуттук гендердик көрсөткүчтөрдүн комплекстүү системасынын негизги элементтери – гендердик маалыматтарды өндүрүүнү, жайылтууну жана пайдаланууну жакшыртуу боюнча көз караштарды, стратегиялык артыкчылыктарды, максаттарды жана милдеттерди аныктоого багытталган. Семинардын жүрүшүндө дизайн ой жүгүртүү куралдарын колдонуу эмпатияны өркүндөтүү жана гендердик маалыматтарды өндүрүү жана колдонуу процесстерин жакшыртуу үчүн биргелешкен чечимдерди табуу аркылуу маалымат өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын ортосунда конструктивдүү диалогду түзүүгө өбөлгө түздү.

Семинар КР УСК менен гендердик статистика боюнча маалымат өндүрүүчүлөрдүн жана колдонуучулардын ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү негизги стратегиялык документтерди иштеп чыгуу үчүн гендердик маалыматтардын маанилүүлүгүн түшүнүүнү жакшыртты. 

“БУУнун-аялдар” Эл аралык консультанты, Италия Улуттук статистика уюмунун Стратегиялык пландоо департаментинин башчысы Сара Демофонти өзүнүн сөзүндө: «Гендердик статистика чөйрөсүндөгү стратегиялык пландоо – бул чечим кабыл алып жаткан жактарды маалымдоо максатында маалыматты натыйжалуу өндүрүүнүн, жайылтуунун, колдонуунун жана маалыматтарга негизделген саясаттын жардамы менен гендердик теңсиздикти жоюуга ачкыч болуп саналат» - деп белгилеп кетти.   

Бул иш-чара Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө “Ар бир аял жана кыз маанилүү” гендердик статистиканы жакшыртуу боюнча “БУУ-аялдар” Түзүмүнүн регионалдык программасынын колдооосу менен уюштурулду.   

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар