Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен USAID Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу үчүн кызматташууда

06 июнь 2024

Бишкек, Кыргызстан - АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен биргелешкен күч-аракеттин алкагында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте "Манас" эл аралык аэропортунда комплекстүү симуляциялык машыгуу (SimEx) өткөрдү. Бул демилге жугуштуу оорулар менен шартталган коомдук саламаттыкты сактоодогу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн өлкөнүн даярдыгын баалоого жана жакшыртууга багытталган.

USAIDдин "Саламаттыкты сактоо коопсуздугунун глобалдык программасы" (СКГП) тарабынан каржыланган бул симуляциялык машыгуу инфекциялык ооруларды алып келүү боюнча шектүү учурларга жооп берүүдө учурдагы оперативдик протоколдордун натыйжалуулугун баалоо үчүн иштелип чыккан. Төрт этапка бөлүнгөн машыгуу, учакка отурууга чейинки учурдан баштап, жүргүнчүлөргө жана бейтаптарга жардам көрсөтүүгө чейинки ар кандай сценарийлерди имитациялады.

Кыргызстандагы ДССУнун өкүлү д-р Ливиу Ведраско мындай иш-чаралардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуудагы маанисин баса белгиледи. «Мындай симуляциялык машыгуулар биздин жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүбүздөгү боштуктарды аныктоодо жана жоюуда маанилүү роль ойнойт», - деди ал. «Катышуучуларга чыныгы өзгөчө кырдаал сценарийинде иштөө боюнча практикалык тажрыйба берүү менен, биз протоколдорду тактап, чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө даярдыгыбызды жогорулата алабыз».

«Практикалык машыгууларды өткөрүү, биринчиден, биздин оперативдик процедураларды сынап көрүүгө, экинчиден, реалдуу кырдаал түзүлгөнгө чейин аларды жакшыртууга, жана үчүнчүдөн, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жана келечектеги коркунучтарга даярдануу үчүн коомдук саламаттыкты сактоо потенциалын күчтөндүрүүгө жардам берет», - деди Абдыкадыр Жороев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору. 

Машыгууларга Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана башка мамлекеттик министрликтер менен ведомстволор жана башка көптөгөн уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышты. Алардын кызматташуусу саламаттыкты сактоо кызматтарынын натыйжалуулугун камсыз кылууда сектор аралык координациянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бул симуляциялык машыгуулар 2019-жылдан бери ДССУ тарабынан Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу жана жооп кайтаруу чараларын күчөтүү максатындагы демилгелер сериясынын бешинчи бөлүгү болуп саналат. Ал бардык кызыкдар тараптардын калктын саламаттыгын коргоого жана өлкөнүн келечектеги коркунучтарга туруктуулугун чыңдоого болгон берилгендигин тастыктайт.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

ЮСАИД
АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар